"Аркар көз" эл оозунда
сакталып калган чыгарма
Бул элдик оозеки чыгарманы Гожонберди Эгемкулов аксакал бала кезинде чоң энесинен угуп жүрүп, ак кагазга жазып келечек муунга баалу оозеки чыгарма катары сактап калган. Гожонберди аксакал учурда Чүй Облусундагы Сокулук районунда Алмалуу айылында жашайт, аксакалдын жашы жетимиш беште, бул инсан элдик оозеки чыгармаларга кызыгып өзү да бир топ ырларды жазган.
Гожонберди аксакал Сары-Кол өрөөнүндө төрөлүп аталган өрөөндө балалыгы өткөн, андан соң Алай өрөөнүнүн Сары-Могол айылына келип бир топ жылдар совхоздордо иштеп жашап калган, союз жоюлуп элдер Чүй бооруна карай көчкөндө Гожонберди агабыз да Чүй бооруна келип үй бүлөсү менен отурукташып калган.
Аксакал Памир тоолорунда жашаган кыргыздардын каада салттарын, тоо элинин тарых таржымалын, мергенчилик , мал чарбачылык турмуш тиричилик жана башка баалуулуктарын терең өздөштүрүп аларды көкүрөгүнө кыттай куюп сактап алган. Аксакалдын кол жазмасында сакталып келген "Ау көз" же "Аркар көз " деген элдик чыгарманы тартуулайбыз.
Гожонберди аксакалдын айтымында кандайдыр себептер менен бул ыр "Ау көз " деп аталып калган экен, бул сөздүн чыныгы нукура аталышы "Аркар көз " деп да аталат. Илгерки тоо эли "Аркар көздүү сулууну ырымдап " Ау көз " деп атаганында биз билбеген бир сыр болгон болгон чыгар.
Гожонберди агабыздын кол жазмаларын мындан кийин жарыялап турабыз деп максат кылып жүрөм, анын өзү жазган турмуштук ыр саптары эки дептер толо экен.
"Ау көз" Ак алмадай ак жүздүү, Көрүнөсүң Ау көз. Кымыз куюп кылактап, Жай жыласың Ау көз. Асмандагы булуттун, Агы деймин Ау көз. Кара чачиң жибектин, Талы деймин Ау көз. Ак сакал кары болбосо, Бата болбойт Ау көз. Атка галай жаркырап, Така болбойт Ау көз. Атлес, парча эркекке, Жака болбойт Ау көз. Эчки улактын ашыгы (чүкөсү), Сака болбойт Ау көз. Көйкөлүп басса жарашкан, Бою жакшы Ау көз. Сары-Колду жайлаган, Жери сонун Ау көз. Булуң-Көл менен Ыраң-Көл, Эли жакшы Ау көз. Шириндигиң Ташкенттин, Мейизиндей Ау көз. Жумшактыгың Душанбе, Пилласиндай Ау көз. Кара-Көлдө оттогон, Малы семиз Ау көз. Кара-Чым менен Ак-Жылга, Баары сонун Ау көз. Кара-Көлдө сүзүшкөн, Газы болот Ау көз, Нокотек чөбүн оттогон, Малы семиз Ау көз. Күрүчтөй болуп тизилген, Тишиң текши Ау көз. Кылса көөрү төгүлгөн, Ишиң жакшы Ау көз. Жашыл-Көлдү жайлаган, Балыгы сонун Ау көз. Үчтөн төрттөн төлдөгөн, Гаадиги жакшы Ау көз. Баш-Күмбөздү кыштаган, Кыштоосу жакшы Ау көз. Алапа Шайим жайлаган, Аксуу болот Ау көз. Жазында чагып кыйнаган, Чиркейи болот Ау көз. Оогандан келип кошулган, Эли болот Ау көз. |
Оош кыйыш бел ашкан, Жолу болот Ау көз. Кыр кырларда оттогон, Кийиги болот Ау көз. Улуу тоодо ышкырган, Улары болот Ау көз. Ак барак кат окуган, Молдосу болот Ау көз. Алыскы тоолор жергемдин, Ордосу болот Ау көз. Чегитир Жаманаң жайлаган, Ыраң-Көл болот Ау көз. Колунан көөрү төгүлгөн, Узу болот Ау көз. Тоодой болгон көк кашка, Тузу болот Ау көз. Жалпы элге маалым деп, Газал кылдым Ау көз. Жар жар бойлоп жолумда, Мазар кылдым Ау көз. Аңырлары аңкылдап, Инге тууат Ау көз. Аппак болгон мөңгүсү, Күнгө тунат Ау көз. Ашыглыкты ырдасам, Угасыңбы Ау көз. Көөдөндөгү күйүттү , Басасыңбы Ау көз. Ашыглыктын торунда, Гарып болдум Ау көз. Куштар болдум мен сага, Билип жүргүн Ау көз. Макулдугуң билдирип, Шем кылгының Ау көз. Ай чырайлуу өзүңө, Тең кылгының Ау көз. Сезип калып амекиң, Аңдып жүрөт Ау көз. Өңүтүн таппай тууганың, Пайлап жүрөт Ау көз. Мөрүтүн таап тууганың, Заар берди Ау көз. Өлөм десем ич күйүп, Зил кустурдуң Ау көз. Бир мен үчүн өлдү деп, Сыйлайсыңбы Ау көз. Мазарымды айланип, Ыйлайсыңбы Ау көз. |
Акын Өскөнбай Бердибаев
"Поэзия ордосу" көркөм адабий
коомдук брикмесинин мүчөсү