Убайымдуу Умар

Убайымдуу Умар

Экс-президент Роза Отунбаева "Азаттык" аркылуу жардам сурап кайрылган бир жаранга кол сунуп, акчалай кайрым кылды. Бишкектин четиндеги Маевка айылынын тургуну, 3-топтогу майып Умар Турдубеков "Азаттыктын" "Эл үнү" берүүсү аркылуу кыйын турмушта күн кечирип жатканын, үйдө неберелери ачка отурганын айтып, колунда бар кишилерден жок дегенде бир айга сегиз миң сом карыз берип турууну өтүнгөн. Ал Тажикстандын Мургаб районундагы туугандарынан жардам келсе карызды кайра үстөгү менен төлөп берээрин да айткан эле. Бүгүн "Таңкы Азаттыктан" муну угар замат Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева бул кишиге жардам берүүнү чечет. Ошентип Роза Отунбаева бүгүн эртең менен "Азаттыктын" кеңсесине күтүүсүздөн кирип келди. Экс-президент мындай кайрылууга абдан зээни кейигенин айтуу менен Умар Турдубековго берип коюуну өтүнүп, "Эл үнүн" алып барган кабарчыбыз Аманбек Жапаровго он миң сом таштап кетти.

 

Бирок Умар Турдубеков Маевка айылында жашаарын гана айтып, кайра байланышканга дайын-дарегин калтырбаптыр. Кабарчыбыз Аманбек Жапаров аталган айылга барып, көчөмө-көчө издеп жүрүп акыры ал жашаган үйдү табат. Бу киши Маевканын четиндеги бир жаңы конушта, шарты начар эки бөлмө тамда ижарада кызы, 8 жана 10 жаштагы неберелери менен турат экен. Кызы Ош базарында нан сатып иштеп, анын тапканы чай-чамекке араң жетет экен.


Умар Турдубековдун өтүнүчү


 


Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, эч кандай жардам ала албаптыр. Өзү үй-бүлөсү менен 1993-жылдары Тажикстандын Мургаб районун көчүп келип, кийинчерээк Кыргызстандын жарандыгын алат. Бирок турмушу оңолбой, алты жыл мурда жубайы кайтыш болуп кетиптир. Эми Мургабдагы ага-туугандарынан жардам күтүп атыптыр. Азыр 57 жаштагы Умар Турдубековдун көзү жакшы көрбөйт, 3-топтогу майып. Кабарчыбыз Умар Турдубековду кеңсеге алып келген соң "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Жумагулов ага экс-президенттин аманатын тапшырды. Умар Турдубеков бул жардамды алып жатып, бышактап ыйлап жиберди. Анан өзүн токтоткон соң Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирип, аны Курманжан даткага теңээрин айтты.

 

turdubekovЭкс-президент Роза Отунбаева "Азаттык" аркылуу 3-топтогу майып Умар Турдубековго акчалай жардам берди. Умар Турдубеков "Эл үнү” берүүсүнө жардам сураган кайрылуусун билдирип, кызы, эки небереси менен Маевка айылында өтө оор абалда жашап жатышканын белгилеп, телефон номурун, так дарегин айткан эмес. Бейшемби күнү эртең менен экс-президент Роза Отунбаева Умар Турдубековдун кайрылуусун радиодон угуп, анын оор абалына зээни кейип, шашылыш "Азаттыктын” кеңсесине келип, Турдубековго 10 миң сом акча таштап кеткен. Биз издеп жүрүп Умар Турдубековду таап, экс-президенттин аманатын тапшырдык.

- Сиздин жардам сурап кайрылган өтүнүчүңүздү экс-президент Роза Отунбаева "Эл үнү” берүүсүнөн угуп алып, шашып кеңсебизге келип, 10 миң сомун сизге берип койгула деп таштап кетти.

- Мен экс-президент Роза эжени абдан урматтайм, сыйлайм. Себеби жакында эле өз каалоосу менен бийликти тынч жол менен мыйзамдуу өткөрүп берди. Ушул эжеге ырахматымды айтып, Курманжан датка энебиздин тукумдарына кошуп кетер элем. Эми Роза эжеге абдан чоң ыраазычылыгымды билдирип, чын ден соолук, иштеринде ийгилик каалайм. Ушундай мээрман адамдар көп болсо. Айрыкча Кыргызстанда. Мына ошондой кишилер мамлекетти оңдойт, элдин тагдырын чечет. Эже, эртең менен радиодон менин үнүмдү угуп, өзүнүз келип, өз колуңуздан жардам бергениңизге абдан ыраазымын. Кудай алдында башмыды ийип, таазим кылып, мына кубанганыман ыйлап да жибердим. Ошондой эле ушул "Азаттык” радиосуна да абдан ыраазымын. Ушундай көйгөйдү ар ким эле түшүнө бербейт. Кокустан 8 айлык неберем ачкадан бирдеме болуп калса эмне кылат элем? Кудай алдында "Азаттык” радиосуна да абдан ыраазымын.

 

Мургаб районунан качан келдиңиз эле?

- Мен Тажикстандын Тоолуу-Бадакшан автоном облусунун Мургаб районунан болом. Бизди памирлик кыргыздар дейт. Көзүм жакшы көрбөйт, үчүнчү топтогу майыпмын. 1993-жылы үй-бүлөм менен Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген алгчкы этникалык кыргыздардан болом. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын толук ыйгарым укуктуу, мыйзамдуу жараны болом. Убактылуу жашаган жерим, паспортум, катталган жерим, документтеримдин баары бар. Андан сырткары 7-апрелде Ала-Тоо аянтында болуп өткөн окуяга катышкам. Кемпирим каза болгонуна алты жыл болду. Карамагымда эки неберем бар. Бирөө 8 айлык, бирөө 10 жашта. Он жаштагы неберем оорулуу, акылы кем болуп окубай да калды. Мен бар болгону көзүмөн майыптыгым үчүн миң сом пособие алам. Кызым болсо базарда майда-чүйдө сатып, 100-150 сом табат. Ал тамак-аштан ашпайт. Батирге айына 3 миң сом төлөйбүз. Светти жакканыбызга жараша өзүбүз төлөйбүз.

 

- Жашоо шартыңыздын начар экенин көрүп келдим. Ошондой болсо дагы бир суроо берейин. Сиз Мургаб районунан келдим дедиңиз. Ал жакта там-ташыңыз, ага-тууганыңыз барбы?

- Мургаб районунда менин там-ташым, ага тууганым бар. Кудайга шүгүр. Бардыгы жетиштүү. Мен өзүм жогорку билимдүүмүн. Кыргыз тил, адабияты боюнча мугалиммин. 1993-жылы бир топ депутаттар Мургабга барышып "кыргыздар, өзүңөрдүн Ата мекениңерге кайтып барсаңар болот, өкмөт "Кайрылман” деген программа кабыл алды, барсаңар бардык жактан жардам берилет”, - дешкен. Ошондо алдыңкылардан болуп жүзгө чукул үй-бүлө бул жакка көчүп келгенбиз. Ошол жылы филармонияда жалпы кыргыздардын I Курултайы болуп, ошого катышып, анан Аскар Акаев мырзага добуш бергенбиз. Биз Ош облусуна жакын болгонго байланыштуу Оштун аймагынан жер бөлүп бергиле деген сунушубузду айтканбыз. Ошондо Ош облусунун губернатору "жер бизге жетпей жатса, буларды башыбызга урабызбы”,-деген. Ошол жерде Чүй облусунун губернатору да бар эле, ал "Сары-Өзөн Чүй кенен, баарын батырат. Биз жер беребиз”,-деген. Анан биз Бишкекке келип 8-кичи райондон жатаканадан бөлмө алып, бизге паспорт берип, каттодон өтүп, жарандык алганбыз. Анан Силаев деген шаар башчы болгондо бизди жатаканадан кууп чыккан. Мына ошондон бери ар кайсы жерде баш паанек кылып жүрөбүз.

 

- Кыргызстан 20 жылдан бери экономикалык жактан кризиске батып, эл кыйналып жатканын көрүп, жокчулукту жон териңиз менен сезип атыпсыз. Мургабда уулдарыңыз бар экен, үй-жайыңыз бар экен. Ал жакка барып жашаганга мүмкүнчүлүк жокпу?

- Мүмкүнчүлүк бар. 26-декабрда Кыргызстандагы Тажикстандын элчилигине кайрылдым. Абалымды консулга айтып жардам сурасам, ал "арыз-муңумду бир туугандарыңа жөнөтөбүз, жеткиребиз, алар келишет" дешти. Бир туугандарым келсе, Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, кайра өз жериме, өз элиме кетип калсамбы деген бир ой келди. Анын үстүнө ден соолугум да начар. Көзүм да жакшы көрбөйт. Кокустан бир нерсе болуп кетсем эмне болот?

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены