3-апрель. Мургаб. Бул күнү райондун борборундагы аянтча өзгөчө шаңдуу. Ыр-күү жаңырып, жаштардын бийлери менен коштолуп өткөрүлүп жаткан бул иш чара–аскерге чакырылган эр жигиттерди аскер бөлүктөрүнө узатуу аземи болду. Районубуздун жамаатарынан Мекенди коргоого биринчи тайпада он алты жигит жөнөп жатышты. Аскерге чакырылган эр жигиттердин да, аларды узатып келтишкен ата-энелердин да, дос-жарлардын да, айтор ушул иш чарага келишкендердин баарынын маанайлары жарык, көңүлдөрү…