Тажикстандан жолдошун ээрчип келген Зульфия жеңе Алайдагы мыкты келиндердин катарын толуктайт (фото)

Тажикстандан жолдошун ээрчип келген Зульфия жеңе Алайдагы мыкты келиндердин катарын толуктайт (фото)

Тажикстандын Мургаб районуна караштуу Көөнө-Коргон айылында өскөн Зульфия Кутушова келин болгондон кийин Алайга көчүп келишкен. Учурда айылда мыкты келин аталып, чайкана ачууга жетишти. Жолдошу Акжол Тагайбек уулу менен эки жыл сүйлөшүп жүрүп, баш кошушкан. Ынтымактуу, үлгүлүү жашап жаткан үй-бүлө менен аймактык кабарчы таанышты.

 

Зульфия жеңе жолдошу айылга практикант болуп келгенде таанышкан.

 

«Жолдошум Мургабда жашачу. Мен Мургабдан үч чакырым алыстыктагы Көөнө-Коргон айылынан болом. Жолдошум кесиби боюнча ветеринар. Аны тажрыйба топтоо үчүн биздин айылга жөнөтүшүптүр. Мен ал кезде окууну аяктап, үйдө жүргөм. Анын Tadj Zulfia Alai  44ары-бери өткөнүн көрүп калчумун. Ошентип жүрүп бири-бирибизди жактырып калдык. Кийин жеңелерибиз тааныштырды. Экөөбүз эки жылга жакын кыз-жигит болуп, баш коштук. Жаңы келин болуп келгенде кайындарымды тергегенден бир аз кыйналдым. Унутуп калып, атынан атап чакырып алган учурлар көп болду. Кийин Алайдын Сары-Могол айылына көчүп келдик», - деди Зульфия жеңе.

 

Акжол мырза келинчегин шайыр мүнөзүнөн улам жактырып калган.

«Келинчегим адамдар менен бат тил табышып кетет. Шайыр мүнөзү мени өзүнө арбап алган. Жумушка да тың, кандай иш болбосун жасай алат», - деди ал.

 

Зульфия жеңе айылга 10 жыл мурун чайкана ачкан.

«Биздин айылда турмуш-тиричилик мал менен өтөт. Мен бээден башка бардык малды саай алам. Өзгөчө бизде топозду көп кармашат. Топозду сааган абдан кыйын, буттарын тушап койбосоң саап жаткан жерден тээп жиберет. Мындан сырткары чайкана да иштетем», - деди З.Кутушова.

 

Учурда Акжол мырза айыл өкмөттө мал дарыгери болуп эмгектенет. 16 жылдан бери түтүн булатып келе жаткан үй-бүлө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.

 

Tadj Zulfia Alai  4 Tadj Zulfia Alai 2

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены