Жаштар-улуттун келечеги !

Жаштар-улуттун келечеги !

Мургаб райондук жаштар, спорт жана туризм сектору 2017–жыл Жаштар жылына карата түзүлгөн биринчи жарым жылдык иш планынын негизинде, районубуздун жаштар арасында тарбиялык, спорттук жана маданий иш чараларды өткөрүүдө.

 

Үстүбүздөгү жылдын 28–апрель күнү райондук жаштар, спорт жана туризм сектору мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органы, райондук прокуратура жана райондук борбордук оорукана менен биргеликте, районубуздун жаштары менен азыркы күндөгү бүткүл дүйнө жүзүндө актуалдуу болгон проблемалар: терроризм, коррупцияга каршы күрөшүү, наркомания, ВИЧ-СПИД, жаштар арасындагы өз өмүрүнө кол салуу, жаш үй бүлөлөр арасындагы ажырашуу жана жакын туугандардын ортосундагы турмуш куруунун кесепеттери, ошондой эле Тажикистан Республикасынын “Ата эненин балдарды тарбиялоодо жана окутуудагы милдеттери” жөнүндөгү мыйзамынын аткарылышы боюнча жолугушуусу мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын чоң залында болуп өттү.

 

Жаштар менен болгон бул жолугушууда Ражабова У, Сафарзода Б, Термечикова А, Хуросониев Х, Жапаров Т. жана Камчыбеков Ж. өз кесиптерине жараша жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 

Ошондой эле 9-май Улуу Жеңиштин 72 жылдык маарекесине карата райондук жаштар, спорт жана туризм сектору тарабынан, районубуздун жашоочулары жана жаштары арасында волейбол боюнчаспорттук мелдешиуюштурулду. Бул спорттук мелдешке жалпысынан 6 аялдар командасы жана 7 эркектер командасы, б.а. 96 оюнчулар катышышты. Бул жылкы Улуу Жеңишке арналган волейбол оюуну жаштар арасында өзгөчө кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү. Бардык командалар жакшы даярдыктар менен келишкен. Атап айтсак: эркектер арасындагы командалар Ыраң-Көл жамаатынын Чечекти айылынын командасы, Мургаб жамаатынын “Жаштар-87” командалары кызыктуу оюн көрсөтүштү. Жыйнтыгында эркектер командасынан 1-орунду “Жаштар-87”, 2-орун ИИМБ командасы (милиция) жана 3-орунду “Мургаб-1” командалары жеңип алышты. Ал эми аялдар командасынан 1-орунду “Жаштар-1”, 2-орун “Волонтерлор” жана 3-орунду “№1 орто мектеп” командалары жеңип алышты.

 

Каримов А

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены