Таджикистандан келген кыргыздар тууралуу (видео)

Таджикистандан келген кыргыздар тууралуу (видео)

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан тарта Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорунан Кызыл-Кыя шаарынын аймагына этникалык кыргыз жарандары көчүп келе баштаган. Учурда шаар аймагында эки жүзгө жакын үй-бүлө жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү устачылык, жергиликтүү базарда соода-сатык менен алектенет. Үй эмеректерин жасоочу кичи ишканаларды ачып, жергиликтүү казынага салык төлөйт.

 

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Рахматтула Абдуллаев: “1993-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунан Кызыл-Кыя шаарына согуштун кесепетинен көчүп келдик.” Рахматулла Абдуллаев Кызыл-Кыя шаарына келген күндөн тарта устачылык менен алектене баштайт. Алгачкы жылдары жашоо кыйындап, шаар тургундарынын үй эмеректерин оңдошот. Учурда 11 баланын атасы, короосунда эмерек жасоочу кичи ишкана ачып алган.

 

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Рахматтула Абдуллаев: “Көчүп келгенден бери 5-6 жыл мебель боюнча шугулданып, эмеректерди калыбына келтирип, муздаткыч да оңдодук. Кийинчерек станок сатып алып 2-3 жыл болду кичинекей цех ачып азыр шаардын балдар бакчасынын, мектептердин, кеңселердин эмеректерин жасап атабыз. Колумда өзүмдүн эки балам иштейт. Сырттан да келип иштешет.” Кызыл-Кыя шаарында өткөн жылы ачылган «Алтын балалык» балдар бакчасынын эмеректери Рахматтула Абдуллаевдин ишканасында жасалган. Балдар бакчасында иштеген тарбиячылардын айтымында башка жактан келген эмеректерден айырмасы жок жана сапаттуу.

 

 

Учурда Кызыл-Кыя шаарынын аймагында Тажикстандын Жерге-Тал районунан келишкен 35 ал эми Мургаб районунан келишкен 130 дан ашуун үй-бүлө жашашат. Алардын жашоо шартына жергиликтүү бийлик тарабынан көмөк көрсөтүлүп турат. Бирок шаар башчысынын айтымында,тескерисинче алар кичи ишканаларды ачышып, салык төлөй башташты.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Калмурзаев: “Шаарга салык төлөөнү башташты. Андан тышкары канчалаган иш орундары болду. Өздөрү цехтерди ачып, базардан жайларды кылышып, эмерек дүкөндөрүн ачышып бир топ жакшы иштерди жасап жатышат.” Башка аймактан көчүп келип, жергиликтүү шартка көнүп жашап кетүү да кыйын дешет. Бирок эмгекчил аракет менен бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө болот.

 

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Кашеков Орунбай: “Чоң кызым университетти бүтүрдү. Баламды үйлөдүм. Экиден үй сатып алдык. Жарандык паспортторду алганбыз. Баарыбыз кыргызстандын атуулубуз.”

 

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Рахматтула Абдуллаев: “Мургабдан келеби, Жерге-Талдан келеби баарыбыз кыргызбыз. Жакшы аракет кылсаң баардык жерден нан табасың, жашайсың. Бирок аракет жасаш керек, кыймылдаш керек.”

 

Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб районудорунан өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан тарта этникалык кыргыздар Кызыл-Кыя шаарынын аймагына көчүп келе башташкан. Жергиликтүү тургундардай эле орточо деңгээлде жашашат. Бирок шаар аймагынан башка жактарга көчүп кетишкен үй-бүлөлөр да бар.

 

КБК, Кызы-Кыя шаары.

18 февраль 2013 ж.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены