САРЫ-КОЛ: Кыз көчүрүү (узатуу) салты

САРЫ-КОЛ: Кыз көчүрүү (узатуу) салты

Кыз көчүрүү - кызды турмушка чыккан үйүнө жөнөтүп, уясына кондуруу жөрөлгөсү болуп саналат. Мында кыздын энеси эки токочтун ортосуна май салып кыздын койнуна катат. Мунун мааниси кыз барган жеринде ток жүрсүн дегендикти билдирет.

 

Андан соң кыз отурган көшөгөсүн жыйнап алып, анын арасына төш этти ороп, кыздын жеңесине беришет, ал көшөгөгө оролгон төштү кайнэнесине берет, ал көшөгөнү үйгө жакындаганда кыз бетине тосуп барышат.

 

Кызды көчүрүү учурунда кыздын бутун жер бастырбай төшөк, шырдак, кийиз салып анын үстү менен басып барып, анан тепшиге чыгарып, улоого мингизишкен, азыркы учурда машинага салышат. Кыздын атасы кызын көчүрүүнүн алдында каалгасынын эки жанына май сүйкөп койот. Атасы кызынын белин кур же жоолук менен бек байлап, "оң кайрыл" (кыз оңго кайрылат), "сол кайрыл"- (кыз солго кайрылат) деп колунан өпкөндө, кыз кайтарып, атасынын колунан өөп анан улоого түшкөн. Ошол учурда кыздын энеси, же бар болсо чоң энеси кошок айтып коштошушат.

 

Кыз көчүргөндөгү кошок:

Салкын жерге бакканбыз,

Саамайына көз мончок такканбыз.

Көлөкө жерге бакканбыз,

Көкүлүнө көз тиет деп,

Көз мончок алып такканбыз.

Кайынатаңды хандай көр,

Кайынэнеңди жандай көр.

Айткан акыл насаатын,

Агарып аткан таңдай көр!

Адебиңе ээритип,

Акылыңа мээритип.

Урпагыңар уланар,

Ак батасын ала көр!

Ашкан айкөл бала көр!

Кайнатаңды бектей көр!

Кайнилериңди чептей көр!

Суу сунсаң да сумсайбай,

Алтын аяк балдай көр!

Барган жериңде бак таалай орносун.

Алтындан бешик ыргаткын.

Алганың менен жыргагың.

Ак алма берип ойноткун,

Алпештеп бала соороткун.

Көк алма берип ойноткун,

Көтөрүп бала соороткун.

 

Кыз көчүргөндөгү өлөн айтуу жөрөлгөсү

Илгери Сары-Кол кыргыздары күйөөгө чыгып жаткан кызды көчүргөндө, эркек адам ат үстүндө туруп кызды сооротуу үчүн өлөн айткан. Өз үйүнөн турмушка чыккан жарынын үйүнө бара жаткан кыздын башына эки жеңеси көшөгөсүн тартьтп жаап турган, ал эми өлөң айткан адам ошол көшөгөнүн үстүнө чачыла чачып минтип өлөң айткан:

 

Ыйлаба кыз, ыйлаба той сеники,

Кош арыктан аттаган кой сеники!

Тоюң болду өлөңдү мен айтайын,

Өлөң айтуу жакшы салт бул элдики.

Жибек менен чырмалган чий сеники.

Бахмал менен капталган үй сеники.

Алган жарың түбөлүк ушул жигит.

Турмушуңа дайыма күй, сеники.

Ыйлаба кыз, ыйлаба, той сеники!

Мында келсең өз энең чачың сылар,

Анда барсаң кайнатаң орун басар.

Мында келсең өз атаң, чачың сылар.

Кайрылгырдын энеси о, кайрылсаңчы,

Кара чачым кетти деп, жыгылсаңчы.

Бурулгурдун энеси о, бурулсаңчы,

Бурма чачым кетти деп, жыгылсаңчы! - деп өлөң айтып ырдаган.

 

Эгерде кыздын көзүнөн бул учурда жаш чыкпаса катышып отургандардын көзүнө өөн учурап, кеп кылышкан.

 

Турмушка чыккан кыз кайын журтунун үйүнө көчүрүлүп келе жатканда "келин келди" деп ал жерде жаш балдар үч жерде аркан тосуп турушат. Биринчи аркан тоскондорго бир жилик эт менен бет арчу беришет, экинчисине кур жана допу беришет, ал эми үчүнчүсүнө болсо акча берүү менен арканды үзүшөт.

 

Ошол мезгилде жигиттин энеси "келиним көп сүйлөбөсүн деп оозуна боорсок салып, келиним көп баспасын" деп калың салынган төшөктө бир топ убакытка чейин отуруп алуу ырымын кылуусу керек. Күйөө баланын жакын эже, жеңелеринен башы бүтүнү келин келерден алдында даярдалган жалчиман менен үч жолу келинди ооздандырат. Андан кийин келин салам айтып жүгүнөт, элечектин үстүндөгү атайын коюлган жоолукту кичине кайинилеринин бири алып качат. Үйгө кирерде келиндин алдына атайын шырдак, төшөк салып киргизет. Бул жөрөлгө отко кирүү деп аталат. Отко кирген келин ата- баба салты боюнча май оозданып, майдан кичине алып аны отко салып, анан төргө өтүү менен, дагы бир жолу жүгүнүп салам айтат.

 

Андан кийин "чөмүч көөлар" жөрөлгөсү өткөрүлөт. Бул жөрөлгөнү өткөрүү үчүн чоң казанга шөөла деп аталган тамакты алдын ала даярдашат да, анан келиндин оң колун жеңеси кошо кармап, пахта оролгон кепкир менен ал оокатты оң жакка үч, сол жакка үч жолу аралаштырат.

 

Кыздын атасы берген унаа табагына адегенде өзү салып, дасторконго койбостон туруп, көшөгөгө жеңелери менен кирип, үч жолу өзү ооз тийип анан дасторконго койгон да, андан кийин курбу кыздары, жеңелери менен чогуу жешкен. Ошол кезде көпкө чейин, сүйлөбөй, баспай отурган кайынэнеси келиндин койнундагы токочторду алат. Андан кийин келиндин себин жеңелери көшөгөге илишет. Андан соң чогулуп келишкен кошуналарына, туугандарына "келин кешик" деп, келин ала келген эттен, нандан, боорсоктон жана башка азык түлүктөн, анан дагы сандыгындагы септеринен берген.

 

Жаңы келген келинди көчүрүп келгендер кетердин алдында "кызды уясына кондуруу" жөрөлгөсү өткөрүлгөн. Келинди көчүрүп келишкен энеси, чоң энеси, эжелери, жеңелери жер алыс болсо бир күн түнөп, жер жакын болсо ошол эле күнү үйгө кайтар мезгилде келиндин кайнэнеси "аштуу болсун"- деп күрүчтөн, "балалуу, малдуу болсун"-деп жети чүкө келиндин этегине салып, андан тышкары "үйдөн көп чыкпасын"- деп балка жана чоң кесек көк туздан келиндин этегине бастырып койгон. Келиндин келген үйүндөгү болочок жашоосунун, турмушунун уланышы ушундай жөрөлгөлөрдүн аткарылышына байланыштуу деп билишкен.

Жаңы келген келинди кайнэнеси түз мааниде эмес, өтмө маани сөздөрдү айткан.

Мисалы: "Боюма учук сиңирейин!", "Күн бүркөө, ай экөө, жылдыз жыш"- деген.

 

Илгертен Сары-Кол жергесинде жаңы келген келин эртең менен туруп үйдүн түндүгүн тартып, анан от жаккан. Жаңы келин кайнатасы уруксат бермейинче деерлик жыл бою кайнатасына көрүнгөн эмес, кээ бир ыймандуу келиндерди, а түгүл ошол айылдагылар да көргөн эмес экен. Айылга чоочун бирөөлөр келип калса ашканага кирип жашынган.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены