"Кайтпастар"

"Кайтпастар"

Кырандан чыгып карасам

Кош көлдөр турат жанашкан

Кара-Көл ошол билип ал

Тоолору аппак халатчан

- деп биздин чоң авабыз Абылкасымов Эргеш ырдаган экен.

 

Ошонун сыңарындай акыркы жылдары Сарыколду көргөнү келген туристтердин саны көбөйүүдө. Ушундай кереметтүү жерибизди таштап, башка жактарга кетип жаткан жердештерибиз да бар. Бирөөсү ден соолуктун айынан, бирөөсү дагы башка бир себептер менен көчүп кеттилер. Кайда болсо аман жүрсөлөр болду.

 

Менин айтайын дегеним, кээбир жердештерибиз Сарыколчумун дегенден намыз кылып, уялып азыркы жашаган жерлеринде, интернеттин соц. тармактарында башка жерлердин аттарын айтып, жазып жүрүшөттөр байкуштар. Эми андай адамдарды түзөтүүнун айласы жок. Өздөрү эле түзөлбөсө.

 

Ушундай адамдарга карата менин бир сунушум бар эле. Илгертеден эле адам баласы кайсы бир элден бөлүнсө аны чыккынчы, ж.б сөздөр менен айтышкан.. Ошого мен жалпы Сарыкол элимден суранып кетер элем, ушул бизди чанып, өзүнүн туулуп өскөн жеринен намыс кылгандарды бир башка сөз менен атап, элге жаңыдан таанытып койсок аларга сабак болор беле.

 

Анда бизди чангандарды "Келдебестер" же "Кайтпастар" деп койсок ….

 

Урматым менен Акыл Жаныбаев

Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены