Жерге-Тал кыргыздарын жээрип, Мургаб кыргыздарын муунткан бийликтен нени үмүт кылабыз?

Жерге-Тал кыргыздарын жээрип, Мургаб кыргыздарын муунткан бийликтен нени үмүт кылабыз?

Бийликке улут деген түшүнүгү жок, жалаң “морадерлорду” 7-апрелде алып келген экенбиз, жалпыбыз азыр запкысын тартып жатабыз. Биз эле эмес, өзгөчө коңшу өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздар азабын абдан көрүүдө десек болот. Маселен, азыркылардын акылсыз кадамдары менен от алган Оштогу окуяда Өзбекстандагы кыргыздар өмүрү бычактын мизине коюлса, бийликтин шалаакы саясатынын негизинде Баткендеги чыр-чатактан улам Тажикстандагы кандаштарыбыз кыйын тагдырга кириптер болуп калды. Маселен Мургаб менен Жерге-Талдагы кыргыздардын карым-катышы эки айдан бери үзүлүп, тиричилиги токтоп калды. Биз ушул маселенин тегерегинде айрым аттуу-баштуу адамдарга кайрылып, “Баткендеги окуянын шылтоосу

менен кыргыз бийлиги Жерге-Тал жана Мургаб кыргыздарын жолун бөгөп койду. Эки айдан бери байланыш үзүлүп, боордошторубуз кыйын күндө турушат. Сиз не дээр элеңиз буга?” деген суроону салдык.

 

Баяс Турал, тарыхчы:

 

Murg Ltal prob politik (1)- Мен Баткендеги чырга ким күнөөлүү экенине баа берип, бир тарабын актап, экинчисин каралагым келбейт. Мен билгенден талаш жерге биздикилер жол кура баштагандыгынан чыр чыккан. Бирок, чырга тажик бийлиги себепчи болгон күндө да, биздин бийлик улуттук көз караш менен кылдат саясат жүргүзүп, “Жети өлчөп, бир кесиши” кажет болчу. Муну айтканым, Тажикстанда биздин он миңдеген кандаштарыбыз жашап жатат. Мен былтыр эле Жерге-Тал менен Мургабка барып, кыргыздардын жашоосуна өз көзүм менен күбө болуп келгем. Биз алардын жолун бөгөбөй, тескерисинче аларга жардам беришибиз керек. Эми деле кеч эмес, чукул арада маселени карап, бийликтегилер кыргыздардын жолун ачып бериши кажет. Болбосо биз ата-бабанын арбагы алдында кечирилгис күнөө кетирген болобуз.

 

Аликбек Жекшенкулов, “Акыйкат” партиясынын лидери:

 

Murg Ltal prob politik (2)- Элдин, мамлекеттин келечегин ойлобогон текебердик саясат жүрүп жатат. Канча миң жылдан бери, кылымдардан бери тажик эли менен кошуна болуп, бир тууган болуп жашап келе жатабыз. Анан кичинекей бир окуяга тарыхты чанып, эки айлап кыял көрсөткөнүбүз дурус эмес. Бир жумага жабып, чечип койсо боло турган иш эле. Маселен 7-январда эки тараптуу жолугушуу болгон, 11-январда кагылышуу орун алды. Бул өкмөт мүчөлөрүнүн туура эмес сүйлөгөнүнөн, же туура эмес кадамдарга барганынан болду да. Анан эки тараптан кемчилик кетти, тирешип калды. Албетте, күнөөнү башкага төңкөргөн оңой. Бирок, айта кетишибиз керек, мында биздин бийлик чабалдыгын, алысты көрө албаган мажирөөлүгүн көрсөттү. Кадрлык саятынын кемчилигин да далилдеди. Чекара кызматындагы эле жетекчилерди бир нече ирет алмаштырды, ошонун кесепети тийди. Мыкты дипломаттардын жоктугунан тышкы саясат да алсырап турат, муну ушул окуядан так, анык көрө алдык.

 

Ал эми Мургабдагы кыргыздар буга чейин эле кыйын абалда болчу, азыр андан да кыйын күнгө кабылганын түшүнүп турам. Мага Баткендеги эле тааныштар, санаалаштар чалып, “кыйналып кеттик” деп жатат. Анан сырттагы кыргыздардыкы андан да жаман абалда калганы айтпаса да түшүнүктүү. Негизи, кыргыз мамлекетинин башына келген адамдар тарыхый шарттардан улам сыртта жашап калган кыргыздар жөнүндө дагы ойлонушу керек болчу. Кандай жашап жатканы, неден жардам керектиги боюнча тактап, карым-катышына тоскоолдук жаратпашы зарыл эле. Ансыз деле кыргыздар алакандай аз элбиз. Анан аларды ойлобосок элдүүлүгүбүз кайда калат? Мен ушул маселеге азыр кабыргам кайышып, өтө капамын. Кыскасы, элдин, улуттун тагдырын ойлобогон бүгүнкү саясаттын түбү жакшы бүтпөйт, азыркы шалаакылыгы жакшылыкка алып келбейт.

 

Ибрагим Жунусов, коомдук ишмер:

 

Murg Ltal prob politik (3)- Мургаб менен Жерге-Талдагы кыргыздар буга чейин эле кыйналып, оор турмушту башынан кечирип келе жатышкан. Бул аймакта жашаган оң миңдеген кыргыздын абалына ушул убакка чейин бир дагы адам кызыгып, бир дагы жетекчи көңүл бөлө элек. Бул жакка көчүп келгендери да кыйынчылыкта жашап, атуулдук ала албай жүрөт. Мен Жерге-Талга барып жүргөм, Мургабдыктар менен байланышта болгом. Ал жактагы кыргыздардын жүрөгүнүн тазалыгы, көкүрөгүнүн тазалыгы анча-мынча элде жок. Азыр бийлик Баткендеги ишке байлап жатат, биз кененирээк карашыбыз керек да. Мисалы, Баткен кайда жатат да, Жерге-Тал менен Мургаб кайда жатат. Өмүрүндө Баткенге барып, чекарасын көрүп, же Жерге-Тал менен Мургабка барбай туруп баа бергендер, башкаргандар көбөйүп кетпедиби бизде. Мына ушул нерсе адамдын кыжырын кайнатат.

 

Эки вице-премьер-министр качантан бери сүйлөшөт, жыйынтыгы жок. Бул маселени түшүнбөгөндүктүн белгиси да. Баткенди жаап, маселени чече берсин, а Жерге-Тал менен Мургабдын жолун ачып койсун. Ал жакта бирөө жер талашпаса, суу талашпаса, анан неге жабат? Булар азыр тышкы саясатта да, ички саясатта да өтө туура эмес иштерди жасап жатат. Менин билишимче Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын ортолуктарында Кыргызстандын чечилбеген 113 участокто талаш-тартышы бар. Ошол 113 жерде талаш-тартыш бар деп Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен жолдорду жапканыбыз туура болобу? Ал жактарда биздин кандаштарыбыз жашап жатат, эң биринчи ошолорду ойлошубуз керек. Зайырбек Ажыматовдун бир ыры бар,

 

Көтөр башты Улутташым кандашым,
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын.
Ар бир кыргыз аманаты Манастын,
Хан тукуму кулга айланып калбасын – деген.

 

Анынсыңары, Мургаб, Жерге-Тал, Ленинабад, Шартуз, Душанбеде он миңдеген кыргыз бар, алардын тагдырын биз ойлобогондо ким ойлойт. Муну бийлик түшүнүшү шарт.

 

Исхак Масалиев, салык кызматынын жетекчиси:

 

Murg Ltal prob politik (4)- Өкмөттүн жыйынында бул маселе каралып, Карамык жана Бор-Дөбө посторун ачуу маселеси айтылган. Менин билишимче кичинеден кыймылга келип калды. Бул жерде саясат деген бар, анан экономика деген бар. Ооба, мен ал тараптагы кыргыздарды түшүнүп турам, бирок жеке каралбайт, проблема жалпы көзөмөлдөнөт. Көп тараптуу маселе, чечилиши оңой эмес. Албетте, Жерге-Тал менен Мургабка жардам берүү жагы чечилиши керек. Мен буга кошулам.

 

 

 

 

 

Кыяз Молдокасымов, коомдук ишмер:

 

Murg Ltal prob politik (5)- “Эки дөө кагышса ортосунда кара чымынга кыйын” деген сөздөй болуп, эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин солгундашы эң биринчи кезекте Тажикстандагы этникалык кыргыздарга тийип жатат. Биз негизи кыргыздар кайсы жерде жашабасын аларды колдошубуз керек. Чек койгонубуз туура эмес чечим болот. Түшүнүксүз саясат менен өзүбүздүн кандаштарга оор түйшүк жаратуу - тарых кечирбей турган иш. Ошондуктан, кошуна өлкөлөр менен колдон келишинче ыр-чыры жок, курал же билектин күчү менен эмес, акылдын күчү менен чечсе дурус болмок. Ал эми Баткендеги чыр чыккан аймактар учурунда кыргыз жетекчилери тарабынан туура эмес кол коюлуп калган. Талаш жерлерге курулуш курганга болбойт деген меморандумга биздин жетечилер өздөрү кол коюп, анан ошол келишимди өздөрү бузуп, ортодо ушундай чыр-чатактын, талаштын чыгышына өбөлгө түзүп, азабын этникалык кыргыздарга тарттырганы, акылсыз кадам деп билем.

 

Бекен Назаралиев, “Жаңы-Ордо” гезитинин башкы редактору:

 - Мургаб менен Жерге-Талдагы кандаштарыбыздын жолун буумак турсун, аларга жол ачып берип, экономикалык, маданий, укуктук ж.б. жардамдарды көрсөтүү биздин милдетибиз. Алардын таянганы, ишенгени, үмүт артканы биз, Ала-Тоодогу кыргыздар. Мына азыр көрүп жатабыз, Россия дагы Крымдагы өзүнүн боордошторуна, кандаштарына кандай жардам берип жатат. Финансылык, моралдык, укуктук жактан көмөктөшүүдө. А биздикилер коңшу өлкөлөрдүн жетекчилеринен коркуп, бир нерсе дейби деп келет. Коркпой-үркпөй эле жардам беришибиз керек. Албетте, саясат саясаты менен, бирок Манас атанын урпагы катары көмөктөшкөнгө милдеттүүбүз. Тескерисинче, биз учурда тоскоолдук жаратып жатабыз. Бул кыргыз жетекчилеринин мажирөөлүгү. Ташкент эмне дейт, Москва не кылат, Астана жаман көрөбү деген коркоктуктун айы менен жеке кызыкчылыгын канаатандырууну адатка айлантып алышкан. Жеке амбицияларын улуттун кызыкчылыгынан өйдө койгондугунун кесепетин минтип, карапайым кыргыздар тартып жатат.

 

Жума Абдуллаев, Жерге-Тал кыргыздарынын Бишкектеги өкүлү:

- Ооба, чындап эле боордоштор үчүн оор болуп атат. Жакшы билесиздер, тоолуу аймактардын кышы оор болот, быйылкы кыш да оор болуп, Жерге-Талдагы эл абдан оор мезгилди башынан өткөрүп жаткан кези. Жолдун жабылышы дагы чоң сокку болду. Жакыны-тууганы кайтыш болгондор барып топурак салалбай, жолуга албай калды. Жергеталдык кыргыздар ооруганда көбүнчөсү Ошко келип дарыланчу, чегара жабылгандан бери бул да жок. Ошондой эле айта турган нерсе, чегаранын жабык калганы эки мамлекеттин тең бюджетине оор сокку болду десек болот. Ишкерлердин ишине да зыян болуп, көптөгөн кишилердин жумушу токтоп турат. Бийликтеги жетекчилерибиз ушуну туура түшүнүп, Мургаб жана Жерге-Тал жолдорун ачып койсо дейбиз.

 

Акылбек Атабаев, Мургаб кыргыздарынын Бишкектеги өкүлү:

 

akylbek1- Айланайын Мургаб, Жерге-Талдык туугандар, ооба кырдаал оор, бирок Кыргыз Республикасынын жерине басып кирип биздин эгемендүүлүгүбүзгө түкүрүп, биздин чек арачыларга ок чыгарып, минамет менен аткан Тажик Республикасынын аскерлери жооп берип, кечирим сураганга жарабаса, корккондой болуп чек араны ачканы туура эмес болот го дейм. Ар-намысыбыз бир болсун! Сары-Колдо тарыхта ачарчылыктан киши өлгөн эмес, кайрат кылыңыздар! Биз сиздер менен!

 

 

 

 

 

 

 

 

"Учур" гезити

Зулпукаар Сапанов

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены