Сары-Кол кыргыздарынын үйлөнүү үлпөт салты

Сары-Кол кыргыздарынын үйлөнүү үлпөт салты

Кыргыздар байыртадан бери тарыхтын жолун татыкттуу басып келген эл. Мына ушундай тарыхый узак жашоосунда жана баскан жолунда кыргыз бабаларыбыз өздөрүн каадалуу элбиз дешкен. Кыргыздардын акылмандыгы салттуу ырым-жырымы, жорук-жосуну, каада-салты, мырзалыгы байыркы экендигин жана бай экендигин ырастайт. Байыркы кыргыздар ири салтанаттарды, майрамдарды, улуу күндөрдү, той-аш сыяктуу шаң күндөрдү, ырым жырымдарды өткөрүшкөн.

 

Ар кайсы жерлердеги урууларга, кошуна-колоңдорго чакырыктар кетип, кыргыздардын башы чогулуп, ага башка элдерден меймандар келип каадалуу маарекелер болгон. Салттуу элдин каада салттары көргөзүлүп, улуттук оюндар уюштурулуп, комуз чертилип, ыр ырдап, бата айтылып, бир нече күндөп шаан-шөкөт өткөн.

 

Жаштар үйлөнгөндө, балдардын тоюнда, жолго чыгаарда, жер көтөргөндө, ж. б. элдик майрамдарда илгертеден келе жаткан каада эрежелери, шаңы сакталып, элдин аброю, маанайы көтөрүлгөн, бата, тилек айтылып ырлар ырдалган. Мына ушундай өз эмгеги менен төрт түлүгүн асырап, жайдын ысык аптабына, кыштын ызгаар суугуна тоңуп, жашаган үйү өз мээнети менен кол эмгегинен жаралган «Боз үй» деп аталып, көчүп, конуп түйшүк тартып келген кыргыз элинин бир уучу Сары-Кол жеринде отурукташып калганы айдан ачык. Каада-салт, үрп адат демекчи, ар бир элдин басып өткөн тарыхы, анын аң сезими менен тыгыз байланыштуу. Ошол менен бирге коңшу жашаган элдердин да бири-бирине таасир этүүсүү мыйзам ченемдүү.

 

«Дүйнөнүн чокусу» деп аталып ааламга атагы кеткен Памирдеги Сары-Кол өрөөнүнүн өмүр таржымалы, ал жерди кылымдардан бери мекендеп келе жаткан бир ууч жашоочулардын тарыхына маданиятына, салтуу ырым-жырымына, каада-салтына өзгөчө маани бере турган жер. Сары-Кол Борбордук Азиядагы Тажикистан Республикасынын Тоолу Бадахшан Автономиялуу облусунун аймагына тиешелүү болгон Мургаб району, Тажикистандын чыгыш жагындагы Сары-Кол деп аталган өрөөндө, башкача айтканда, чыгыш Памирде жайлашкан. Тажик эли менен эзелтеден ирегелеш кошуна жүрсөк да Сары-Кол кыргыздары өзүнүн салт-санаасын, үрп-адатын жоготпой келгендиги кимди гана таң калтырбайт.

 

Сары-Кол кыргыздары илгертен эле баласын үйлөнүүгө даярдаганда , ага жуп боло турган келечектеги жубайын ата-тегине урук-ужутуна, ден-соолугуна, динге ишенгендигине, келбетине, өңүнө айрыкча көңүл бурушкан. Бул боюнча эл арасында кеңири айтылып, ал муундан-муунга уланып, улуу адамдар, кийинки жаштарга анын маанисин, жубайын кантип тандоосун түшүндүрүп келишкен. Адегенде эле ата-эне уулуна жар тандоодо кыздын энесине карата эне үлгүсүнө карата баамдашакан. «Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал»- деп кызга жуучулукка келип кыздын колун сурайт:

 

Кыздын колун сураган эр жигиттин салты экен,

Куда сөөк болушкан, ата- баба салты экен.

 

Кыздын ата-энеси тууган уруктары менен кеңешип, жообун күттүргөн. Уул жакты жактырса, кызга жеңелеринен айттырып кыз уулду көргөнү «үй жандатып» экөөнү көрүштүргөн. Үй жандаган уул жеңелери менен кызга куру кол келбестен көйнөк, жоолук сыяктуу белек алып келген (жеңелерине да берген). Ал эми кыз болсо, өзү сайып, четин түйгөн «жүз арчуу» жана «кур жоолук» белек берген. Экөөнүн көңүлдөрү төп келген болсо, жеңелери аркылуу жуучу келер күнүн белгилешкен. Кыз жак тууган- уруктары чогулушуп жуучуларды күтүшкөн. Анан уул тараптын тууган-уруктары чогулушуп жуучулукка келишкен. Жуучулардын башы мынтип сөз баштайт:

 

Элден келген элчибиз,

Журттан келген жуучубуз.

Кызыңарды бизге келин кылып бергиле!

Уучуңарды узартып, Уулубузду уул кылып алгыла!

 

Бата кылып кыз бериш салтынан бир өзгөчөлүгү кыз атасы жуучу болуп келгендерге түз эле «макулмун» - деп макулдугун берген эмес. Ал өзүнүн ага- туугандарынан көңүлү сүйгөн тууганына буйурган.

 

Мисалы; «Бул тууганым билет деп»- ыйгарган. Ыйгарганына жооп кылып «Мен билчүү болсом, тизе бүгүп, кол кушуруп, кулдук урган кудааларга «кызыбызды бердим»- дегенде отурган жуучулар «кулдук»!-дешип ордуларынан тик туруп, оң колдорун бооруна алып кулдук урушкан. Кыздын энеси жуучулардын оң мүрүлүрүнө урпак сээп баштаган ишти ак тилек менен «жуучу тонду» кийгизишкен. Чогулган тууган-урук, кошуналарына бир койдун этин тартып берип, бата тоюн беришкен.

 

Андан соң кудалашкандар өздөрүнчө чогулуп кызга «бүчү боо» деп акча таштап:«Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт»-деп «кыз калыңын» бычышкан. Калың башы кара мал, калгандары майда мал, акча, кийим кечек, кыз кийими,айтка туш келип калса «айттык берүү», «ооз жоолар»,»көшөгө боо», «кайнэне чыкпас», «тогуз табак», «жооп суроо» ж.б ырым жырымдарды тойго чейин сүйлөшүп алышкан.

 

Той күнүн белгилөө да Сары-Колдо кыздын атасынын уруксаты менен болгон, ал «жооп суроо» деп аталат. Уул жак жооп алыш үчүн бир союш. нан, боорсок, кызга, ата-энесине кийим, бир туугандарына да куру койбой кийим кечек алып келишет. Ушул күнү эки жак той күнүн белгилешкен. Бул жөрөлгөдөн кийин «ооз жоолар» беришкен. Ооз жооларды уул жак алып келет. Буга эки чоң ирик (чары), жер-жемиштин бардык түрлөрү. Башкача айтканда патир, токоч, нан, боорсок, чий боорсок, каттама, чабаты берилген. Бир карын май сөзсүз түрдө алып келинет. Ошол май менен бардыгына ооз тийгизишкен. Ошондуктан «ооз жоолар» деп аталып калган. Эки жак тең туугандарын, кошуналарын чакырып тойду өткөрүү тууралуу кеңешишкен.

 

Ал эми эки тараптын макулдугу менен той белгиленип, тойдун жүрүшүндө төмөндөгү каада-салттар аткарылган.

 

Кыз оюну - Сары-Кол кыргыздары эртең кыздын тою деген күнү «Кыз оюнун» ойноткон.Кыз оюнуна кыздын курбулары, кошуна кыздары, жеңелери келип коштоп ойнотушкан. Мында түрдүү тамак- аш даярдалып, ыр ырдап, селкинчек тээп,тоотмек, ак-чөлмөк ойношуп таң атканча кыздын көңүлүн ачышкан.Бул кыз оюну «Кыздын өспүрүм кези менен коштошуусу» деп аталган. Буга күйө бала катышкан эмес. Таң аткандан кийин кызды тойго аялдар даярдаган. Чачын жууп тарап беш көкүл кылып өрүшкөн. Ошол кезде кыздын энеси сандыгын башы бүтүн аялга ачтырып себин илген. Кыздын себин энеси жана кыз өз колдору менен жасаган.

 

Той башталардын алдында эртен менен «жилик эти» (койдун жилигин) ак кездемеге ороп, уул жак бирөөдөн шек билдирбей кыздын энесине карматуу менен мөөрөй алган. Эгерде кыз жак сактык менен уул тараптын жиликти алып барган адамынан жиликти тартып алса, уул жак жеңилген болот да, айыпка жыгылып акча же материал ж.б. нерсе берип жыгылыштуу болот. Эгерде кыздын энеси билбей жиликти алып алса, бир союшту уул жакка берүүгө аргасыз болот. Кыздын атасынын үйүнө чакырылган эл чогулуп келишет. Чектелген үйлөргө киргизилет да эт тартылыт, нан боорсок, таттулар берилет.

 

Тойдогу эт тартуу - Сары-Колдун эли илгертен эле койдун ар бир мүчөсүнө өзгөчө маани беришип анын касиеттерине көңүл бурушкан.

Мисалы;

Кары жилик- кары жиликти пайгамбарыбызга тартылган касиетин сыйлагандыгы, бир үйгө кешик болуп эки кары жилик кирсе, ошол үйгө кут кирээрин айтышкан,

Койдун төшү- төш этинен төштүн башын үйдөгү кыздардын уулусуна берген, кыз балага берилген. Эки куда үйлөргө кирип бата сурашат. Алардан бата тойго чыгарын эскертишет. Эки жактан батага чачила табактар даярдалат. Ушул мезгилде уул жак «аш алды» алып келет. «Аш алды» деген жөрөлгө уул жактан даярдалат. Бир чоң койду союп, койдун ичеги, карынын таза жууп, жоон ичегесине быжы куюп, ач ичегесине омуртка, арка сээрлерди кошо өрүп, өпкө куюп, капка ушуларды толук салып, толтуруп коюшат. Капка уул жактан чогулган аялдар шакек, сөйкө, билерик тигишкен. Даярдалган капты уул жактан эркек бала көтөрүп аялдардын алдына алып келген. Уулдун энеси кыздын энесине, б.а. кудагыйына баш-аяк сарыпай, кийим кечек алып келген. Кыздын кайын эжелери жана жеңелери кызга баш-аяк кийим, же болбосо «кай эне көрүндүк », «тай эне көрүндүк», «чоң эне көрүндүк», «кай эже көрүндүк» беришкен. Ушул учурда кызга көшөгө тартуу мезгили болгон, кыздын көшөгөсүн эки жеңеси тартып, аларга уул жактан көйнөк, жоолук берилген.

«Чач сылар» - деп койдун төшүн бышырып,уулдун эжеси көшөгөгө кирип кыздын чачын ошол төш менен сылап, төштөн оозандырган. Аны менен бирге сөйкө, билерик, шуру жана бир катар кийим берген. Андан кийин күйөө бала тараптан белек бечкек берилген.

 

Бул жөрөлгөдөн кийин кезек күйөө таңууга келген. Кыздын жеңелери башка үйдө олтурган күйөө баланы түрдүү тамактарды жасап тосуп алышкан. Андан соң күйөө жолдоштор шаңдуу ыр-күү менен күйөө баланы коштоп кыздын атасынын босогосуна келишкен. Алардын колун кыз өзү сайган жана түйгөн «Кол жоолуктарын» беришкен. Күйөө балага атайын шырдак, төшөк салынып даярдап кыз жактын кошуналары балдыз , кайнилери тосуп алышкан. Илгери тойдо бокчо басты болгон экен. Күйөө баланы таңардын алдында кийим кийгизген. Ошого кийимдерин көрсөтпөй, ачтырбай сыйлуу байбиче басып алып олтурган. Уул тараптан акча берип андан кийин бокчосун ачып бере баштаган. Азыркы кезде бул жөрөлгө азайып бара жатат.

 

Андан кийин күйөө таңуу аземи башталган. Күйөө балага кыздын атасы тарабынан арналган баш аяк кийим кийгизилген, кол жоолук берилген. Уулдун атасы селде чалып кийгизип, уулун «куш боо кут болсун» деп кутттуктоону баштагандан кийин анын артынан, уулдун башка тууган-уругу достору чекесине акча кыстарып куттукташкан. Кызды болсо кызыл тукаба менен чүмкөп, курбусу менен алып чыгышкан. Жеңелер бала менен кызды кызыл жоолук аркылуу бири- бирине таңышкан. Кыз үйүнө киргенден кийин күйөө баланын колуна суу куйган. Жаңы күйөө балага арналган дасторкон салынган. Дасторконго бир койдун эти, бир карын май, куюлган өпкө ундан жасалган тамак аштын түрлөрү, жер-жемиштер түрлүү тамактар коюлган. Бул даамдын барынан күйөө балага күйөө жолдоштор ооз тийгизип, анын сыпаалыгын, адамгерчилигин билдирет деп эсептешкен

 

Күйөө баланын алдына алынып келинген тамактар «тогуз табак»-деп аталган. Күйөөнүн астына чыккан табактар

«кайнэне табак»,

«балдыз табак»,

«чоң эне табак»,

«тай эне табак»,

«кайнэже табак»,

«жеңе табак»- деп аталган.

 

Уулдун атасы бул табактардын ар бирине малды баш кылып акча берип куру кайтарган эмес. Мисалы; «Кайнэне табака» бир кара мал жана акча берген. Күйөө таңуу учурунда кыздын жеңеси күйөө балага чай куюп сунганда, күйөө бала ордунан бир аз козголо берип, колун бооруна алып кайра жеңесине берген, жеңеси чайды алып кайра сунган. Ошентип үч жолу сунганда күйөө бала алып ооз тийип дасторконго койгон. Бул адептүүлүктүн белгиси катары деп эсептелинген. Берилген даамдын баардыгы күйөө бала тарапка өткөн. Андан соң аксакалдар бата беришип дасторконду уулдун энеси алган. Күйөө балага салынган шырдак менен төшөктү уулдун жеңелери алган.

 

Албетте, ар бир райондун айылдын, уруунун ортолорунда үйлөнүүгө байланыштуу каада- салт, үрп- адат, ырым –жырым айырмаланышы мүмкүн. Өзгөчө түштүк менен түндүк региондорунда, памирлик, кытайлык кыргыздардын бул жагдай боюнча айрым өзгөчөлүктөрү бар. Бирок кыргыз элинин түпкү түшүнүгү жана колдонулушу негизинен бирдей.

 

Айтайын дегеним мурунку жашап өткөн аксакал, санжыра билген карыяларыбыз, ырчы, жамакчы билген ак элечек энелерибиз, ата салтын туу туткан Мургаб эли да, ушул күндө үйлөнүү тоюна байланыштуу каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымды аздектеп, келечек муунга мурас катары сактап келет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены