Кыргыз өкмөтү ооган кыргыздардын уул-кыздарын алып келип окутууга байланышкан маселелерди чече элек. Буга чейин бийлик өкүлдөрү мамлекеттик экспедиция менен Памирге барган сайын билим алууга көмөктөшөбүз деп убада берип келген. Өткөн айда президент Алмазбек Атамбаев ооган кыргыздарын тарыхый мекенине жапырт көчүрүп келүүгө каршы экенин айткан, бирок балдарын окутууга жардам берилет деп ишендирген. Кыргызстандан атайын топ Памирге соңку жолу…