Жер жылдызы Жерге-Тал: Латофат

Жер жылдызы Жерге-Тал: Латофат

Жерге-Талда эртели-кеч жарык өчүп калат. Бул кечте да жарык жок, каш карайып калганда, үйгө бир келин шапа-шупа кирип келди. Дасторкон үстүндө отурган элек. Конок ээсинин келинчеги менен сөзү бар окшойт, өздөрүнчө тажикче сүйлөшүп жатканда, анча деле көңүл бурган жокмун. Бир маалда үй ээси «Бул Латофат, Жерге-Талдагы жалгыз ырчыбыз» деп калды, мага карап. Шам жок болгондуктан, көз байланган кезде келиндин жүзүн жакшылап көрө албадым, ак жуумал, бети тегерек, жоолук салынган. Жашы 40тарга чукулдап калган менен, наздуу кыздай, шыңк этип күлгөн мүнөзүн байкадым. Бир аз чалган менен кыргызча шар сүйлөгөнүн угуп кызыгып, кыргызча ырдаганын угуп, айран таң калдым. Алгач назарыма алган жок элем, кийин баамдасам, бакырая караган көздөрүндө кандайдыр сыр жаткандай сезилди, көрсө жетимчиликтен улам, көзү жакшы көрбөй калыптыр. Айтып отурса, оорукчан болуп, аялы бар бирөөгө тийиптир.

 

Жерге-Талчы ырчы Латофаттын сырдуу, муңдуу, ырдуу маеги


 

Latofat Jergetal 2Айтымы, анысы деле башка жерде жашап, күйөө болуп жыргатпайт окшойт. «Караңгыда силерди сүрөткө тарта албайт экем, эртең жолугалы» деп сүйлөштүк. Бирок эртеси шашылыш бир жакка кетип калыптыр. Ошону менен Латофатты көрсөм да, түшүмө киргендей элес-булас гана эсимде калды. Бир гана чөнтөк телефонума жаздырып калган үнүн укканда, кыргыздар Латифа деп чакырган сырдуу ырчыга чындап жолуккан экенмин деп калам. Анда ошол үн тасманы сиз да угуп коюңуз.

 

Латофат:

Атым Латофат. Жерге-Талдан болом. Тажикстандын Жерге-Тал ооданында кыргыздар менен аралаш жашайбыз. Ошондуктан кыргызчаны, кыргызча ырларды жакшы билем.

 

“Жайлоого чыксам кымызга” деген ырды өзгөчө жакшы көрөм.

 

Жолуктум сулуу жигитке,
Ашык болдум мен өзүңө,
Айдай сулуу жүзүңө.
Таарынба эми сүйгөнүм,
Тагдыр экен ай дүнүйөнүн.
Табышмактатып ыр жазып,
Кош бол эми сүйгөнүм. 

 

“Бишкекке жаздым саламды” деген ырды билем:

 

Бишкек эли, аманбы?
Тууганым алыста болсо,
Катымды качан жазамын?
Асманда жылдыз көп болот,
Таң келген сайын жок болот.
Балдарды сүйсөң тандап сүй,
Жалганчы балдар көп болот.

 

Кыргызчаны биз Жерге-Талдын кыргыздарындай сүйлөйбүз. Кыргызстандык кыргыздар адабий тил менен сүйлөшөт. Бизге Кыргызстандын өкмөтүнөн коноктор келип, биздин маталарды (көйнөктөрдү) камерага тартып кетишет. Маталарды (көйнөктөрдү) көрүп, чырайлуу (кооз) деп айтышат. Бизди келип ырдап кеткиле деп Бишкекке конокко чакырышты. Анан бардык.

 

2007-жылы барып, конок болуп келгенбиз. Барганда аялдар биздин шымдарыбызды көрүп, ушундай кийинесиңерби деп таң калышкан. Бишкек кеңири экен. Райондорду, айылдарды кыдырып көрүп келгенбиз.

 

Мен мектепте окуп жүргөндө да Кыргызстанга көп баргам. Бул райондун акими болуп иштеп турган Зууракан деген кыргыз эже бар. Ал эженин күйөөсү менин агайым эле. Азыр дүйнөдөн өтүп кетти. Зууракан эже иштеп турган убакта районго коноктор келгенде эже мени чакырып, конокторго ырдап, концерт коюп берип турчумун.

 

Өзүмдүн күйөөм, эки кызым бар. Кыздарымдын улуусу 6, кичүүсү 5 жашта. Аларды эртең менен бала бакчага алып, өзүбүз жумушка барып кетебиз. Мен Жерге-Тал маданият үйүндө иштейм. Дүйшөмбү шаарынан да телевидение, радиодон тартып алалы деп келишет. Тажиктин мурунку эски улуттук матасы (көйнөк) менен шым кийип, жоолук салынып алып ырдайбыз.

 

Менин кан басымым жогору көзүм ооруйт, эки жолу операция болгом. Көп ойлонбо деп айтышат. Биз тогуз бир тууган, өзүбүздүн апабыз эрте каза болуп, эрте жетим калганбыз. Атам башка аялга үйлөнүп, абдан кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрүп чоңойдук. Кичинекейимде өгөй апам башка көп урган. Ошондон улам чоңойгондо башым көп ооруп, кан басым бир калыпта эмес, ооруканаларга көп жаттым, операция болдум.

 

Бишкекте “Ойлойсуңбу?” деген ырды жаттадым. Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө ооруканада дарыланып жатканда, бир бөлмөдө кыргыз аялдар менен чогуу жатып калдым. Ошолордун арасында бир аялдын беш баласы бар экен. Ал мени Латипа, ырларды мага үйрөт, мен ырдайын деп кагазына жазып алат эле. Мен ырдайт элем, мага кошулуп ал аял да ырдайт эле. Ошол ырлардын бири “Айлуу түндү” өзгөчө жактырып калган.

 

Айлуу түн түнкүсүн,
Сен жанымда жүрчүсүң.
Каткырып мен күлгөндө,
Сен да кошо күлчүсүң.
Таарынам, таарынам,
Мен тагдырга таарынам.
Таарыныч жаман экен,
Сүйгөнүмөн айрылдым.

 

Жерге-Талда жашаган кыргыздардын үйүндө той болгондо мен кыргызча ырларды ырдап берем. Ушул ырларга күйөөлөрүбүз, балдарыбыз, кыздарыбыз бийлешет. Бизде Лакшы деген район бар. Ал жакта кыргыздар кыргызчаны бизден жакшы сүйлөшөт, кыргызча ырларды ырдашат. Алар мага сен кыргызча ырларды билесиңби деп сурашты. Мен билем деп ырдап берсем, алар абдан курсант (кубанышты) болушту.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены