Жашоодо түркүн нерселер болот экен. Айылым Баш-Гүмбөздө таң каларлык нерсеге күбө болдум. Кой баккан Койчуман аюунун мамалагын койу менен кошо багып жүрөт. Койчуман менин жердешим Баш-Гүмбөздө Карадөмөр жайытыда кой кайтарат. Байкуш мамалак энесинен ажырап калып Койчуманга тоодон түшүп келиптир.
«А дегенде коркунуч пайда болду. Тоого кайра алып барсам келип алды. Бирок мамалак менен тез эле достошуп, азыр тамак берип кадимкидей ээрчитип алам. Мамалагымдын аты «Миша». Мамалактын тамактанганы нан, конфет, печендер жана эт. Жаз жарып, күн жылыса тоого кайра алып барып таштайм .» деп, Койчуман чооң үмүттө.
Айбанда болсо энесиден ажыраганы мага аянычтуу сезим калтырды. Энеден ажыроо кандай жаман экенин элестеттим. Эх, мамалак сенда бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көрсөн кана, деп кайта бердим кыялымда.
Баш-Гүмбөз. Мургаб району
комментарии
Канымжан
Убайдылда мырза, сиз менен байланышсак болот эле, болсо мумкун бизге кызыктуу материалдарды жазып,салып турасыз...
Канымжан
Саламатсыздарбы? Мындай жана башка жанылыктарды дагы кимдер менен байланышып алып турса болот?
Мирбек
Байкуш мамалак - келечеги жок мамалак.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены