Дүңкөбай аксакалдын жашоо таржымалы

Бүгүн сиздерге Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунан Кара-Балтанын Алексеевка айылына көчүп келип жашап калган Эгемкулов Дүңкөбай (Махаматали) аксакал тууралуу айтып берүүнү чечтим. Дүңкөбай аксакал 93-жаштын босогосун аттаган кези. 1927-жылы Кара-Көл айылында төрөлгөн. 1945–жылы жетинчи классты бүтөрү менен өзү окуган Аличордун Ак-Жарында эки жыл мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1947-жылы үйлөнүп Хорог шаарына мал доктурлукка окууга барып аны жети айда окуп бүтүргөн.

 

Аксакал өзүнүн эскерүүсүндө минтет:

- Ал мезгилде сегиз айлык курста окуганмын, жети ай окуган себебим келинчегим ооруп калып досрочно бүтүргөм. Аз өтпөй аялым каза болду. Бойунда бар болчу, ошентип төрт никенин суусун урттагам. Акыркы аялым менен 63 жыл бактылуу жашоо кечирдим. Эмгек жолумда Аличордо, Баш-Гүмбөздө отуз жыл мал доктур болдум, андан кийин завмаг, кассир болуп пенсияга алтымыш жашымда чыктым. Ошентип «Ветеран труда» наамын да алдым. Бирок баалаган эчким болбоду. - Айтмакчы 1941-жылы төрт классташымды фронтко алып кетти, кайсы ай эле эсмде жок. Бир күн эле күндөгүдөй олтурсак военком кирди артынан НКВДнын адамы кошо кирип эле Мырзамамбетов Ысакты, Мураматов Жананбекти, Нишанбаев Көчкөндү, Жееналиев Көчөндү ордуларынан тургузуп кухнядан белдерине бирден темир кружканы байлап алып чыгып кетишти. Кайтып келгени Жананбек болду. Ата-энелерине жолукпастан кетти байкуштар - деп аксакал көзүнө жаш алды.

 

aksakaldyn-zhashoo-tarzhymaly 3 aksakaldyn-zhashoo-tarzhymaly 2

 

Шаимов Убайдылда Аманиллаевич

Мургаб : Кара-Балта

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены