|
Перизатым Суйкайып пери затым, асылкечим Көзүңдөн карагаттай каректериң Жадырап күлүмсүрөп ошол бойдон Сезимде жашап келет элестериң Кымчабел, кыргыймүчө, аккептерим Эргитип элжиретип көңүл черин Кундуздай кара чачың бир өзгчө Ажарың ачып турчу алда сенин Алоолоп алгачкы ирет махабатым Өзүңө оттой күйүп, өчпөй жандым Өзгөчөм сени сүйгөн тагдырыма Ааламга сыйбас, чексиз ыраазымын Азыр сен ойго сыйбас алыс жакта Жүрөмүн сени эңсеп сагынычта Түбөлүк кеттиң мага белек кылып Сезимге өчпөс сүйүү, суудай таза Жанга сүйкүм мүнөзүн Жан ээриткен жанга сүйкүм мүнөзүң Көңүл көксөп өзүңдү издеп жүрөмүн Жан дүйнөмө жылуу сезим тартуулап От жактыңго өчпөс кылып сүйгөнүм Көөнүң куунак күлүмсүрөй жайнадың Ак сүйүүмдүн ачсам сага пардасын Тамылжыды айжамалың албырып Ойдон кетпейт ошондогу жыргалың Өттү мезгил көз ирмемдей шашылыш Ойго батам өзүңдү эстеп сагынып Көз алдымдан кетпей койду элесиң Сезим козгоп үмүт отун жандырып Мугалимге арноо Ак сүт берип асыраса энебиз Мээрим төккөн мектептеги энебиз Кубанычты бөлүшүүгө биз менен Жолугушуу кечебизге келиңиз Ортодогу ой-тилекти бөлүшүң Опол тоодой ак эмгектин үзүрүн Көрө турган мезгилдесиз буйруса Баарыбыздан урмат-сыйды тең көрүң Сезимдерди билимге мол сугарып Кесип тушоо, бечелдерди чуркатып Ойго сыйбас оор түйшүк тарттыңыз Энебиздей зээн кейип кыйналып Сайра эже далай эмгек сарптадың Саяпкердей күлүктөрдү таптадың Кантсе дагы Сайра эжеке чөкпөңүз Арабызда аман болуң ардайым Өтсө өмүр Аккан суудай тынымы жок өмүрүм Уч-кыйры жок чексиз болуп көрүндүң Кайран жаштык,кырчын курак,күлгүн кез Эстен кетпес, кайра келбес өмүрүм Желдей сызып,куштай учуп зымырап Кетти жаштык,чачты басты ак бубак Бүгүн барбыз эртеңкиге тобокел Кайран өмүр кайда шашып баратат Жай күнүндөй жаркылдаган өмүрүм Кемтиги жок бир калыпта көрүндүң Түш көргөндөй из калтырып сезимге Өтсө өмүр чөгүп барат көңүлүм Ойлойм сени Сезимге бүлүк салып ойлойм сени Өчпөптүр махабаттын ысык деми Көөдөнгө сыйбай барат улам күчөп Сагыныч,кусалыктын бүтпөй чеги Тунжурап туңгуюкка капталамын Эзилип өкүнүчкө жанчыламын Арманым ичтен сызып жүрөк өрттөйт Кеч сезип сен арнаган сүйүү даамын Кош дебейм коштошалбайм кечир мени Күтөмүн чексиз аалам кезип сени Убакыт өтсөдагы арабыздан Унутулбайт таза сүйүү ал кездеги Издеп келем Өтүүдө өмүр чиркин эңсөө менен Өзүңдү өмүр бою издеп келем Жашоодо түгөйү жок ак куу сымал Өзүңсүз мен өзүмдү жалгыз сезем Мүнөзүң шайыр эле жаркылдаган Күлкүңдү сагынамын шыңкылдаган Эркелеп элжиретип жүрөгүмдү Сен менен толук эле бүткүл аалам Олтурам көңүлүм суз сени эстейм Алыссың амалым жок учуп жетпейм Жүрөгүм муңга толду,арман күчөп Көрүшчүү күндөр барбы аны билбейм Ырда-ырда эркемай Келдиң эркем атыр жыттуу Алайдан Ашып нечен бийик-бийик ашуудан Кубулжуган обон созуп тамшанттың Булбул болуп ак таңдарда сайраган Ырда-ырда эркем ай Ырдан көңүл самаган Дообушуңдан сыйкырдуу Ээрип кетип баратам Элжиретип эт жүрөктү эргиттиң Таңкы желдей көңүлүмдү сергиттиң Жарык нурун төккөн чолпон жылдыздай Суктандырып түпсүз ойго термелттиң Ырда-ырда эркем ай Ырдан көңүл самаган Добушуңдан сыйкырдуу Ээрип кетип баратам Эми эркем сен кетесиң Алайга Жүрөгүмдү салып койуп санаага Кубулжуган сенин назик ырларың Сезимимде жаңыратко далайга Ырда-ырда эркем ай Ырдан көңүл самаган Добушуңдан сыйкырдуу Ээрип кетип баратам Туулган жерим Сары-Колум Туулган жерим көздөн кетпей элесиң Түн уйкумда дайым түшкө киресиң Көк тиреген ак мөңгүлүү чокулар Бассам турсам түк оюмдан кетпейсиң Алыс жакта жашап жүрөм сагынып Оюмдасың, көңүл көксөйт камыгып Тунук,таза Ак-Суу дайра шылдырың Эңсеп жүрөм бир угууга зарыгып Жайың салкын, жашыл ыраң келбетиң Жан сергитер мелүүн соккон желдериң Кереметтүү бийик тоолуу Сары-Колум Сага арнадым сөздүн терип берметин Өкүнүч Санаанын батып чексиз түпкүрүндө Сагындым үңүлөмүн сүрөтүңө Токтоосуз күндөр өтсө улам-улам С агыныч сыйбай барат көөдөнүмө Кыялдын чөгүп терең көлдөрүнө Кыялбай тигилемин сүрөтүңө Кылымдар кубалашып өтсө дагы Ак сүйүүм жашай берет жүрөгүмдө Санаанын такыр жетпей түпкүрүнө Олтурам ойлуу карап сүрөтүңө Эки айры жолго түштүк тагдыр экен Өкүнүч оту күйөт жүрөгүмдө Сүйүү тагы Бир жанып өчкөн оттой боло албадым Сезимден өчүрбөстөн ай жамалың Түнкүсүн түшүмдөсүң күндүз ойдо Өзүңдөн башка жанды сүйө албадым Танбаймын өтмөйүнчө өмүр түгөп Сүйөмүн калмайынча токтоп жүрөк Жыргатып махабаттан бал татыткан Өзүңдү эңсеп дайым көңүл көксөйт Ак тилек биз эңсеген ойлор калды Сезимден өчпөс сүйүү тагы калды Армандын тузагына туткундалып Айла жок таңдар атып, күндөр батты Ошентип ойдон кетпей дайым бирге Келесиң гүл тартуулап сезимимде Өзүңдү чексиз сүйдүм унута албайм Ааламдан жашоом бүтүп кетмейинче |
Ошол күндөр келсе кайтып Жетилип толуп турган кезиң анда Суйкайып жаңы толгон окшоп айга Ак сүйүүм сага деген тынчтык бербей Ойлоном өзүңдү эңсеп таппай айла Барчуумун бир көрүүгө жолуң тосуп Көрбөсөм күндө сени гүлдөй соолуп Көңүлдө жалгыз өзүң эңсегеним Көөдөндө жүрөгүмда сен деп согуп Жаз айы Ак-Суу дайра жээк бойлоп Бараттым самап жаным өзүңдү ойлоп Жолуктук биз болжошкон жерге барып Ачылды катылган сыр сезим козгоп Мүдөөбүз көптөн күткөн орундатып Кубандык экөөбүз тең бирдей балкып Суу бойлоп көпкө жүрдүк жайбаракат Оо чиркин ошол күндөр келсе кайтып Бото көзүм унута албай өзүңдү Эске түшүп өткөн күндөр элеси Эркти бузуп учат кыял жебеси Эңсеп дайым куса болуп сагынам Өзүң менен өткөн ошол кездерди Ооруу жандай сезбей кээде өзүмдү Санаам тынбай каптап кайгы көңүлдү Жашап келем ушул жалган дүйнөдө Бото көзүм унуталбай өзүңдү Билбейм мынча күдөр үзөалбадым Сени сүйдүм ашыктыкты танбадым Махабаттын өчпөс отун тамызып Жүрөгүмдү кантип ээлеп алгансың Сары-Колум бейишим Сары-Кол учкан уям канат кагып Арзыбас бир өзүңө сансыз байлык Туулган жер алтын тура топурагың Арубак ойдон кетпей сагындырып Аска-зоо арасында Чаттын көлү Шарпылдап толкуп турат кошуп көркүн Тоо койну кандай сонун кереметтүү Ак мөңгү сыдырым жел салкын төрүң Кең-Шибер гүлдөр анкып түркүн- түркүн Жагымдуу жыпар жытың эңсейт көңүл Жадырап гүл жайнаган Чатыр-Ташым Мээримдуу кучагыңда ойноп өстүм Сары-Кол гүлдөп,жайнап,өсөбергин Мага күч,кубат берет сенин демиң Жер кезип сага теңдеш табалбадым Туулган жер бейиш экен сенин теңиң Классташтарга арноо Досторум күүлүү-күчтүү болгулачы Ойлонбой жүзгө жетип толгулачы Карылык келсе дагы моюн сунбай Оо кыздар,жапжаш бойдон калгылачы Бул жашка жетүү өзү чексиз бакыт Уул-кыз урмат-сыйын көрүп балкып Дөөлөттүү карылыкта өмүр сүрүп Жүрөлүчү ден-соолукта учурашып Пендебиз кемчиликтер болсо эгерде Кечкиле күнөө кетсе балким менден Турамын үзүр сурап башымды ийип Курдаштык чегин бузуп ашып кетсем Досума Кыяматтык дос аташып достоштук Ой-тилектер достук үчүн түз болуп Жарты нанды тең экиге бөлүп жеп Жакшы күндөр эсте калды топтолуп Оош-кыйыш мезгил өттү закымдап Тагдыр,буйрук кеттик узап,чачырап Кайда жүрсөк амандыкта жүрөлү Аллах атын жүрөктөрдө бек сактап Айлап,жылдап көрүшалбай сагынып Жай олтуруп сүйлөшалбай жазылып Турмуш деген жипсиз байлап туткундап Санааркайбыз ичтен түтөп каңырык Чакыруу Ойлой берем окуучулук күндөрдү Достор менен бирге ойноп жүргөндү Өткөн экен алтындай доор балалык Сагынамын ойноп,жыргап күлгөндү Өмүр чиркин өтүп кетти сезилбей Бир калыпта чимерилген ийиктей Эстешели өткөн жаштык күндөрдү Элүү жылда келип калды билинбей Жаркып маанай көңүл эргип сүйүнүп Көөдөн толгон сагынычты бөлүшүп Жолугалы классташтар,курдаштар Кубанычта кучак жайып көрүшүп Досум Өзү элпек, сөзү жумшак боорукер Өз кесибин мыкты билген дарыгер Бала кезде кандай болсо мүнөзү Жөпжөнөкөй ошол бойдон Эсекең Бүркөлбөстөн кабак-кашы,жайдары Жылуу маанай ардайым түз саламы Улуу-кичүү айрыма жок Эсенге Ошондуктан урматташат бүт баары Айткым келди калыстыкка, чындыкты Керек болсо капа кылбайт чымынды Бала кезден чогуу ойноп бирге өсүп Көргөн жокмун Эсекеңдин чырыны Асылдарым Атам болчу аска-зоодой калканчым Мүдүрүлсөм таянар тоом таянчым Чексиз дөөлөт ата деген чон бакыт Алдан тайсам дем-күч берчүү кубатым Тоолор кулап, жер көчкөндөй жарылып Сезимимди сел баскандай чамынып Келсе ажал эч бир айла жок экен Калдым өксүп атакемден айрылып Кайгы артынан кайгы мени басмырлап Чеңгел салып чексиз кайгы туткундап Көп узабай карындашым көз жумду Башка түшүп тургансыды кыямат Жан дүйнөмдү күйүт оту куйкалап Күйдүм отсуз жаным кейип чыркырап Алыс сапар акыретке узаттым Ыйлап-ыйлап мүрзөлөрүн кучактап Ойдон чыкпайт дайым түшкө киришет Үн катышпайт,аянычтуу тиктешет Келгиле деп жалдыраймын кол сунуп Жакын келбей улам узап кетишет Түн бир оокум уктай албай ойгонуп Ый аралаш көзүм жашка жык толуп Агып жашым бетти жууп шорголоп Өксүп-өксүп улутунуп томсоруп Өтүп жатты күйүт коштоп ал күндөр Уйкусуз түн, кылым тете ал түндөр Буйрук экен тагдырыма жазылган Айла барбы эстен кетпейт ал күндөр Ырас аздым, күндөп-түндөп сыздадым Башка түшкөн, тарттым шордуу азабын Түтүнү жок отто күйүп, күл болуп Атам менен бир боорумду таппадым Арга жок, арылбастан арман, муңум Өчүралбай көөдөндөгү күйүт чогун Эскерип жашап келем арман күчөп Атам менен карындашыма сыздап боорум Эсенбай Сайназаров Кара-Балта шаары |