Түрк жергесин коргогон вандагы памир кыргыздары

Түрк жергесин коргогон вандагы памир кыргыздары

Түркиянын Ван өрөөнүндөгү кыргыздардын арасынан Түркиянын армиясында жана полициясында кызмат кылган жигиттердин саны арбын.

 

Алар негизинен айыл коргоочулары болуп эмгектенет, бирок түрк армиясындагы жогорку кызматтарда иштегендер да бар. Бүгүнкү күнгө чейин жикчил күрттөр жашаган аймактарды коргоо учурунда жалпысынан беш кыргыз шейит болсо, он кыргыз жараат алган экен. Вандык айыл коргоочулары менен ага жакын жайгашкан күрт топтору ортосунда кез-кез кагылышуулар болуп турат.

 

Али Тимурдун окуясы

31 жаштагы Али Тимур үстүбүздөгү жылдын 14-январында Түркиянын Битлис аймагында террористтер менен салгылашууда далысына жана алаканына ок тийип, оор жараат алган. Ага карабастан эки жоочуну жок кылууга жетишкен. Бир канча оор операциялардан кийин азыркы тапта Анкарада дарылануусун улантууда.

 

- Ошол күнү Битлисте эки күндүк аскердик операция болгон эле. Түнкү саат бирде салгылашуу башталды. Далыма жана алаканыма ок тийди. Бирок эки террористти жок кылууга жетиштим. Жанымдагы досторумдун айрымдары каза тапты, кээ бири жаракат алышты.

 

Turk jerin korg Pamir 2
Али Тимур ооруканада

 

Али он жылдан бери түрк армиясынын атайын бөлүмүндө кызмат кылат. Ал жараат алгандыгына байланыштуу түрк өкмөтү эми анын үй-бүлөсүнө да жеңилдиктерди убада кылган. Али эң негизгиси балдарынын окуусуна колдоо көрсөтүлүп жатканына ыраазы:

 

-Азыр өкмөт балдарымдын окуусуна да колдоо көрсөтүүдө. Менчик мектепке берсем да жеңилдиктер болуп, аз акча төлөп окутушум мүмкүн экен. Жол киреге, салык төлөөдө жеңилдиктер болот деп айтышты.


Анкарада аскер бейтапканасында дарылануусун улантып жаткан Али Тимурдун кайрадан аскер кызматына кирер-кирбеси белгисиз. Бул дарыгерлердин акыркы чечими чыккандан кийин дайын болот:


- Азыр дарыгерлер эч нерсе дей элек. Анткени билегимдин тамыры үзүлүп кеткендиктен колум жакшы иштебейт. Эгер кызмат кылууга жарайт деп тапса, кайра эле аскерге барам. Эгерде андай болбой калса, анда башка мамлекеттик иштерге которулууга мүмкүнчүлүк берилет.


Ата жолун тандаган Шүкрү

2016-жылдын 11-июлунда Ван аймагында террористтердин жардыруусунан айыл коргоочусу Туратбек Гүрожак набыт болгон. Анын беш баласы жетим менен аялы жесир калды. Туратбектин уулу Шүкрү атасын көрүп аскердик кесипти тандаганын айтты:


- Мен да атамды көрүп аскер болгум келчү. Азыр түрк армиясында офицермин. Атамдын шейит болгонуна байланыштуу мага жеңилдиктер бар. Мисалы, азыр мен Шырнак аймагында кызматтамын, буюрса бир айдан кийин каалаган аймакка которулсам болот.

 

Turk jerin korg Pamir 3
Шүкрү Гурожак (ортодо), шейит кеткен атасынын тажиясында. Июль, 2016-жыл

 

Шүкрү Гүрожактын карындашы 23 жаштагы Эвагүл азыр Анкарада апасы менен турат. Атасы кызматта жүрүп каза тапкандан кийин өкмөт атасынын айлыгын апасына төлөп берип жаткан экен. Эвагүл учурда жумушсуз, бирок жогорку билимдүү, эми мамлекеттик ишке кирем десе жеңилдиктер болорун айтты.


- Шейиттердин балдарына мамлекеттик иштерге кирүүгө жеңил экен. Агам кийинки жума келсе, атамдын шейит болгонуна байланыштуу документтерди алып берем деди. Ал документ болсо ишке бизди биринчи ирет алышат экен деп билдим. Атам бул топурак үчүн жанын берди, мен дагы түрк коомуна пайдалуу болсомбу дейм.

 

Turk jerin korg Pamir 4
Туратбек Гүрожак менен коштошуу зыйнаты

 

Шейиттерди унутпаган вандыктар

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коому 12-мартта Анкара шаарында дал ушул Түркиядагы кыргыз шейиттердин жана жаракат алгандардын эрдигин унутпай, иш-чара уюштурду. Аталган коомдун жетекчиси Курманбек Кутлу Түркияда шейит болгон же жараат алган вандык кыргыздар башка түрктөрдөй эле укуктарга ээ экенин белгиледи:


- Вандык кыргыздардын арасында айыл коргоочулары, аскерде жана полицияда иштеген жаштар көп. Алар түрк жараны болгондуктан укуктары башкалардай эле. Жеңилдиктер деле мыйзам чегинде болот. Атайын бир жеңилдиктер же чектөөлөр жок. Негизинен биздин кыргыздардын арасынан полиция, аскерде эмгектегендер көп арабызда.

 

Turk jerin korg Pamir 5
Курманбек Кутлу

 

Түрк мыйзамдарына ылайык, мекенди коргоп каза болгондордун маяналары артында калган жесирине жана турмушка чыга элек кыздарына жазылат. Жол киреде, салыкта жана айрым медициналык кызматтарда жеңилдиктер берилет. Балдарынын окуусунда жана кийинки ишке орношуусунда өкмөт тарабынан колдоолор көрсөтүлөт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены