«ЫНТЫМАК» ТВны этникалык кыргыздар онлайн көрүшүүдө

«ЫНТЫМАК» ТВны этникалык кыргыздар онлайн көрүшүүдө

«Ынтымак» коомдук регионалдык телерадио компаниясынын теле материалдарын Тажикстандагы этникалык кыргыздар он-лайн түрүндө көрүшүүдө. Телеканалдын сайтына жайгаштылырган он-лайн ТВны www.sary-kol.ru өздөрүнүн сайтына жайгаштырып, көрүүчүлөрүнө сунуштап келет.

 

«Ынтымак» КРТРКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрында атайын токтомдун негизинде түзүлгөн. Улуттар жана этникалар аралык биримдик, маданияттар аралык карым-катнаш, Кыргызстан элдеринин биримдиги үчүн таанып-билүүчүлүк, балдарга арналган, маданий жана маанай-шат программалар аркылуу калктын көзкарандысыз жана объективдүү маалыматка болгон талабын камсыз кылууга, коомдук берүүнүн ролун көтөрүүгө максатталган.

 

Учурда телеканалда 14төн ашык программалар көрүүчүлөргө сунушталат. Ал эми "Ынтымак" радиосу Ош жана Жалал-Абад облустарында FM 106,1 жыштыгында уктурулат. "Ынтымак" ТВ Ош жана Жалал-Абад облустарында 58-каналдан, ошондой эле Ош шаарында 8-санарип каналында көрсөтөт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены