Кичи памирлик Парвийна Нарынга келгенден бери көп нерселерди үйрөнгөн. Мамлекеттик гимнди мыкты аткарган каарман менен аймактык кабарчы таанышты. Нурлан кызы Парвийна быйыл 9 жашка чыгат. Ал Кичи Памирде төрөлгөн. Нарынга келгенден бери кыргыз тилинде жазганды, окуганды өздөштүрүп жатат. Мектепке чейинки даярдык классынан өткөн Парвийна күзүндө мектеп босогосун аттайт. «Нарында окуган, жазган жана шаардын мектеби, паркы жакты. Бизде мындайлар…