Ардактуу инсандар: Мамараимов Нематулла

Ардактуу инсандар: Мамараимов Нематулла


Тажикстан Республикасынын ТБАО Мургаб районунун Кара-Көл жамаатындагы №10 Мамараимов Ибрагим атындагы орто мектепте өткөрүлгөн салтанатту аземдин ардактуу коногу, И. Мамараимовдун уулу Кыргыз Республикасынын «Ардактуу инсандар» коомдук бирикмесинин мүчөсү, «Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакал” орденинин ээси Мамараимов Нематулла жалпы Мургаб районунун элине жакшылыктарды каалайт:

 

“Албетте, биринчиден мен өзүмдүн жана үй бүлөмдүн, жалпы Мамараимовдордун туугандарынын атынан Тажикстан Өкмөтүнө, областык жана райондук өкмөттөрдүн жетекчилерине, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилерине, ошондой эле Кара-Көл жамаатынын жана жалпы Мургаб элине атабыздын атын мектепке коюп, сыймык менен алып жүргөндөрүнө, чоң маареке берип, майрамдап жүргөндөрүнө чоң ыраазылык айтуу менен, ийилип таазим кыламын. Ушул бүгүнкү салтанаттуу аземди уюштуруп, өткөрүп жаткан эл-журтка, мугалимдерге, Кара көлдүк туугандарга жана райондун акими Мурзабай Жоошбаев баштап келген жалпы меймандарга алкышыбызды айтабыз. Ыракмат, Сиздерге! Ылайым, сары колдун, Мургаб элижеринде, тынчылык өкүм сүрүп, берекелүү жашоо боло берсин!  Ушундай кең пейилдүү маанайыңыздар жаркып, элиңиздер аман болсун!”

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены