Жарандык коргонуу боюнча жалпы машыгуу

Жарандык коргонуу боюнча жалпы машыгуу

ТБАОнун төрагасынын 28.11.2016-ж. №423 токтомунун негизинде “2017-жылда жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу жөнүндөгү негизги иш чараларынын планы” боюнча Мургаб районунда пландаштырылган машыгуу өткөрүлдү.

 

Адегенде ТР Өкмөтүнүн алдындагы Өзгөчө Кырдаалдар Комитетинин төрагасынын Өзгөчө Кырдаалдар (ӨК)жана ЖК(ГО) боюнча №101 13.05.2017-ж. буйругунун, ТБАОнун ӨК жана ЖК Jarand korgoon boiunch 2боюнча төрагасынын №2 15.05.2017-ж. жана Мургаб району боюнча ЖКнын төрагасынын №10 15.05.2017-ж. токтомунун негизинде райондо 22-23-майда Жалпы Жарандык Коргонуу боюнча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Андан соң 24-26-майда райондо ЖК күчтөрүнүн жана жетекчилик курамынын командалык составынын аракеттери боюнча комплекстүү райондук машыгуу өткөрүлдү. Бул күндөрү Өзгөчө Кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиянын 2017-ж. 10.02. №1с/31-2 токтомуна ылайык суу тосмолорун чыңдоо боюнча Мургаб жамаатынын Көпүрүк-Башы, Тажик-Махала участкаларында суу ташкынынан, селден сактануу боюнча коомдук пайдалуу иштер жүргүзүлдү. Бул иш чараны өткөрүүгө ӨК жана ЖКнун бардык каражаттары жана күчтөрү, ошондой эле Мургаб жамаатынын жашоочулары жалп этилди. 26-май күнү бул боюнча практикалык аракеттер боюнча машыгуу болду. Эртең мененки саат 06:30 да Көпүрүк-Башы айылында ЖКнун “Тревога” белгиси берилип, 450 жашоочу 07:30 да коопсуз жайга эвакуация болуп, жеткирилди. Анда “жабыркаган жашоочуларга” 15 чатыр тигилип, ысык тамак-аш ж.б. керектүү нерселер менен камсыздалды.

 

Бул маанилүү иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу менен, жогорку уюмдар тарабынан, областтык ӨК жана ЖК комиссиясынын чечими менен райондук машыгуу жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилештии. Иш-чараны ТРнын Өзгөчө Кырдаалдар комитетинин калкты ӨКга даярдоо боюнча башкармасынын жетекчиси, полковник Халимов Мерали жыйынтыктап, жалпы машыгууга катышкан ар бир жашоочуларга, райондун мекеме-уюмдарына, жетекчилерге өз ыраазычылыгын билдирди.

 

Бул иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн райондук ӨК жана ЖК комиссиясынын жана райондун төрагасы М.Жоошбаевке, райондук ӨК жана ЖКнын жетекчиси подполковник Б.Жусуповко жана жалпы мекеме уюмдардын жетекчилерине ардак грамоталар тапшырылды.

 

Т.Абдалимов.

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены