Жаңы-Жерде жер талаш

Жаңы-Жерде жер талаш

Сокулуктун Жаңы-Жер айылына Тажикстандан көчүп келген кыргыздар өкмөттөн жер бөлүп берүүнү талап кылууда. Алар Жаңы-Жерде 18 жылдан бери турушса да, турак-жай үчүн да, чарбалык иштери үчүн да үлүш жерине ээ боло албай жатканына даттанышат. Бул айыл округунда 34 улут өкүлдөрү түтүн булатышат.

Жерге-Талдан келгендер жерге муктаж

Тажикстандагы жарандык согуштан баш калкалап качкан андагы Жерге-Тал, Шаар-Туз, Мургаб жергесинин тургундары 1993-жылдан тарта Кыргызстанга келе башташкан. Айылдык кеңештин депутаты, теги кыргыз Салим Имранов ошол келгенден бери үлүш жерине ээ болуша электигин кеп кылууда.

 

- Мен ушул маселени беш жылдан бери көтөрүп келатам. Канча жолу кайрылдым, районго да, облуска да. Мурдагы губернаторлор Сыйдановдун, Кумаровдун маалында көтөргөм маселени. Бирок алар деле жер жок деп жооп беришкен. А чындыгында жер бар. Текшерип келсе эле жер чыгат.

 

Ал эми Жаңы-Жер айыл округунун башчысы Николай Сарыоглу үлүшкө берер жер жоктугун, анткени баары мындан 15 жыл илгери эле жеке менчикке таратылып кеткенин айтат. Жаңы-Жерге жер талашты чечүүгө келген Жаратылыш ресурстары министрлигинин жер инспектору Окен Караталовдун айтымында, Кыргызстанда жерди үлүшкө берүү 1996-жылдан тарта атайын токтом менен токтотулган. Бирок үлүш жерге башкача жол менен ээ болсо болот дейт ал.

 

- Ошол токтомдун негизинде, эгер жаран ошол айыл округдун аймагында 1996-жылдын 1-июлуна чейин жашап жана иштеп жаткан болсо, анда ал үлүш алууга акылуу. Анан эгерде андан кийин келсе, кезекке туруп арыз жазат. Анан ошол айыл округунда бирөө таштап кетип, бошоп калган жер үлүштөрү болсо, ошону берүүгө акысы бар.

 

Тажикстандан 1994-жылы келсе да, документтери бүтпөй, Кыргызстан жарандыгын алалбай кечигип, ошол 96-жылга илешпей калгандардын бири Абдулазиз Орунбеков. Анын айтымында, учурда Жаңы-Жерде жеке менчиктеги 1 гектар жердин жылдык ижара акысы 21 миң сом. Эгер мамлекет өз корундагы жерин бизге ижарага берсе эки тарап тең пайда көрмөк дейт ал.

 

- Бирөөнүн үлүш жерлерин талашып жаткан жерибиз жок. Биз мында чыр-чатак сала турган максатыбыз деле жок. Биздин максат - өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун 1200 гектар жерин ортого коюшсун. Мисалы, 1 гектар жерди жеке менчиктен 21 миң сомго ижарага алгандан көрө, ошол жерди 5 миңге алып колдонсок, бизге да, мамлекетке да пайда болот да.

 

"Кайрылмандан" кайрым жокпу?

Айыл округунун башчысы Николай Сарыоглу болсо, өкмөттүн корундагы жерди ижарага берүүгө болорун, бирок ал сынактык негизде ишке ашырыларын белгиледи:

 

- Кайра бөлүштүрүү корунун жери ижарага берилет. Үлүшкө берилбейт. Биз мыйзамга ылайык, сынактык негизде ал жерлерди ижарага бергенбиз. Учурда кайра бөлүштүрүү корунун 1200 гектар жеринен ижарага берилгенден кийин 111 гектар жер калды. А үлүш 1996-жылга чейин жашагандарга берилет. Ал эми биздегилердин айрымдары Кыргызстандын жарандыгын 2004-2007-жылдары да алышкан. Мыйзамга ылайык аларга үлүш жери берилбейт.

 

Тажикстандан Жаңы-Жерге көчүп келгендердин саны азыр 1600дү чамалаптыр. Алардын 167си гана 1996-жылга чейин айыл округунда жашап жана иштеди деп эсептелип, үлүшкө ээ болушкан. Түпкү тарыхый мекенине кайрылууну каалагандар үчүн Кыргызстанда "Кайрылман” аттуу программа кабыл алынган. Анда 14 түрдөгү жеңилдиктер каралган экен. Анын ичинде ири алдында паспорт жана жер тилкелерин алууда жеңилдиктер аталган. А бирок Жаңы-Жерге мурдатан көчүп келип, программа ишке киргенге чейин Кыргызстандын жарандыгын алып алышкандыктан аталган жеңилдиктерге алар уруксат ала алышпайт. Мындай жардам "Кайрылман” программасы кабыл алынган 2006-жылдан кийин көчүп келген теги кыргыздарга гана берилет. Ошентип, же эрте келбей, же кеч келбей, дээрлик 1,5 миңге чукул жаран арабөк калып отурат. Ал ортодо Жаңы-Жерде, дегеле Чүйдө жердин куну өсүп, үлүш алуу ансайын татаалдашып баратат.

 

08.06.2011

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены