Тажикстандагы кыргыздар тамырынан ажырагысы келбейт

Тажикстандагы кыргыздар тамырынан ажырагысы келбейт

Тажикстандын бийликтери этникалык кыргыздарды улуттук тамырынан ажыраткан жапырт тажиктештирүү саясатын жүргүзүп жатканын кыргыз интеллигенциясы айыптап, атайын кайрылуу жолдогон жатат. Алардын жүйөөсүндө, соңку жылдары тажик бийликтери кыргыздар басымдуу жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорунда жер-суу аттарын тажикче атап, мектептеги окууну текши тажик тилине которуп, жетекчилик кызматтан кыргыздарды четке сүргөн басмырлоо саясатын жүргүзүүдө.

 

Аким Кожоев Тажикстандан Кыргызстанга журт которгонуна бир жылдан ашты. Ал Жерге-Тал районунда мугалим болуп иштечү. Тажик бийликтери кыргызча окуткан мектептердеги окууну тажик тилинде жүргүзүп баштагандан кийин бул жакта келечек жок деп ойлоп, Кыргызстанга келген. "Жер-сууларыбыздын тарыхый аттары жасалма тажик аттарына көчүрүлдү. Кыргыз тили кысымда калды, мектептерде кыргыз тилиндеги сабактар кыскарды. Тажикстан тарыхынӨ географиясын которбой туруп эле кыргыз мугалимдерге таңуулап атышат.

 

Отузга жакын кыргыз мектеп болсо, бир гана алтынчы класстын тарыхы гана которулган. Кыргыздар үчүн жашоо оорлоп, көчүүгө камынгандар көп”,-дейт Аким. Тажикстандагы кыргыз мугалимдер өздөрү окуу китептерин кыргыз тилине которуп даярдап беришкен экен, бирок тажик бийликтери каражат жок деген шылтоо менен окуу китептерин чыгарбай, анын ордуна тажик тилиндеги окуу китептерин таңуулап жатыптыр. "Ошондой эле Жерге-Тал районунда мамлекеттик башкаруу кызматтарында кыргыз улутундагылар жокко эсе болуп калды,-дейт Аким. – райондук администрация башчысы, анын орун басарлары, сот, прокурор, милиция башчысы, билим берүү башчысы баары тажиктер”. Тажикстандагы Жерге-Тал районунда калктын 70 пайызы этникалык кыргыздар.

 

Ал эми Мургаб райондорунда андан да көп. Башка райондогу кыргыздарды кошо алганда алардын саны алтымыш миңге барат. Тажикстандагы кыргыздардын кысымга алынып жаткан абалы жөнүндө жакында Ишеналы Арабаев атындагы тегерек үстөл жыйынында чоң сөз болду. Бул жыйынга катышкан интеллигенция өкүлдөрү Кыргыз бийлигине кайрылып, Кыргызстандагы тажиктердин маданий-этникалык өнүгүү маселелери кандай чечилип жатса Тажикстандагы кыргыздарга да ошондой камкордук көрүүнү талап кылуу жөнүндө маселе менен тажик бийликтерине маселе коюуга чакырышты.

 

90-жылдарда Тажикстанда жарандык согуш убагында бул райондордон миңдеген кыргыздар Ала-Тоого журт которуп келишкен. Бирок соңку жылдары Памирлик кыргыздардын арасында миграция толкуну кайра көтөрүлдү. Түбү ошол жергеталдык журналист Жолдош Турдубаевдин айтымында, азыр элдин түп көтөрө көчүүгө түрткөн башкы себеп тажик бийликтеринин дискриминациялык басмырлоо саясаты болуп жатат. "Эмне үчүн Кыргызстандагы тажик тилдүү жарандарга көрүлгөн камды ал жактагы кыргыздарга көргүлө деп талап кылбайбыз. Бизде деле түштүк тарапта жер-суу аттарынын кыйласы тажикче экен.

 

Мисалы, Баткен деген шамалдын кени деген түшүнүктү берет экен. Айтылуу скульптор Тургунбай Садыковдун туулган Голсуар – уй минер, өгүз минер деп которулат. Буларды биз да өзгөртүшүбүз керекпи? Ушуларды эмне айтпайбыз? Муну токтотуш керек? Эки эл эзелтен бир тууган болгон, тарыхый тагдырлаш болгон. Географиялык жана башка жакындыгы, кызыкчылыгы да окшош. Ошого маани бербей наадандык кылып жаткандарды тыйыш керек. Республикалык жетекчиликтин деңгээлинде маселе коюш керек. Эгер чечилбесе биз дагы жооп кадамдарга барышыбыз керек”,-дейт Жолдош Турдубаев. Кыргызстанда Баткен областында тажик тилинде окуткан мектептер бар, аларга мамлекет окуу китептерин тажик тилинде чыгарып берген.

 

Тажикстандын Бишкектеги элчилиги этникалык кыргыздардын абалы жөнүндө кыргыз интеллигенциясы көтөрүп жаткан маселеден кабардар. Арабаев атындагы университетте өткөн жыйынга Тажик элчилигин өкүлү катышып, Тажикстандагы этникалык кыргыздардын турмушунда кабатыр болчу эч маселе жок деген жооп кайтарган экен. Тажикстанда жарандык согуш болуп жаткан 90-жылдары ал жактагы кыргыздарга вице-президент болуп турган Ф. Кулов гуманитардык жардам жеткирип барган. Андан бери өткөн жыйырма жыл ичинде Кыргызстандын бийлигинен бери эч ким барып кабар ала элек.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены