Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандагы кыргыздарды массалык түрдө көчүрүп келүү демилгесин колдобойт. Мындай пикирин ал 20-июнда Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда памирлик кыргыздарга байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди. «Мен өзүм айылданмын, силердин көпчүлүгүңөр дагы айылда өстүңөр. Өмүр бою айылда жашаган чоң аталарыбыз менен чоң апаларыбыз шаарга көнө алышпайт. Биз андан көрө памирлик кыргыздарга жардам беришибиз керек.…