Жаш жубайлар: Памирде сүйүү жок (сүрөтбаян)

Жаш жубайлар: Памирде сүйүү жок (сүрөтбаян)

Ооганстандын Улуу жана Кичи Памириндеги улутташтарыбызга Кыргызстандан кезектеги гуманитардык жардам жеткирилди.

 

Бул үчүн өкмөт 10 млн. сом бөлгөн. Деңиз денгээлинен 4200 метр бийиктиктеги Кичи Памирде 136 үй-бүлө, 8 шуура (айыл) бар.

 

Кичи Памирде эл тарабынан шайланган Эрали бай 4-5 жылдан бери хандык кылат.

 

Дарыгердер тобу 350гө жакын адамдын саламаттыгын текшерип, дары-дармек таратты.

 

 

Pamir suiuu jok 1 1 Pamir suiuu jok 1 2
Pamir suiuu jok 1 3 Pamir suiuu jok 1 4
Кызыл жоолукту кыздар, ак жоолукту келиндер салынат. Кичи Памирде аялдар эркектерден калышпай тамеки тартат.
Pamir suiuu jok 1 5 Pamir suiuu jok 1 6
Чөнтөк телефонун музыка угуп, сүрөткө тартуу үчүн пайданышат. Кичи жана Улуу Памирде жылдын 10 айы кыш болот. Эң төмөнкү температура -30, эң жогоркусу +15.
Pamir suiuu jok 1 7 Pamir suiuu jok 1 8
Күнүмдүк рацион негизинен эт жана нандан турат. Экспедициялык топ Кичи Памирде.
Pamir suiuu jok 1 9 Pamir suiuu jok 2 1
Салтанат Бараканова жана Абибилла аксакал. Памир кыргыздары ислам динин катуу карманат.
Pamir suiuu jok 2 2 Pamir suiuu jok 2 3
Колунда бар улутташтар, спутникалык антена аркылуу кыргыз телеканалдарын көрүп турушат. Жаштардын айтуусунда Памирде сүйүү жок. Баарын ата-эне чечет.
Pamir suiuu jok 2 4 Pamir suiuu jok 2 5
Памир кыргыздары салттарды бекем тутушат. Улуу Памир деңиз денгээлинен 4300 метр бийиктикте жайгашып, анда 150гө жакын үй-бүлө, 6 шуура (айыл) бар.
Pamir suiuu jok 2 6 Pamir suiuu jok 2 7
Памирде кыздар барктуу келишет. Аялдардын ашканасы боз үйдүн сол жагында жайгашкан.
Pamir suiuu jok 2 8 Pamir suiuu jok 2 9
Топоздун майын карынга салып сакташат. Турмуштун оордугу жана шарт жоктугунан ар бир үй-бүлө эрезеге жете элек 2-3 баласынан айрылат.
Pamir suiuu jok 3 1 Pamir suiuu jok 3 2
Памирде кыздар дагы деле турмушка эрте узайт. Эң алды 12-13 жаш. Чыныгул 13 жашта. Ата-энесинин айтуусунда, ал 17ге чыкмайынча турмушка узатышпайт.
Pamir suiuu jok 3 3 Pamir suiuu jok 3 4
Памирде кол өнөрчүлүк жоголуп баратат. Памирде аялдар жана балдар өлүмү дагы деле курч бойдон.
Pamir suiuu jok 3 5 Pamir suiuu jok 3 6
Кыздар 5-6 жашка чыкканда, элге “чач өрдү” тоюн беришет. Топоз күнүнө 6 литрге чейин сүт берет.
Pamir suiuu jok 3 7 Pamir suiuu jok 3 8
Улуу Памирди башкарып келген Турдакун ажы бир жарым ай мурун дүйнө салыптыр, учурда жаңы хан шайлана элек. Аялдар көбүнчө төрөттө тону түшпөй каза табат.
Pamir suiuu jok 3 9 Pamir suiuu jok 4 1
Балдардын көбү катаал шартка чыдабай жарык дүйнө менен кош айтышат. Балдарды 3-4 жаштан баштап сүннөткө отургуза башташат.
Pamir suiuu jok 4 2 Pamir suiuu jok 4 3
Азык-түлүктү Памир кыргыздары 3 күндөп жол жүрүп, Вахандан алып келишет. Экспедициялык маршрут 5 миңден ашуун чакырымды чапчыды.
Pamir suiuu jok 4 4 Pamir suiuu jok 4 5
Памирде топоздун сүт чайы көп ичилет. Кыздардын калыңы 60тан 100 койго чейин, ага кошумча ондогон топоз берилет.
Pamir suiuu jok 4 6 Pamir suiuu jok 4 7
Кыздар 5-6 жаштан баштап, үй оокатын үйрөнө башташат. Нанды топоздун сүтүнө жасашат.
Pamir suiuu jok 4 8 Pamir suiuu jok 4 9
Боордоштор топоз, кой, эчки, төө жана жылкы багат. Курут, май, каймактарды башка азык-түлүккө, буюмдарга алмаштырышат.
Pamir suiuu jok 5 1 Pamir suiuu jok 5 2

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены