Мухаммадсаит ажынын чоң маарекеси

Ош шаарында жашап турган Сары-Кол калкында дагы бир сыймыктуу иш болду. Ош шаарынан Ажы сапарына аттанган Мухаммадсаит ажы, ажы сапарынан кайтып тынч аман өз эли журту, уул кызы менен чооң маареке берди. Бул маареке үчүн атайын Мургабтан алынып келинген кыргыз өргөөсү тигилип, топоз, койлор союлуп алыскы Мургабтагы жана Ош шаарындагы жердештерибиз келип Мухамедсаид ажыга зыярат кылып жатышты.

 

Muxammadsait ajy 5 Muxammadsait ajy 1

 

14 -15 октябрь күндөрү Ошко кызмат сапары менен учуп келип ушул жакшы кабарды угуп Рахманберди Ажынын уулу Нурбекбай менен Саид ажыга зыяратка шаштым, барсак анда Мургабтан келген уул кызы жана Ошто жашап жаткан Сары Кол элинин кадырман карыялары, кошо жүргөн теңтуш достору, тууган уруктары, куда-сооктору чогулган экен.

 

Muxammadsait ajy 2 Muxammadsait ajy 3 Muxammadsait ajy 4

 

Айта кете турган нерсе эркиндик заман келип Аллах Таалам Сары-Кол элине да улук даражалаларды насип кылып ажы сапарын, Аль Харам мечитинен намаз окуп Касиеттуу Ыйык Каабаны зыярат кылышып келип жатышат. Советтик мамлекет барында кыйындын кыйыны жол таап ажыга араң барат эле. Совет доорунда баргандардан менин аяш атам болгон ырахматы Молдо Мамраим ажы гана барып келген эле, андан кийин көп жылдан кийин 1994 жылы эгемендуулук заман болуп ырахматы Түркебай ажы барышка таттыктуу болгон эле. Кийинки жылдары басымдуу 2003 жылы Сары-Колдон 4 адам барган элек ырахматы Талип Ажы, Тагай ажы, Эргешбай ажы жана мен барган элек. Андан бери Аллага шүгүр жылына 5-10 дон ажы сапарына жөнөп кетип жатышат.


 


Бул жердеги ыйык нерсе ар бир Каабага барган ажы эли журттун тынчылыкта болушуна, эли журт бактыллуу жашашына, бай дөөлөтүү болушуна, ар кандай акыр заман жамандыктарынан алыс болушуна Аллах Таборака Тоалла жалынып дуба кылышат, иншаллах биоөөнүн добушун Аллах Таалам угуп жерибизге береке, элибизге бейкуттук алып келсе келечегибиз кең болуп уулу кыздарыбыз, небере чебирелер өнүп өсүп кең Сары-Кол элибиз бакыттын бешиги болоруна чын жүрөктөн ишенем. Эли журтум бар болсун дагы дагы колунда дөөлөтү бар жигиттерибиз, иншаллах кыздарыбыз ата эне бир туугандарын дагы Ажы сапарына жөнөтө беришсин.


Эгембердиев Абу Бакир
Душанбе - Сары-кол

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Комментарий

Турдубек

Воскресенье, 18 Октября 2015 05:42

Абдан жакшы маалымат. Ажынын балдарыга омур берсин.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены