Тажикстан Сарез көлүн сатат

Тажикстан Сарез көлүн сатат

Тажикстандагы Сарез көлү ташкындоо коркунучунда турганын баяндайт. Тажик өкмөтүндөгү Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин башчысы Талбак Салимов Борбор Азиядагы ири суу ташкынынын алдын алыш үчүн Сарездеги сууну тез арада агызып жиберүү же каалоочуларга сатуу керек экенин айтып чыккан.

 

Сарез көлү Тоолуу Бадахшан облусундагы Мургаб районунда жайгашкан. Анын узундугу 70 чакырым, тереңдиги 500 метр, анда 17 чарчы чакырым суу сакталат. Көл жер титирөөдөн кийин пайда болгон. "Сарезде суу ташкындаса Арал деңизине чейин сел каптап, 6 миллион адам коркунучка кабылат" деп жазат  "РИА Новости".

 

Ал арада орусиялык "Спутник" маалымат агенттиги расмий Дүйшөмбү Сарездеги сууну эмес, көлдүн өзүн кытай компаниясына сатууну ойлонуп жатканын маалымдайт. Борбор Азия боюнча Москвадагы эксперт Андрей Грозин Тажикстан көлдү кытайларга сатып жиберсе, мындан Өзбекстан жабыр тартпайт деп ишендирген. Кытайдын "Heaven Springs Dynasty Harvest Group" компаниясы азыр Сарезден суу сатып алып, Тажикстанда таза суу өндүрүшүн ачып, аны аймакка сатууга бел байлап жатканы кошумчаланат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены