Эмгек алдыңкылары (архив)

emgek-aldy-kylary-arkhiv-1983 2Сүрөттө “Ленин жолу” совхозунун директору Аблеч Шаиков.

Эл мүдөөсүн аткарып, алардын алкышына, урмат, сыйына татыктуу болуудан артык иш барбы? Эмгекке ак ниетүүлүк менен мамиле жасаган адамдарды көргөндө ыраазы болбой коё албайсың. Эмгегинен баар таап, халктын калың катмарына таанылган районубуздун ардактуу адамдарынын бири „Ленин-жолу“ совхозунун директору Аблеч Шаиков. Ал кайсы гана чарбаны жетектесе да, дайыма алдынкы катарга көтөргөндүгүн айтпасак да жалпыбызга белгилүү. Азыр да ал башкарган “Ленин жолу “совхозу районубуздагы алтыңкы чарбалардын катарында.

 

 

emgek-aldy-kylary-arkhiv-1983 3Cүрөттө “Ленин-жолу” совхозунун алдыңкы чабаны М.Бегматаев.

Жергебиздин жаратылышы шаңдуу да, каарду да анын адамдары да кайраттуу жана эмгекчил. Мында чабандык кесип эзелтен бери ардакталат. Памирдин ак кар баскан тоолорунда чыдамкайлык жана кайраттуулук менен мал баккан алдыңкы чабандардын бири М. Бегматаев. Ал өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен он биринчи беш жылдыктын өткөн жылдарында ар жүз тубар койдон пландагы 96 баш козунун ордуна 102 баштан төл алса, үстүбүздөгү жылы унутулгус аба ырайынын катаалдыгына карабастан ар жүз тубар койдон 100 баштан козу алды. Бул күндө өзүнө чектелген койлорун жайлоодо семиртүүдө. Мал багуунун бардык ыкмаларын колдонуу менен эмгектенип жапат.

 

 

emgek-aldy-kylary-arkhiv-1983 4Сүрөттө “Кызыл-чекарачы» совхозунун топозчусу Т.Абдылдаев.

Чарбада коомдук малдын башын өстүрүү жана анын продуктуулугун жогорулатууда башка малчылардай эле топозчу Т. Абдылдаевдин да үлүшү чоң. Ал бир топ жыл катары менен жакшы ийгиликтерди жаратууга жетишкен. Азыркы күндөрдө төлдөгөн жаш торпоктордун бир да башын чыгашага учуратпай, топоз төлдөтүүнү улантып жатат.

 

emgek-aldy-kylary-arkhiv-1983 5Сүрөттө С.Абдыкадырова “Мургаб” совхозунун алдыңкы саанчысы.



"МУРГАБ КОММУНИСТИ" 1983

X.Мурзахматовдун сүрөттөрү

 

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены