Сары-Кол тоолорунун койнундагы бир ууч кыргыз

Сары-Кол тоолорунун койнундагы бир ууч кыргыз

Тээ илгертеден эле кыргыз эли жашоо цивилизациясын терең өздөштүрүп тамак ашты сактоо, үнөмдөө, даярдоо боюнча мол тажрыйбага ээ болгон. Мисалы Сарыкол кыргыздары апрель май айынан баштап эл жайлоого көчүп барганга чейин алдын ала ошол жерлерге мергенчилер барышып кулжаларды атышып (аркарларды атышкан эмес, себеби бул айларда аркар төлдөгөн) эттерди муздуу күн тийбеген жерлерге таш бастырып көөмп корумдаган. Себеби элдер жайлоого көчүп барышканда майдын аягы июнь айларында күн ыссып, аркар кулжалар бийикке жогорулай мөңгүлүү чокуларга (ылаандап) чыгып кетишкен. Ылаандап бийик тоого чыгып кеткен кайберенди атуу өтө кыйын жана мергендерге абдан кооптуу болгон.

 

Мал жандык көккө тойуп семиргенге чейин эл ушул бекитилген эттерден ар түрдүү тамак аштарды жасашып, ундан жасалган тамактарга кошуп азыктанышкан. Ал эми өтө арык малдын (койдун ) этини көк жашык деп аташкан жана жешкен эмес. Көк жашык эт илээшкек жана жегенге жагымсыз болгон. Кайберен арык болсо да эти көк жашык болбойт адамга жагымдуу. Август айларында жаш козу семирет, ошол мезгилде козу бышты дешип жаш шырбаз семиз козуну сойуп жешкен .

 

Сарыкол (Чыгыш Памир) кыргыздары мал багуу, чарбачылык жагынан да чоң тажрыйбага ээ болушкан жана бүгүнкү күнгө чейин ошол тажрыйбаларды колдонуп келишет. Мисалы койду өз убагында сууга салуу (купка), өрлөгөндө кыркуу, кочкорду өз убагында бөлүү, топозду, эчкини өрлөгөндө тыбытын тоноо, туут учурунда тескери келгенди оңгоруу (гөлбөө). Кара баарда март, апрель айларында койду күн алыс сугаруу (алгоо). Бул мезгилде эки күн боз отко (тоого), бир күн шибер отко, жайытка жайуу ж.б.у.с.

 

Көптөгөн тажрыйбага ээ Сарыкол (Чыгыш Памир) кыргыздары астрономия илимин да мыкты өздөштүрүшкөн, аба ырайын боолголоп билишкен, мисалы буга үч токоол, ай токоол, күн токоол, сары жылдыз токоол, сыйпыр, ай арасы, таараза жана башкалар. Ушул илимдер бүгүнкү күнгө чейин Сарыколдо (Чыгыш Памир) сакталып турмушта колдонулуп келет.

 

Буга мисал Көөнө-Коргон айылынын тургуну Жумабай Маматалиев аксакал илгерки кыргыздын ай күн эсептөөлөрүн беш колундай билет жана ар күн сайын жаратылышка асманга сарасеп сала, күндөлүк дептерине жазып жүрөт.

 

Улуу Памир тоолорунун койнундагы бир ууч кыргыз эл бул улуу журттун басып өткөн тарыхы жана көөнөрбөс каада салттын сактоочусу жана табиат менен адамды бириктирип турган улуу цивилизация.!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены