Тянь-Шань менен Памирди аралаган темир жолдун келечеги барбы?

Тянь-Шань менен Памирди аралаган темир жолдун келечеги барбы?

Тажик президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке расмий сапарынын жүрүшүндө бир катар макулдашуулар менен катар Россия менен Казакстанды, Кыргызстанды аралап, Тажикстан аркылуу Афганистанга, андан ары Перси булуңуна чыга турган темир жолу куруу жөнүндө чечимге кол коюлду.

 

Бул чечим ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте болгон бейформал саммитинде президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен каралып талкууланды. ЖККУнун лидерлери бул жолдун техникалык-экономикалык негиздери иштелип чыксын деген чечимге келишти.

 

Кыргызстандагы Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы темир жолдордун курулушун долборлоо дирекциясынын директору Канат Абдыкеримов Би-Би-Сиге буга чейин атайын иштелип чыккан долбоор жок экенин билдирди. Бул жолдун Кыргызстандын ичиндеги маршруту Балыкчыдан баштап Жалал-Абадга, андан Тажикстандын чек арасына Карамыкка барышы пландалуда. Анын узундугу сегиз жүз километрге созулат. Бул жолдун курулушун ким каржылай турганы азыр чечиле элек. Канат Абдыкеримовдун айтымында, Евразия банкы же башка ири инвестор керек болот.

 

Бул курулуштун наркын дагы, түйшүгүн дагы Кыргызстан өзү көтөрө албайт. “Ошондуктан бул жолду Кыргызстан, Казакстан, Россия болуп бирге курушат”,-деди Канат Абдраимов. Бул жол Ѳзбекстанды айланып курула турган долбоор болуп жатат. Расмий Ташкенден кандайдыр бир реакция боло элек. Анткен менен өзбекстандык экономист эксперттер Тянь-Шань менен Памир тоолорун аралап салына турган темир жолду келечеги жок долбоор катары сындашууда.

 

Mezon.uz сайтында жарыяланган макалада Бахтияр Эргашев деп кол койгон эксперт бул жол Тажикстан аркылуу кетсе, туюкка барып такалат деп жазат. “Тажикстандан Персия булуңуна кантип жетет? Кундуз аркылуубу? Мындай географиядан чачың тик турат”,-дейт эксперт. Анын пикиринде, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген темир жол куруу маанилүү, аны Тажикстан менен байланыштырып, эки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү жакшы максат. Бирок бул долбоор Россияны кызыктырышы кыйын.

 

“Тянь-Шань менен Памир тоолорун аралап Персия булуңуна товар ташыгысы келген россиялык ишкер чыгарына ишенбейм. Ѳзбекстан менен Түркмөнстан аркылуу кеткен реалдуу транспорт коридорлору турбайбы”,-деп жазат Бахтияр Эргашев. Акырында аталган эксперт “Жамааттык коопсуздук келишим уюму качан мандатын өзгөртүп, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин да карап калды эле?”-деп таңданып сөзүн бүтүрөт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены