Элин сагынбас эр болбос, жерин сагынбас жылкы болбос

Элин сагынбас эр болбос, жерин сагынбас жылкы болбос

-Не маанай жок үка?

-Түш көрдүм, бирок туш эмес ака кусалык көрдүм.

-Не болгон түш ?.


-- Ээ ака,эли журттан ажыраган кусалык, элимди-жеримди сагындым, бирге жүргөн тентуштарымды сагындым, айылдагы ар бир адамды сагындым, тоолорумду сагындым, жашыл шиберди сагындым, улуп соокон шамалды сагындым, шамалдап соккон борошону сагындым, казанга жапкан нанды сагындым ,куурулуп жаткан аркардын гөшүн сагындым , энем сааган желедеги топоздорду, кой жайган кокту-колотту, сөз сүйлөсөң сөзүңдү угузбаган шар аккан дарыянын шарын, улардын ышкырыгын,, эмне жесем, эмне ичсем баарын-баарын сагындым ....


--Жараткандын буйругу экен минтип шаардын жашоосун баштан кечирип жатам булда болсо тагдырдын буйругу.

--Болуптур ака ишке шашып кетип жаттым эле деген бойдон эл аралап кетип калды.


--Мен болсо ошондо сезип жаттым көкүрөктү өйүгөн, Ата-Журткан болгон кусалыкты, сагынычты, букту, көөдөндө токтоп калган сырдуу сезимди азыркы айтылган ар бир сөздө терең маани бар экенин, айталбай турган сөз эле, айтылып калды өзү эле дегендей болду. Жараткандын буйругусуз чөптүн башы кыймылга келбейт дегени барго, элдин минтип жат жер, жат элде жашоо кечирип жатканы түштөй болуп жаткансыйт. Тиги жигиттин айткандарынан улам менда өтүмүшүмдү бир катар эстеп алдым. Адам баласына туулуп өскөн жери түбөлүк унутулгус, бул жарыктык менен коштошсоң көкүрөктө кошо кете турган ар бир адамдын арманы. Аны баштан өткөрүп жаткан адам гана жонтери менен сезип билет.

 

Жазгым келет калемиме багынып,

Сары-колум, Мургабымды сагынып.

Колдон келбейт, аракетим жумшаймын,

Калам кээде, ыр сабында жаңылып?.


Улуу тоодо, улар сайрайт таң заарда,

Аркар оттойт өзүн сактап аскада.

Калем кармап даңазалап сүрөттөп,

Канчалаган адамдар бар жазганга?.

Ошолордун арасында мен бармын,

Эки сөздү ак баракка таңганга.

Кара сөздү жазам кээде тамтаңдап,

Окусун деп, окурманга, жакканга.


Кара сөз же ыр жаратуу түйшүгү,

Кучактатат калемимди күнү-түнү.

Ыр жандуу ырым окуп келекелээр.

Сөз жандуу сөзүм окуп баасын берер.


Убайдилда Шаимов

Баш-Гүмбөз айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.