"САРЫКОЛ" газетасына 80 жыл (сүрөт)

sarykol-gazetasyna-80-zhyl 8Мургаб районубуздун “ Сарыкол” гезитинин чыкканына 80 жыл болду. Райондук гезитинин чыгышы районубуздун тарыхында калып, гезитте жергебиздин тарыхындагы саясий, маданий жана элдин жашоо-турмушун чагылдырып келет. 2019-жылы 22-декабрда Мургаб райондук “Сарыкол” гезитинин негизделгендигине 80-жыл толду. “Сарыкол” гезити өз тарыхына Өлкөбүздүн жана Тоолуу райондун басып өткөн жолун камтып, Өлкөбүздү түптөөдө жана тынчтыкты орнотууда Улуттук биримдиктин жана тынчтыктын негиздөөчүсү, Улут ажосу Өлкө Президенти улуу урматтуу Эмомали Рахмондун көптөгөн салымы менен бирге, тоолуу жергебизге өз салымдарын талыкпай кошуп келген районубузду, жамааттарды жетектеген жетекчилерибиздин жана мекендештерибиздин эмгектерин, жалпы эле Сары-кол жергесинин жашоочуларынын турмушун, алардын кызматтарын даңазалап, ийгиликтерин “Сарыкол” гезитинин беттерине чагылдырып келди. “Сарыкол” гезити район менен тагдырлаш бирге болуп келет десек да болот. Баарыбызга белгилүү 1939-жылы 22-декабрда “Чыгыш Памир” деген ат менен алгачкы саны жарыкка чыккан. Андан кийин 1950 жылдан баштап “Сталинчи” кийин 1956-жылы “Мургаб коммунисти”, 1992-жылда Мургаб райондук аткаруу комитетинин чечиминин негизинде “Сарыкол” деп аталып, 27-жылдан бери чыгып келет.

 

“САРЫКОЛ” ГЕЗИТИНЕН КЫСКАЧА ТАРЫХЫНА ТОКТОЛСОК:

Ушул 80 жыл ичинде “Сарыкол гезитинде 14 редактор, 16 чыгармачыл жана 13 техникалык кызматчы эмгектенген. 1939-жылы 22-декабрда Мургаб райондук партиялык уюмдун бюросунун чечими менен “Чыгыш Памир” деген ат менен латын тамгасында басылып чыккан. Гезиттин алгачкы редакторлук милдеттин 1939- 1941 жылга чейин аткарып келген Тилен Таалайлин, ал ошол кезде райондук партия комитетин кызматчысы болгон, 1941-1943 жылга чейин Эрназаров, 1943-1950 жылга чейини Агайдаров болгон. 1950 жылдан баштап гезит “Сталинчи” ат менен орус алфавитинде чыга баштаган, редакторлук милдетти 1950-1953 жылга чейин, Орозбактиев, 1953-1956 жылга чейин Зайрабүбү Тыналиева, 1956 жылда райондук аткаруу комитетинин жана Эл депутаттарынын чечими менен “Мургаб коммунисти” деген ат менен чыга баштап редакторлук милдетте, 1956-1959 Айбашов Турдунияз аткарган. Жогорудагы белгиленген гезиттин редакторлору казакстандык жана кыргызстандыктар болгон. Ал эми 1959 жылдан баштап редактор болуп, Сары-кол жергесинен Зубагул Кошмурзаева дайындалып 1962 жалга чейин гезитте эмгектенген. 1962-1976 жыга чейин Бахтияр Жолдошбаев, 1976- 1978 жылга чейин Рахманкулов Малаш, 1978-1983 жылга чейин Акжаров Исраил, 1983-1992 жылга чейин Миталип Жумабаев агаларыбыз эмгектенип Сары-кол элине райондо, өлкөдө болуп жаткан жаңылыктар менен гезит бетине жарыялап элге жеткирип турган. Ошол мезгилде гезитти чыгарууга өз чыгармаларын жарыялоодо салымдарын кошуп келишкен Айылчы Жумабаев, Көкөнбек Камчыбеков, Жармамат Жусупов, Исабек Сарыков, Мухамедхалил Мурзахматов, Абдибали Алиев, Боронбай Базарбаев, Кеңешбай Абдалимов жана Суусар Токтоматова эжебиз. Ошондой эле гезиттин техникалык жактан түнү-күнү иштеп басмадан чыгарып турган Жүндүбаев Таабалды, Жолоев Ысак, Көкүлов Абсамат, Султанбаев Маматкалык, Ташматов Ырыскул, Бекмурзаев Чоокбай, Кутпидинов Тойчу, Көчөнов Токтомат, Темиров Тажикбай, Бекчороев Майрамбек жана Оторбаева Батма, Козукулова Катча эжелер эмгектенишкен. Бул редакция кызматкерлерин кызматтары менен гезит жасалгаланып чыгып турган. Жогорудагы аты аталган редакторлордун жана башка кызматчылардын көпчүлүгү бу дүйнөдөн өтүп кетсе да алардын кылган эмгектери менен сыймыктанып, элибиздин жана райондук “Сарыкол” гезитинин бетинде мындан арыда алардын ысымдары эскерилип жана сакталып келет айта алабыз.

 

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТӨН БЕРИ ”САРЫКОЛ” ГЕЗИТИНЕ КАЙРЫЛСАК;

Күнөстүү Тажикстан Өлкөбүз өз калыбына түшкөнчө гезит бир аз кыйынчылыкта калып, алты жыл бою иштебей токтоп турган. 1998 жылдан баштап ардагер Идрис Шаджановдун демилгеси менен “Сарыкол” гезитинин ишин кайра жандандыруу үчүн Султан Пармановду редактор кылып дайындап гезитин ишин өзү колго алып гезит кайра чыга баштады. Алгач гезит Ош облусунда басылып, кийин Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Хорог шаарындагы басмаканадан гезит чыгып турган. Көп жылдар редакторлук милдетти аткарып келген ардагер Султан Парманов гезиттин ишинде болгон кыйынчылыкка карабай заманбап, сапаттуу 4 беттен турган гезит кылып чыгарып келген. 2015жыл Райондук Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын төрагасы Мурзабай Жоошбаев тарабынан “Сарыкол” гезитин имарат менен камсыздап гезитин ишин дагы жандандыруу үчүн редакторлукка Гожомберди Ниязбековду дайындап, колдоо көрсөтүп келди. Ардагер Гожомберди Ниязбеков “Сарыкол” гезитти 2016 жылы 18 март айында кайра каттоодон өткөрүп гезит сапаттуу чыгышына болгон аракеттерин жумшап “Сарыкол” гезиттин жасалгалык (дизайнерлик) жактарын кайра жаңыдан калыбын келтирип, гезиттин бетин сегизге жеткирип түстүү чыгарып келген.

 

Райондук “Сарыкол” гезити Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын гезитти болгондуктан, гезиттин ээси катары колдоп ар тараптуу жардам көрсөтүп гезиттин сапаттуу чыгышын көзөмөлдөп келет. Бүгүнкү күндө редакцияда алты кызматчы эмгектенет. Редакция заманбап аудио, видео жана компьютер менен камсыздалып гезиттин тиражы 850 нускага жетип ай сайын бир жолудан Душанбе шаарында “Шарки Озод” типографиясында басылып чыгат. “Сарыкол” гезити акыркы үч жылдан бери эки тилде мамлекеттик тилде жана кыргыз тилинде чыгып, гезиттин бетине Улуттук биримдиктин жана тынчтыктын негиздөөчүсү, Улут ажосу Өлкө Президенти улуу урматтуу Эмомали Рахмондун Мажлиси Олиге кайрылуусу, Өкмөттүн токтомдору, Өлкөбүздө жана районубузда болуп жаткан жаңылыктар, саясий, маданий иш чаралар, экономикалык-социалдык өнүгүүлөр, адабий чыгармалар, куттуктоолор, калоолор жана башка статьялар чагылдырылат. Гезитин жашоосуна жана 80 жылдык маарекесине өз салымдарын кошуп, ага көп жылдар бою жазылып, колдоп келе жатышкан Райондук Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын кызматчыларына, райондук мекеме, уюмдардын жетекчилерине, мектеп мугалимдерине, айыл жамаатынын төрагаларына, айыл чарба фермерлеринин башчыларына, ардактуу ардагер агаларыбыз Курбаналиев Бакир, Чокоев Абдикарим, Алипбеков Жоробай, Алипбеков Арпидин, Алипбеков Жоомарт, Алиев Мурзамамат, Маматалиев Жумабай, Акжаров Жаркынбай, Примбердиев Абдижамил, Кадырбек Орозбаев, Шерматов Полот, Матысакова Алияхан, Назармамбетова Наватхан, жаш күйөрмандары Сатаров Эрназар, Атабаев Ахматбек, Гайбулдаев Саитали, Сатаров Өмурбек, Маматмусаев Темир, Айзада Жуниева, Бүзина Токурова жана башкаларды кошууга болот.

 

“Сарыкол” гезити Сарыкол жергесинин элинин кылган эмгегин, жашоосун чагылдырып кызматын кылып, кылым басып келген. Мындан ары да өз статусун жоготпой калкына дагы-дагы көптөгөн кызмат кылып райондун экономикалык-социалдык жана маданий өнүгүүсүнө өз салымын кошуп тарыхыбыздын күзгүсү боло бермекчи. “Сарыкол” гезитинин администрациясы журналисттерди жана гезиттин күйөрмандарын жалпы эле гезиттин окурмандарын Сарыкол жергесинин бирден бир басылмасы “Сарыкол” гезиттин 80 жылдык маарекеси менен куттуктайт.

 

«САРЫКОЛ» ГЕЗИТИНИН МУРУНКУ РЕДАКТОРЛОРУ

 

sarykol-gazetasyna-80-zhyl 2 sarykol-gazetasyna-80-zhyl 3 sarykol-gazetasyna-80-zhyl 4
Жолдошбаев БАКТИЯР 1962-1976-жылдары Рахманкулов МАЛАШ 1976-1978-жылдары Акжаров ИСРАИЛ 1978-1983-жылдары
sarykol-gazetasyna-80-zhyl 5 sarykol-gazetasyna-80-zhyl 6 sarykol-gazetasyna-80-zhyl 7
Жумабаев МИТАЛИП 1983-1992-жылдары Парманов СУЛТАН 1998-2015-жылдары Ниязбеков ГОЖОМБЕРДИ 2015-2018-жылдары

 

“САРЫКОЛ” ГЕЗИТИНИН 80 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИНЕ АРНАЛГАН КУТТУКТОО!

sarykol-gazetasyna-80-zhyl 9Урматтуу “Сарыкол” гезитинин окурмандары жана ушул гезитке талыкпай эмгек кылып, “Сарыкол” гезитинин даңкын далайга чыгарган редакция ишмерлери, ошондой эле замандаштар. Мургаб районунун “Сарыкол” гезитинин 80 жылдык маарекесин чын жүрөктөн куттуктайбыз. Райондук гезитибизге мындан ары албан-албан чыгармачылык ийгилик, кылым карытып, аты алайга, даңкы далайга белгилүү болуп чыга келишине чын жүрөктөн тилектешпиз. Ошондой эле ушул редакция ишине талыкпай кызмат кылган аталарыбызга, агаларыбызга жана бу дүйнөдөн өтүп кеткен редакция ишмерлеринин жаркын элесине урмат кылабыз жана чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошону менен бирге Сарыкол жергесинин кулуну “Сарыкол” гезитине азыркы убакта талыкпай салымын кошуп келе жаткан “Сарыкол” гезитинин башкы редактору Исраилов Нусратилда агабыздын ишине чыгармачылык ийгилик, үй бүлөөлүк бакыт таалай, кажыбас кайрат талыбас канат, ырыс бактылуулук каалайбыз жана терең урматтоо менен чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. “Сарыкол” гезитинин үстүндө эмгектенип, кадырлуу болуп жүрө бериңиз.

 

Куттуктаймын гезиттин 80 жылын,

Белгилейли, мааракесин далай кылым.

“Сарыкол” гезитибиз алгаласын!

Бул гезитти замандаштар колго алсын.

 

Асылбек Осмонбаев, Мургаб шаарчасынын жашоочусу.

 

РЕДАКЦИЯНЫН ЭМГЕК КОЛЛЕКТИВИН КУТТУКТАШАТ!

“Сарыкол” гезитинин редактору Урматтуу Исраилов Нусратилдага!

Сизди жана “Сарыкол” редакциясынын эмгек коллективин Мургаб райондук “Сарыкол” газетасынын 80 жылдык юбилейи менен райондун жамааттарынын төрагалары куттуктайт. Сиздерге чың ден соолук, үй бүлөңүздөргө бакыт, ишиңиздерге чоң-чоң чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Жамааттын төрагалары:

1.Мургаб жамаатынын төрагасы Сеитбеков Бейше 2.Г.Бердибаев жамаатынын төрагасы Аилчиев Улукбек 3.Кызыл рабат жамаатынын төрагасы Осмонбаев Эрдөөлөт 4.Ыраңкөл жамаатынын төрагасы Орозбаев Кеңеш 5.Каракөл жамаатынын төрагасы Харыбеков Топчубай 6.Аличор жаматынын төрагасы Турганбаев Абдимитабар.

 

УРМАТТУУ АКЖАРОВ НУСРАТИЛДА ИСРАИЛОВИЧ ЖАНА ЖАЛПЫ “САРЫКОЛ” ГЕЗИТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ!

Сиздерди гезитибиздин 80 жылдык маарекеси менен жана алдыңыздардагы жаңы 2020 жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ишиңиздерге жаңы чыгармачылык ийгилик, үй бүлөөлүк бакыт-таалай, бекем кайрат, чын ден соолук каалаймын.

 

“САРЫКОЛ” ГЕЗИТИНИН

80 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИНЕ

Санжырасы түптүү болгон элденбиз.

Салт санаасын бузбай келгенбиз,

Сары кол деп Аалам уккан атыңды,

Садагам ай, кандай ыйык жерденбиз.

 

Ак кар баскан тоолоруңдун чокусу,

Ак калпакчан ак сакалды сүрөттөйт,

Абаийрини улуу туткан элимде,

Аталарым изи калган бул жерде.

 

Ручка алсам сенсиң менин сырларым,

Раазымын бир өзүңдө ырларым,

Райондо 80 жылдык маарекең.

Рахмат деймин, жалгыз гезит сырдашым.

 

Ылы-Суу бар касиеттүү мазары,

Ышкыргансыйт, бийик тоодо улары,

Ылым санап сага келет сагынып,

Ысык-Көлдөн, Сары-Өзөндүн кыздары.

 

Көөнөрбөгон, бөскөрбөгөн сырың бар,

Калеми курч кыздарың бар, уулуң бар,

Кылым өтүп картайсам да өзүңдө,

Катып койгон бир өзүңө ырым бар.

 

Ойго кубат, кыялыма күч берген,

Очор-бачар жашап келем өзүңдө,

Окумуштуусу, жаштары да карысы,

Олуялуу Сары колум дейт баарысы.

 

Ленинград, Москвада жаштарың,

Лаачын куштай тез-тез азыр каттамың,

Лем-лем этип агып турса дарыяң,

Лакылдаган туям жүрөк какканын.

 

Темир Умар уулу Маматмуса тегин,

Мургаб шаарчасынын жашоочусу.

 

“САРЫКОЛ” РЕДАКЦИЯСЫ ТЕРЕҢ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕТ

Мургаб районунун “Сарыкол” гезитинин 80 жыл толуп, аны өткөрүү боюнча райондук Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органы төрагасы тарабынан атайын иш чаралар кабыл алынган. Бул иш чараны аткаруу боюнча да бир топ иштер алып барылды. Биз бүгүн 80 жылдык маарекесин өткөрүп жаткан учурда “Сарыкол” гезитин маралдык, материалдык жактан колдоо көрсөткөн райондук каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси Сатаров Элназарга, Мургаб райондук ТЭДП уюмунун жетекчиси Акжаров Жаркынбайга, райондук ветеринардык лабораториянын жетекчиси Алиякан Матысаковага жана Уюштуруу жагынан колдоо көрсөтүшкөн райондун төрагасынын орун басары Раджабова Усняга, Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлерине, Мургаб жамаатынын клуб башчысы Осмонбаев Асылбекке, Ыраңкөл жамаатынын С.Ниязбеков атындагы музыкалык көркөм мектебинин окуучуларына, мугалими Раимжанов Курбанбайга, жамаат төрагасы Орозбаев Кеңешке “Сарыкол” гезитинин мааракесине жардам көрсөтүшкөндөрү үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен алардын иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

 

“Сарыкол” газетасынын редакциясы

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены