САРЫ-КОЛ: “СССРдин 60 жылдыгы совхозуна 40 жыл” (сүрөт/архив 1983 ж.)

sary-kol-sssrdin-60-zhyldygy-sovkhozuna-40-zhyl 1Осмон Атабаев СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун директору.

 

КПССтин XXVI съездинин тарыхый чечимдерин, Өлкөбүздүн Азык-түлүк программасын жүзөгө ийгиликтуүү ашыру, он биринчи беш жылдыктын план-тапшырмаларын мөөнөтүнөн мурда аткаруу үчүн бүткүл элдик социалисттик мелдештин күчөп жаткан учурунда жана КПСС Борбордук Комитетинин июнь (1983-жыл) Пленумунун, Жогорку Советинин сессиясынын тарыхый чечимдеринин таасири астында СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун жумушчу, кызматчылары совхоздун 40 жылдыгын белгилейт.

 

1943-жыл 27-сентябрь ЦК КП(б) жана Тажик ССР Эл комиссарлар Советинин токтому менен СССРде бир гана топоз өстүрүүчү совхоз болуп уюштурулган. Биринчи уюштурулганда 700 баш мүйүздүү ири мал, 700 баш кой-эчки болгон. 1963-жылга чейин совхоз 10 миң сом киреше табуу менен өз доходун 200 миң сомго жеткирген.

 

Совхоздун алгачкы уюшкан күндөрүндө Калмамат Исаков, Ахунбай Төрөкулов, Ж.Рахманкулов, Н.Алишеревалар активдүү катышуу менен совхоздун андан ары чыңдалышына өз салымдарын кошушкан. Совхоздо биринчи директор болуп У.Миралишоев андан кийин Б.П.Турунов, Д.Иманов, И.Мамираимов, Ж.Айдаров, Н.Карабаев, С.Киргизовдор иштеген.

 

Совхоз азыркы күндө экономикалык жана маданий жакган өнүккөн райондогу алдыңкы совхоздордун бири. Мында 260 ашуун үй-бүлөө иштейт. Мындан 25 чабан, 40 пастух, жогорку билимдүү 5, атайын орто билимдүү 6 адис эмгектенет. Совхоздо бир орто, бир сегиз жылдык, бир башталгыч мектеп. айылдык 3 клуб, 2 библиотека, төрөт үйү, 3 медпункт, телестанция, спорттук залы эл үчүн кызмат кылат.

 

Азыркы учурда 5193 баш мүйүздүү ири, 3997 баш майда малы бар, айдоо аянты 150 гектар, совхоз рентабелдүү. 1982-жылы 980 миң сом доход таап, 351 миң сом нактай киреше алган, совхоздун ар бир жумушчу, кызматчысынын opточо айлык эмгек акысы 300 - 350 сомду түзөт. Совхоздо 25 автомашина, 1 автобус, 7 ар түрдүү маркадаты трактор, ал эми совхоздун жумушчу, кызматчыларынын өздүк 30 жеңил автомашинасы, ар биринин ар түрдүү маркадагы мотоциклдери бар.

 

КПССтин XXVI съездинин тарыхый чачимдерине шыктанган совхоздун жумушчу, кызматчылары онунчу беш жылдыкта мамлекетке 3848 центнер эт, 116 центнер жүн сатууга, ар бир жүз тубар малдан 105тен козу, 76 баштан торпок, мамлекетке малдын тирүүлөй салмагын топоздор боюнча 235 килограмм, койлор 41 килограммдан өткөрүүгө жетишкен. Совхоз 3 миллиондон ашуун доход табуу менен 926541 сом нактай киреше алды.

 

Ал эми он биринчи беш жылдыктын биринчи жылында мамлекетке 4045 центнер эт, 152 центнер жүн, 34 центнер сүт сатууга, ар бир жүз баш тубар малдаи 101 козу, 91 торпок алууга жетишүү менен 755 миңден ашуун доход таап, нактай кирешесин 308 миңге жеткирди. 1982-жылы юбилейлик жылда совхоздун күжүрмөн эмгекчилерин шыктандырган «Булуң- Көл“ совхозун СССРдин 60 жылдыгы атындагы деп атоо жөнүндөгү Тажик ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы болду. Аны терең канааттангандык менен кабыл алган совхоздун кайратман эмгекчилери юбилейлик жылдын планын толугу менен аткарууга жетише алды. Үстүбүздөгү жылдын жарым планын аткарууда да совүоздун жумушчу, кызматчылары өздөрүнүн татыктуу салымдарын кошушту.

 

Совхоздун күжүрмөн эмгекчилери өздөрүнүн совхозунун 40 жылдыгын ийгиликтүү тосуп алуу менен өлкөбүздүн Азык-түлүк программасын жүзөгө ийгилйкгү ашыруу, он биринчи беш жылдыктын план-тапшырмаларын мөөнөтүнөн мурда аткаруу да КПСС Борбордук Кемитетинин июнь (1983-жыл) Пленумунун чечимдерин жетекчиликке алуу менен өздөрүнүн үзүрлүү эмгектерин, күч-аракеттерин жумшай беришет.

 

Совхоздун маяктары:


sary-kol-sssrdin-60-zhyldygy-sovkhozuna-40-zhyl 3Сүрөттө: СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун топозчусу, Тадж ССРинин устаты Галдыбай Гожомбедиев мүйүздүү ири баш малдардын башын өстүрүү, анын продуктуулугун арттырууда ак ниеттүүлүк менен эмгектенип, он биринчи беш жылдыктын биринчи, экинчи жылында жогорку натыйжаларды жаратты. Үстүбүздөгү жылы бекитилип берилген ар жүз баш тубар топоздон 89 баш торпок алды. Төл алуу жумушу улантылууда, Ал чечүүчү жылда алган милдеттенмесин ийгиликтүү аткармакчы.

 

sary-kol-sssrdin-60-zhyldygy-sovkhozuna-40-zhyl 4Сүрөттө: СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун алдынкы топозчусу Сапарбай Тойчубеков. Көп жылдардан бери ири мүйүздүү малдыи башын өстүрүү анын азыктуулугун арттыруу да эмгектенип жатат. Өткөн жылы карамагындагы ар жүз баш тубар топоздон 100 баш торпок алып социалисттик мелдештин алдынкыларынын катарында болду. Үстүбүздөгү жылы да төл алууда жакшы ийгиликтерди жаратууда. Ал өздүк милдеттенмесин аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

 

 

sary-kol-sssrdin-60-zhyldygy-sovkhozuna-40-zhyl 2Сүрөттө: СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун топозчусу Социалисттик Эмгектин Баатыры Бахдавлят Муродбеков. Ал 60 жаштан ашсада өзүнүн сүйгөн кесибин арнамыстуулук менен аткарып карамагындагы топоздорун чыгашасыз асырап жыл сайын жүз баш тубар топоздон 100-101 баштан торпок алууга жетишүүдө. Бүгүнкү күндө КПСС Борбордук Комитетинин июнь (1981-жыл) Пленумунун, СССР Жогорку Советинин сегизинчи сессиясынын тарыхый чечимдерине шыктанып өлкөбүздүн Азык-түлүк программасын жүзөгө ийгиликтүү ашыруу, он бнринчи беш жылдыктын чечүүчү жылынын план-тапшырмаларын мөнөөтүнөн мурда аткаруу үчүн карамагындагы топоздорун өз төлү менен чыгашасыз асыроо, кышка карата,топоздорун семиртүүнүн аракетинде үзүрлүү эмгегин улантып жатат.

 

sary-kol-sssrdin-60-zhyldygy-sovkhozuna-40-zhyl 6Сүрөттө: СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун чабаны, үчүнчү даражадаты Эмгек Даңкы ордениним кавалери Суксур Таабалдиева көп жылдардан бери ата жолун жолдоп жубайы Мамай Жапаров менен чабан болуп иштеп келатат. Анын алгачкы жылдардагы ийгилиги кубанарлык. Ал онунунчу беш жылдыкта карамагындагу тубар койлордун ар жүзүнөн 109, он биринчи беш жылдыктын биринчи жылында 101, ал эми үстүбүздөгү жылы 106 баштан козу алууга жетишти. Ал өзүнүн мындан аркы кайраттуу эмгегин дагы мал өстүрүү, анын продуктуулугун арттырууга жумшоодо.

 

sary-kol-sssrdin-60-zhyldygy-sovkhozuna-40-zhyl 5Сүрөттө: СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун алдынкы чабаны Эргеш Сатыбалдиев. КПСС Борбордук Комитетинин май,ноябрь(1982-жыл) Пленумдарынын чечимин жетекчиликке алуу менен өлкөбүздүн Азык-түлүк программасын ийгиликтүү жүзөгө ашырууга өз салымын кошууда. Ал жыл сайын төл алууда, жүн алууда жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылып келатат. Үстүбүздөгү жылы ар жүз тубар койдон 98 баштан козу алууга жетишти.


 

Куттуктаймын 40ка толушун

Атабаев башкарган, 68 жылдык совхозу.

Өзгөрүп 40 жыл ичинде,

Өркүндөп өстү чарбасы.

Өткөн 40 жыл ичинде,

 

Улуу кичүү баарысы.

Салымын кошту ишине,

Каарман болду Бахдавлят

Адал иштеп ишинде

 

Алдыңкы совхоз аталдың,

Галдыбай – Суксур даңк алып.

Як совхоз кетти алга деп,

Совхоздор турат таң калып.

Куттуктайм кыркка толушуң,

Өркүндөп өссүн конушуң.

 

Чөндөбай Орозбаев

 

“МУРГАБ КОММУНИСТИ”

31-июль 1983-жыл

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены