Сары-Могол айылында этникалык кыргыздардын балдары англис тилин акысыз окууда

Сары-Могол айылында этникалык кыргыздардын балдары англис тилин акысыз окууда

Алайлык жалгыз бой эне 2 бөлмөлүү үйүнө англис тил курсун ачып, мыкты окуучуларды акысыз окутууда.

 

Алайдын Сары-Могол айылынын тургуну Ырыс Таджибаев 3 жылдан бери мыкты окуучуларга акысыз чет тилдерин үйрөтүү менен алек.

 

Ырыс Таджибаева учурда айылдагы жалгыз англис тили мугалими. Ал мектептен сырткары 6 айда 30га чукул баланы окутат.

 

«Сары-Могол айылында 2013-жылдан бери мугалим болуп иштей баштагам. Кийин окуучуларга кошумча тил үйрөт
деген сунуш келди.

Sary Mogol Ang til 1Макул болуп, алгач 4 эле окуучуга сабак бере баштагам. Бир айдын ичинде тил үйрөнүүгө кызыккандар көбөйүп, 17 окуучу окуп баштады. Учурда дагы тил үйрөнүүнү каалагандар көбөйүүдө», - деди Таджибаева.

 

Тил үйрөнгөндөр 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар. Алардын арсында мыкты окугандар акысыз окутулат. Ал эми, тил үйрөнүүнүн акысы айына 500 сомду түзөт.

 

«Учурда 25-30 бала тарбияланып жатат. Алар 6 ай бою англис тилин үйрөнүшөт. Алардын арасында мыкты окуган окуучуларга жеңилдик берип, акысыз окутам. Андан сырткары, бир үй-бүлөдөн 3 бала окуса, анда алардын бири акысыз окуйт. Окуучулар кызыгуусуна жараша үйрөнүшөт. Учурда айылда 60ка чукул бала англис тилин үйрөндү», - деди ал.

 

Ырыс Таджибаева өзү жашаган 2 бөлмөлүү үйдүн 1 бөлмөсүн курс өтүүчү класс катары жасалгалаган. Быйыл долбоор аркылуу отургучтарды толуктады. Кийинки жылдары орус тилин жана компьютерди үйрөтүүчү курстарды кошо уюштурууну пландап жатат.

 

«Бир эле тилди үйрөтүү менен чектелбестен кийинки жылы орус тилин жана компьютердик курстарды ачууну пландап жатабыз. Окуучуларыбыздын билимдүү болуп өсүшү үчүн колдон келген аракеттерди жумшайбыз», - деди Ы.Таджибаева.

 

Каарманыбыз учурда 1 кызын жалгыз бой тарбиялоодо. Ал Ош шаарында, андан кийин 2 жыл Дүйшөнбү шаарында билим алып келген.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены