
24-июнь 2017-ж. “Улуттук Биримдик Күнү” майрамынын алдында Мургаб районуна ТБАОнун төрагасы Шодихон Джамшед келип, Мургаб районубуздун жалпы саясий-экономикалык жана социалдык-маданий турмушу жана элдин жашоосу менен таанышып кетти.
ТБАО Өкмөтүнүн төрагасы бул расмий иш сапарында районубуздагы Улуттук Биримдик Күнүнө карата бүткөрүлгөн юбилейлик курулуш болгон “Юстиция Борборун” ачуудан мурун, таң эртеден бул салтанаттуу аземге келишкен райондун жашоочулары, айыл аксакалдары менен учурашып, андан кийин жаңы бүткөн курулушту ачты. “Юстиция Борборун” ачуу менен жаңыдан бүткөн ишкананын имаратын көрүп, бул ишкананын ээлери болгон райондук сот, нотариус жана ЗАГС бөлүмдөрүнө каалоолорун айтуу менен, дагы тиешелүү тапшырмаларды берди. Андан кийин жаңы имараттын чоң залында жаңыдын баш кошуп, үйлөнүшкөн жубайларга никелик күбөлөрүн тапшырып, аларга үй бүлөлүк бакыт, ден соолук каалоо менен алардын куш боолору бекем болуп, бактылуу үй бүлөлөрдөн болуусуна тилектештигин билдирди.
Андан кийин ТБАОнун төрагасы Шодихон Джамшед калайык-калк алдында сөз сүйлөп, Мургаб жашоочуларын, салтанаттуу аземдин катышуучуларын Улут ажосу өлкө Президенти Эмо- мали Рахмондун атынан, облустук Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан Улуттук Биримдик Күнү майрамы менен куттуктап, жаңы ачылып жаткан “Юстиция Борборунун” ачылуу майрамын мааректеди. Элибизге бактылуу келечек, ден соолук, турмуш-жашоолоруна байсалдуу жол каалады.
Андан ары өлкөдөгү Улуттук Биримдик Күнү майрамынын мааниси, биримдиктин бул жылдарында өлкөбүз Тажикстан үчүн, анын ичинде биздин тоолуу Мургаб районубуз үчүн да чоң маанилүү социалдык- экономикалык жана саясий-маданий окуяларга бай, жаңы жетишкендиктердин мезгили болгондугун баса белгиледи. Өлкөдөгү тынчтыктын жана биримдиктин түптөлүшүндө Улут ажосу улуу урматтуу Президент Эмомали Рахмондун тарыхта өчпөс эмгегин жана ролун баса белгилеп, азыркы күндө өлкөбүз, районубуз жана калкыбыз үчүн көрүп жаткан камкордугун жана болуп жаткан иштердин так далилдерин келтирди.
Маселен, ушул эле учурдагы “Юстиция Борборунун” ачылуусу менен катар, “Ак суу” ГЭСинин курулуш иштеринин, Мургаб жамаатынын эки этаж болуп курулуп жаткан жаңы имаратынын, үч этаж болуп түшүп жаткан жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоо ишканасынын жаңы кеңсесинин жана райондук өкмөтүнүн жаңы имаратын куруу долбоорун ж.б. көптөгөн иш чараларга токтолду. Мургаб районунун ар тараптуу өнүгүүсү ар дайым урматтуу Улут Ажосу өлкө Президенти Эмомали Рахмондун жана Тажикстан Республикасынын өкмөтүнүн көңүл борборунда экендигин, Тажикстан Республикасынын өкмөтү кабыл алган «Мургаб районунун 2016-2020-жылдарда социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Программасы боюнча №726 токтому ишке ашырылып жаткандыгын баса белгиледи. Сөзүнүн соңунда Улут Ажосу, урматтуу өлкө Президенти Эмомали Рахмондун: ХХI кылымда “Бадахшан- Тажикстандын алтын дарбазасы” болот деген сөзүн эскерип, бул учкул сөздүн калетсиз ишке ашып, далилденип баратканын дагы бир жолу эске салуу менен, өз сөзүн жыйынтыктап жалпы калкка жакшы каалоо-тилектерин билдирип, эли-жерибизге тынчылык, токчулук каалап сөзүн аяктады.
ТБАОнун төрагасы Шодихон Джамшеддин расмий иш сапары андан ары уланып, ушул эле күнү Г, Бердибаев атындагы жамааттын тургундары менен жолугушуусу аталган жамаатагы жаңыдан ачылган килем согуу цехинде улантылды. Анда облус жетекчиси цехтин иши менен, жалпы эле уздардын кол өнөрчүлүгү менен таанышып чыкты. Азыркы базар экономикасындагы жергиликтүү өндүрүштөрдүн мааниси, кошумча жумушчу орундардын уюштуруунун зарылдыгы, мамлекеттик өкмөттөр тарабынан колдоого алынган долбоорлор ж.б. маанилүү экономикалык маселелер боюнча ой бөлүштү. Андан кийин жаштардын демилгеси менен курулуп жаткан спорт залдын курулуш иши менен таанышты. “Жаштар жылындагы” жаштардын бул демилгелерине, бул демилгени колдооого алган жамааттын элине, жеке ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады.
Расмий иш сапарынын соңунда ТБАОнун төрагасы Шодихон Джамшед жүрүп жаткан “Ак суу-1” жана кийинки “Ак суу-2” ГЭСтеринин курулуш иштери менен кеңири таанышып, районду электр энергиясы менен камсыздоодо Улут ажосу улуу урматтуу Президент Эмомали Рахмондун жеке көзөмөлүндө турган бул курулуштарды сапаттуу бүткөрүү боюнча өз тапшырмаларын берди.
ТБАО Өкмөтүнүн төрагасынын бул расмий иш сапары көңүл көтөргөн жылуу маанайда аяктады.
Ниязбеков Г. С.
«САРЫКОЛ» пресс
www.sary-kol.ru