Шаардык сот журналист Сапановду сот залынан бошотту (видео)

Шаардык сот журналист Сапановду сот залынан бошотту (видео)

Бишкек шаардык соту бүгүн журналист Зулпукар Сапановду сот залынан бошотту. Анын төрт жылдык жаза мөөнөтү калды, бирок эгер эки жыл Жаза аткаруу кызматынын каттоосунда жүрүп, мыйзам бузбаса, жазасынан толук бошотулмай болду. Сот залынан чыккан журналист Сапанов “Азаттык” радиосуна маек берди.

 

"Азаттык": Бүгүн кандай чечим күттүңүз эле?

 

Сапанов: Башка салганды көрөт экенсиң. Эң негизгиси эл бар экен, кыргыз бар экен. Кудайым буюрса, бошотуп алышты.

 

"Азаттык": Буга жарандык коомдун күчү дагы себеп болду десе болобу?

 

Сапанов: Жарандык коом, журналист кесиптештериме рахмат айтам. Кесиптештерим, жарандык коом тикесинен тик турду. Эл аралык уюмдарга дагы ыраазычылык билдирем. Баары мени азап-тозоктон куткарып алышты.

 

"Азаттык": Кандай шартта кармалдыңыз?

 

Сапанов: Биринчи жолу 8-9 жылдан соттолуп чыгып, экинчи жолу терроризм, экстремизм менен 20-25 жыл соттолгон адамдар менен чогуу киргизишти. Мен өзүм экстремизм-терроризм болбосун, сырттан келген түшүнүктөр кыргызды бузбасын деп жазып жүргөн киши катары ал жерде отурган кооптуу экен. Өмүрүм дагы коркунучта болду.

 

"Азаттык": Өзүңүз чынында китебиңизде диний, улут аралык кастыкты козуттум деп ойлойсузбу?

 

Сапанов: Диний, улут аралык кастыкты козуттум деп ойлобойм. Мен суроону сырттан келген түшүнүктөргө койгом. Эми аны ар ким ар кандай түшүнөт экен. Бирок анын баары башка китептерден алынган, алардын шилтемеси коюлган. Бирок мен китепте да "бирөөнүн ишенимине, көңүлүнө тийип калган болсо кечирим сурайм" деп жазгам. Сотто дагы кечирим сурагам. Бул жол салынган китеп, алымча-кошумчалар болот. Пикириңер болсо айткыла, китеп оңдолот түздөлөт дегем.

 

"Азаттык": Толук акталуу үчүн кайра сотко кайрыласызбы?

 

Сапанов: Жогорку Сот деген бар. Бирок азыр эми кыйын жерден чыктым, моралдык жактан кыйналдым. Ошон үчүн мен азыр көп нерсени айта албайм. Эң негизгиси баарына рахмат айтам.

 

"Азаттык": Мындан ары китеп жазууну улантасызбы? Ушул нерселер сиздин мындан ары жазууңузга тоскоол болбойбу?

 

Сапанов: Мен журналистмин, келечекти дагы көрө жатабыз.

 

 

 

Зулпукар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде "диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деп күнөөлөнүп, быйыл 12-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилип, сот залынан камакка алынган.

 

“Кыдыр санжырасы” китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин дин чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл-эс, ыйман” коомдук фонду "китеп дин аралык кастыкты козутуп жатат" деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Жарык көргөн китеби толугу менен жок кылынган. Сотко кайрылган Дүйшөн Абдылдаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бүгүнкү өкүмгө карата жогорку инстанцияга кайрылуу же кайрылбоо чечими талкуулангандан кийин кабыл алынат.

 

Тажикстандын Мургаб районунда туулган Зулпукар Сапанов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Кийин аталган университетте мугалим болуп да эмгектенген. Кыргыз тилдүү бир катар гезиттерде кабарчы, редактор болуп иштегенден тышкары изилдөөчү катары кыргыздын тарыхына байланышкан бир нече макала-баяндарды жарыялап келген.

 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев ага карата алгачкы сот өкүмүн "инквизицияга кайтуу" деп атаган. Сапановдун бошотулушун айрым саясатчылар жана журналисттер да талап кылып чыгышкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены