Жунго кыргыздарынын ооматтуу окумуштуусу

Жунго кыргыздарынын ооматтуу окумуштуусу

Турмуштун агымы, замандын оңолушу, жашоонун оң нукка түшүшү жеке бир пенденин гана эмес жалпы элдин да, жумурай журттун да тагдыр-таалайына жагымдуу таасирин тийгизери соңку чейрек кылымдык мезгилде Ала-Тоонун эки өңүрүн мекендеп жашап жатышкан кыргыздардын алака-мамилелеринен ачык-айрым көрүнүп олтурат.

 

Улуу Жуңгонун саябандуу канатында күн кечирип жатышкан кандаштарыбыз бүгүнкү күндө өнүгүп-өсүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүшүүдө.

 

Жунго мамлекети менен Жунго коммунисттик партиясынын аз сандуу улуттардын өсүп-өнүгүшүнө көргөн зор камкордугунун натыйжасында кыргыз сыяктуу калктардын маданияты гүлдөп өсүп, жаштары илим-билимдин алдыңкы жетишкендиктерине ортоктош болуп жатышкандыктары ким кимди болсо да чексиз кубанычка бөлөбөй койбойт.

 

Ала-Тоонун аркы өңүрүндөгү боордошторубуздун арасынан чыккан таланттуу уулдардын бири деп Мамбеттурду Мамбетакунду айтсак эч бир жаңылышпайбыз. Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарына салыштырмалуу жакын жердеги Корумдук деген айылда төрөлгөн жаш бала мектепте да тырышып окуду. (Жанаша турган Тегирмети айылына кантип алгач жөө-жалаңдап, андан соң велосипедчен келип окушкандарын, кийин жатак мектептен тарбияланганын Макем умсунуу менен эскере айтып бергени бар эле). Жаш жигит окуусун Жинжаң университетинин тил, адабият (бизчесинен айтканда – филология) факультетинде улантып, аны ийгиликтүү бүткөн соң Жинжаң коомдук илимдер академиясынынын улуттар адабиятын изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштөө менен эмгек жолун баштайт. Демек, Мамбеттурду Мамбетакун география, же дагы бир башка нерселер менен илешип жүрүп филологияга кокусунан келип калбастан, тескерисинче, элдин элдигин сактаган тил менен калктын көркөм көрөңгөсү болгон адабиятка тырнактайынан дит буруп, филологияны тагдыр кылып тандап алган саналуу окумуштуулардын бири болуп эсептелет.

 

Албетте, көпчүлүк эле филологдор сыяктуу Мамбеттурду Мамбетакун да алгач ыр жазып жүрдү. Ал турсун 1992-жылы “Жүрөгүм” деп аталган чакан ыр жыйнагын да окурмандарга тартуулады. Ал китепчедеги айрым ырлар азыр да эл ичинде сүймөнчүк менен окулуп келет… Бирок, илимге болгон кызыгуусу, калкынын фольклорунан тартып азыркы адабиятына чейин кол тийбей, дурусураак иликтенип-изилденбей жатканын көрүп- туйгандан кийинки жоопкерчиликтүү сезим жаш жигитти биротоло илимдин татаал жолуна жетелеп кетти. Алгач гезит, журнал беттеринде элдик оозеки чыгармачылыктан тартып учурдагы адабиятка чейинки маселелерди батыл изилдөөгө алган макалалары жарык көрө баштады.

 

Алардын арасынан бүгүн биз “Кыргыз жакынкы заман маданияты жана адабияты”, “Кыргыз, казак эпикалык жөрөлгөсүндөгү бирдейликтер”, “Манас” эпосунун ооган варианты”, “Адабий чыгармачылыктын түпкү мыйзамы жөнүндө”, “Айтматов жана жуңго адабияты”, “Жалайыр жалгыз” дастаны жана анын варианттары”, “Кыргыз ырымдары жана салттуу ишеним”, “Кыргыз жаңы доор адабиятындагы Асанбай Матилинин орду” деген сыяктуу макалаларын өзгөчө бөлүп көрсөтүп кеткибиз келет. Албетте, буларда айрым бир кенемтелер сезилип турганы менен козгоп жаткан проблеманы ар тараптуу талдап берүүгө болгон астейдил аракет, адабияттын аруулугун сактоону баарынан жагору койгон алпейим мамиле ал макалаларды окурмандардын сүймөнчүгүнө айлантып турду.

 

Ошол адабий сынчылыктын айдыңында туруп адабият жөнүндөгү илимге бут коё баштаган жаш сынчы-илимпоздун “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын 1992-жылдагы 2-китебинде жарыяланган “Ырлардын кунары жана багыты жөнүндө” деген макаласына учкай токтоло кеткибиз келет. Жаштык максимализм басымдуулук кылып турган бул макалада жуңго кыргыздарынын ошол учурдагы поэзиясынын багыттары, тенденциялары, алгылыктуу жактары менен алешемдиктери тууралуу айтылат.

 

Ал кездеги поэтикалык чыгармаларды жаш сынчы үч багыттан (дүйнөтаанымдык, чеберчилик, көркөм тили) туруп талдоого алат. Акындарда “…жаңыча ойлонуу, бардык нерсеге кайтадан көз салып чыгуу, күмөн кароо кубаты (дарамети) жетпей тургандыгын” белгилөө менен, “окурманга бирөөнүн акындыгы эмес, окурман менен тең чама турган адамдыгы керектигине” басым жасайт жаш сынчы. Көрүнуп тургандай, бул макалада М.Мамбетакундун адабий ой жүгүртүүсү кадимкидей калыптанып, көркөм чыгарманын ички мыйзамченемдерин кадымкидей аңдап-түшүнүп калгандыгы ачык көрүнүп турат.

 

Анан ошол жылдардагы адабий сын макалалары топтоштурулуп “Өзүбүздү унутпайлы” (1994) деген жыйнагы жарык көрдү. Адабий чыгарманын табиятын адабий сынчы катары изилдеп үйрөнүүгө болгон бул жол андан ары тереңдеп, натыйжада, “Кыргыз адабиятынын тарыхынын” 2-китеби (1995), “Манас” эпосунун варианттары жана манасчылык” (1997), “Хыйлоңжыяңдык кыргыздар” (Германиялык түрколог Гундула Салык менен биргеликте) (1998) деген изилдөөлөрү өз өзүнчө китеп болуп басылып чыкты. Мына ошентип, адабий сынчылык аркылуу адабияттаанууга, адабият жөнүндөгү илимге келүү жолун жунго кыргыздарында биринчи болуп Мамбеттурду Мамбетакун түптөдү десек болот.

 

Ушул жерде окумуштуунун “Манас” эпосунун варианттары жана манасчылык” деп аталган эмгеги жөнүндө атайын бөлүп айта кетүүбүз керек. Анткени, бул китеп өткөн 2014-жылы бүгүнкү кыргыз тарыхчыларынын туу башында турган мыкты илимпозубуз Тынчтыкбек Чоротегин жетектеген “Мурас” фондусу тарабынан Кыргызстанда басылып чыкты. Китептин алгачкы үч бабы негизинен бизде айтылып келе жаткан маалыматтар менен үндөшүп турса, кийинки беш бабы илимий жактан зор кызыгууну пайда кылат. Анткени, бул баптарда М.Мамбетакун Жуңгодогу манасчылар, алардын кыскача өмүр-баяндарынан тартып, алар айткан варианттардын өзгөчөлүктөрү тууралуу иш билги талодоолорду жүргүзөт. Китептин аннотациясында айтылгандай, илимпоздун бул эмгеги биздин ЖОЖдордун студенттери үчүн, буюрса, табылгыс кошумча окуу куралы болуп калат.

 

Илимге биротоло баш-оту менен берилген жигит “Эпикалык жөрөлгө жана кыргыз дастандары” (2000), ”Кыргыз элдик оозеки адабиятындагы Памир мектеби” (2006) деген илимий долбоорлорду ийгиликтүү аяктап, натыйжада, эң сонун эмгектерди жараткан. Андан соң таланттуу окумуштуу өзү жана башкалар менен биргеликте “Сайрап өткөн сандугач” (1995), “Карт дастан” (1998), “Кыргыздардын жөрөлгөлүү илим-техника маданияты (2001), “Жуңго кыргыз энциклопедиясы” (2006), “Шинжаң көпулуттуу адабият тарыхы” (2005) сыяктуу китептерди түзгөн жана түзүүгө катышкан. Илимпоздун “Кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу китеби 2005-жылы Шяңгандын Тыянма басмасынан ханзу тилинде басылып чыккан. Ушул китеби жана “Манас” менен “Жаңгыр” эпосторундагы баатырдык жөрөлгөнүн бирдейлиги жана ажырымы” деген эмгеги үчүн Мамбеттурду Мамбетакун Шинжаң коомдук илимдер академиясынын атайын сыйлыгына ээ болгон. 2002-жылы илимге эмгек сиңирген адис ардактуу наамын алган.

 

2004-жылы өкмөттүн атайын сунушу менен М.Мамбетакун Шинжаң педагогикалык университетинин адабият институтуна ишке которулат. Бул жерде ал педагогикалык ишмердик менен окумуштуулукту кош катар алып жүрүү менен бирге жуңго кыргыздары үчүн эбегейсиз чоң эмгек сиңирүүдө. Дегенибиз, 2011-жылы Шинжаң автономиялык райондун өкмөтүнүн колдоосу менен Шинжаң педагогикалык университетинде кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн ачып, мында окуган кыргыз уландары менен кыздарынын алды бүгүнкү күндө 4-курс болуп калды. Айта кетчүдагы бир нерсе, М.Мамбетакун 2005-жылы 40 жашында өлкөнүн борборунан бекип келеген профессор наамын расмий түрдө алган. Бул жагынан ал биздин кызыл профессорубуз Касым Тыныстановго окшоп кетет… Айтмакчы, ушул жылдын май айында биздин Эшеналы Арабаев атындагы университетибиз жемиштүү педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн Мамбеттурду Мамбетакунга ардактуу профессор наамын салтанаттуу ыйгарышты.

 

Ал эми 2012-жылы Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун түзүлүшүнө чоң салым кошту. Бүгүнкү күндө бул институт улуу эпосубузду ар тараптуу изилдеп жаткан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институту жана дүйнөдөгү башка илимий борборлор менен тыкыс байланышта иш жүргүзүү менен бирге өзүнүн илимий багытын таап, өзүнүн илимий жөрөлгөсүн түптөп калган изилдөө борборуна айланып бара жатат. Ушул болборду жетектөө менен Мамбеттурду Мамбетакун “Манас” эпосунун улуу манасчы Жүсүп Мамайдын айтуусундагы вариантын англис, немес, уйгур, казак тилдерине котортуп, басмадан чыгарууга жетишти.

 

Бул жерде Мамбеттурду Мамбетакун өзүнүн аспиранттары менен биргеликте “Кыргыз дастандарынын бүгүнкү айтылуу абалы”, “Кыргыз өлөңү” деген бараандуу илимий долбоорлордун үстүндө иш жүргүзүп, натыйжада, казактарга, казак фольклоруна гана тиешелүү делип келинген өлөң жанрынын кыргыздарда да, айрыкча Памир кыргыздарында тээ байыртан бери эле айтылып келе жаткандыгын далилдеп, кагазга түшүрүлгөн жана аудио-видиого жазылган эбегейсиз көп эң сонун материалдардын негизинде жуңго кыргыздарынын атынан ЮНЕСКОго каттаттырууга жетишти.

 

2013-жылдан тартып М.Мамбетакун “Кыргыз энциклопедиясы – “Манас” деп аталган мамлекеттик маанидеги долбоорду жетектеп келет. Окумуштуунун көптөгөн макалалары ханзу, уйгур, казак тилдерин айтпаганда да бүгүнкү күндө англис, француз тилдерине которулуп басылып чыккан.

 

Бир боорубуз Мамбеттурду Мамбетакун азыр илимий көрөңгөсү толуп, турмуштук тажрыйбасы артып, баралына келип турган мезгили. Илимпозго биз кажыбас кайратты, талыкпаган эмгекти каалоо менен эли үчүн каруусун казык, башын токмок кылып мээнет эте берүүсүн тилейбиз. Анткени, кылымдарды карыткан даанышман калкыбыз айткандай, эр жигитти эмгек гана эрезеге жеткирет эмеспи.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены