Көөнө-Коргон: Менталдык арифметикадан олимпиада (сүрөт)

Мургаб районунун Г Бердибаев атындагы жамааттында 30 декабрь күнү 3 чү "Шенмо" менталдык арифметикадан олимпиада болуп өттү. Ага 2 - баскычта окуган 40 окуучу катышты. Олимпиадага Мургаб районунун төрагасы М.Жоошбаев жана бардык жамааттардын төрагалары, мектеп директорлору жана башка райондун атка минерлери катышты.

 

Бир жылдан берки менталдык арифметикадан окуу өз жемишин берди. Олимпиада жогорку деңгээлде өтүлдү. Жыйынтыгында эң жогорку баллды 100 балдык баалоонун ичинен 100 баллды Патидин уулу Нурлан алды. Окуучулар алган балдарына жараша 6 окуучу биринчи орун, 6 окуучу экинчи орунду ал эми 10 окуучу үчүнчү орунга татыды. Ар бир катышкан окуучуларга баалуу белектер, сертификаттар берилди.

 

Катышуучулар, уюштуруучулар Эркинбаев Абдыкадырга, мектеп директору Болотов Темирбайга жана №5 жалпы орто билим берүү мекемесинин эмгек жамаатына алкыш айтыштылар.

 

 

Назиров Имамидин

Мургаб району Көөнө-Коргон айылы

www.sary-kol/ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены