Түркиянын Измир шаарында докторлук иши менен алектенип жаткан кыргызстандык Дастан Разак уулу Ван провинциясындагы Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздардын үйлөнүү тоюна күбө болду. Ал вандык кыргыздар — 27 жаштагы Вели менен 23 жаштагы Нурселдин үйлөнүү тоюнда байкаган өзгөчөлүктөр, айырмачылыктар тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди. Вандык кыргыздардын үйлөнүү тою Ван кыргыздарынын үйлөнүү үлпөт тоюндагы салттар боюнча буга чейин…