САРЫ-КОЛ: Кара-Көл баяны

САРЫ-КОЛ: Кара-Көл баяны

Кара-Көл көлү - Сары-Колдун күзгүсү

 

Кара-Көлдүн көлү илгерки замандан бери эле болуп, аны мурун “Караңгы-Көл” деп аташкан. Анткени, көлдүн түбү ачык көрүнбөгөндүктен, тереңдигинен улам ушундай аташкан окшойт. Көлдү ар тараптуу терең изилдешкен деле илимпоздор боло бербеди. Анча-мынча келген орус экспедициясынын айтуусунда кээ бир жерлери 20-250 метр, кээ бир жерлери 350 метр тереүдикте деп айтылат. Узундугу 35 км, ал эми туурасы 22 км. Кара-Көлге төрт агын суулар куят. Алар: Ак жылганын, Дацкай, Кара-Арт жана Муз-Көлдүн агын суулары.

 

Мурдагыга салыштырмалуу азыр көл бир эсеге көбөйгөн, азыр да жылдан-жылга толуп келатканы байкалат, анткени ал эч жакка агып чыкбайт. Кээ бир адамдардын айтуусунда жай айларында көлдүн бетинде ортосунда бир чоң же жаныбарга же балыкка окшобогон жаныбар пайда болуп, бир нече мүнөт сүзүп жүрүп кайра жоголот дешет. Бул көрүнүштү байкаган малчылар тоолордон дүрбү менен көрүшкөнүн айтышат. Аксакалдардын айтуусунда көлдүн түбүндө чоң ак үй, чоң ак буура, бир ат бар, же куйрук жагын тоо-таш басып калган чоң балык бар деген сыяктуу уламыштар да кездешет. Кантсе да, көл терең изилденген эмес, азыр да жатканы жаткан. Мындан сырткары Кара-Көл аймагында бизге белгисиз көптөгөн гүмбөздөр, гөрүстөндөр, мазарлар толуп жатат.

 

Кокуй-Бел

 

Биринчи вариантта

Кокуй-Бел жайлоосунун тарыхы тээ илгерки замандарга туш келет. Бир жесир аял балдары менен жашачу экен. Ошол жесирликтин айынан көп түйшүк тартып, кайдадыр сапар тартып баратып, ушул жерге жеткенде бели ооруп калат. Ооруганына чыдабай: “Икий, кокуй белим!”-деп белин кармап туруп калат. Ошондон улам бул жер “Кокуй-Бел”, деп аталып калган деген эл оозунда кеп бар.

 

Экинчи вариантта

Анын аталышы илгери Чоң-Алай менен Сары-Колдун байланыш-катнаштыруучу бел болгон. Белең кийиктен ашып келген өтө татаал, кыйын ашуу болуп, ал белден ашып өтүп баратканда кокуйлап араң өтүшкөн. Ошондон улам, “Кокуй-Бел” болуп аталып калса керек.

 

Кара-Көлдөгү тулпар тууралуу

Кара-Көлдө бир тулпар ат бар дешет. Көл үстүндө чуркаса буттарынан жалын чыгат дейт. Илгери бир кедей адам жалгыз атын Кара-Көлдүн жээгине байлап, отко койчу экен. Күндөрдүн биринде дагы атын отко байлап коюп, өзү кыйшайып жатып, көзү илинип уктап кетет. Бир азда ойгонуп атын караса атынын жанында даты бир тулпар ат жүрөт, экөө болуп калган. Аябай кубанган баякы кедей байкуш, эртеси дагы келип, кыбылага жүзүн буруп жаратканга жалбарат: “Оо жараткан, бүгүн аттарды үчөө кыла көр,”-деп бата тилеп жатканда, кандайдыр бир үн угулат: -Эй, пенде, сен канаат-каниет кылбадьң, өзүңдөн көр,- дейт. Кедей шашып калат, аттарыны караса, аттар жок, көздөн кайым болгон. Ошол жалгыз тулпар ат Кара-Көлдөгү тулпар ат болсо керек. (Айтып берген: Турдубаева Орозгул-жазып алган: Досбекова Орозгул)

 

Кыз - Шейит

Кара-Көлдүн, Кокуй-Бел деген жылгасынын ичинде Туура-Булак деген жерде Кыз-Шейит деген мазар бар. Ал илгерки жоокерчилик замандагы бир окуядан улам, Кыз- Шейит аталып калган. Ошол мезгилде жалгыз үйлүү бир үй-бүлөө жашап, өзүнүн малы менен турмуш-тиричилигини өткөрүп турган экен. Бул революция жылдарына туш келип, жаңы курулуп жаткан Кеңеш Өкмөтүнүн аскерлерине бул үйдө басмачы жашайт, жаңы Өкмөткө каршы адамдын үйү деп чагымчылар жалган жалаа жаап, аскерлерди түн ичинде баштап келишет. Үйдөгүлөр кызуу уйкуда жатканда келип, боз үйдүн астыңкы курчоосун көрсөтүп, ушул жерден атсаңар ок тиет деп аттырганда, ашкананын оозунда жаткан бойго жеткен кыз “тарс” деген үндү угуп ыргып турат. Ашканага тиреген баканды кармап тура калганда, ок тийип, ошол бойдон жыгылбай жан берген. Ошентип бул үй-бүлө баардыгы атылып, мерт болгон экен. Бир-эки күн өткөндөн кийин, коңшу айылдагылар билип, келишип баарын атып салышканын көрүшөт. Баканды кармаган бойдон жөлөнүп кыз өлүп, катып калган экен. Айыл адамдары ошол жерде баарын жерге беришип, кереге-уук менен гөрүстөндүн үстүн жаап көмүшкөн. Ошондон баштап, ал жер Кыз-Шейит болуп аталып, шейиттер колдойт деп адамдар азырга чейин сыйынып, Кыз-Шейит мазары аталып калган. (Оторбай аксакалдын айтуусунда-жазып алган Досбекова)

 

Авлечтин баяны

Авлеч өзү олуя катарындагы акылман адам болгон. Кара-Көлдүн Даңкайында жашап, Кара-Көл өрөөнүнө көз арткан душмандарды киргизбей, коргоп турган. Ал кийик атып, кой союп жинин бир жерге төктүрүп, дөңсөөгө айланткан. Терилерини туздатып бир жерге жыйдырган. Ар жактан келген чоочун адамдар бул эмне деп сурап калышса, бул менин аскерлеримдин жеген кой-эчки, малдарынын бок-жини жана териси. Аларды багып, тойгозуп, кийимдер менен камсыздоо керек да, деп койчу экен, сыр алдырбай. Терилерин чарыкка, кийимге деп жыйып койдурдум дечү экен. Ошондо муну көрүп уккандын ээси ооп, ай мунун аскерлери көп турбайбы,-деп сестенип, коркуп калчу экен. Авлеч өтө бай да адам болгон.

 

Кашкардан келишип, Кашкарга хан кылып алалы деп чакырык ташташканда, ал макул болгон эмес, “Анда барып хан болгончо, Сары-Колдо кыл шорпо ичип, жыргап элим менен болгонум жакшы,”- деп макулдугун берген эмес деп айтылат элде. Ал ошондой акылдуу, амалдуу иштери, билгичтиги менен элине баш болуп, Сары-Кол элин сактап келген адам болгон. Ошол кезде Кашкарда ак кой өтүмдүү болуп, жакшы баалангандыктан Авлеч бай ак кой багып, бир жылганын ичин ак койго толтурган. Ошол жылга Ак-Жылга деп аталып калган.

 

Түлкү - Шейит

Бартанг өрөөнүндөгү Куу-Даранын Көк-Жар деген жеринде Сары-Кол элинин чоң айылы болгон. Ал айылдын тургундары малдуу болуп, бай жашаган. Элдери буудай, арпа эгишип молчулукта, токчулукта турмуш кечирип турушкан. Ошол айылдан акыл-эстүү Жаңыл мырза деген баатыр кыз чыккан. Ал мергенчилик кылып, элдерди эт менен камсыз кылып турган. Жаңыл мырза кыздын даңкы далайга угулуп, ага Түлкү баатыр жуучу болуп, жуучулар келип кетет. Түлку баатыр да Жаңыл мырзага учурашып, жолугууга келет, бирок кандайдыр бир себептер менен таарынышып калат. Жаңыл мырзага кекенип кеткен Түлкү баатыр кырк жигити менен кайра келип, Жаңылдын жоктугунан пайдаланып, айылын чаап кетет. Жаңыл мырза кырк кызы менен Түлкү баатырдын изине түшүп, жардын түбүндө казанга эт салып бышырып, шарактап кымыз ичип олтурганын көрөт. Ага чейин Жаңыл мырзанын канчык итин көргөн Түлкү баатыр “канчыктын канчыгы”-деп, каткырып, мыскылдап күлүшөт. Аны уккан Жаңыл мырза намыстанып, бир чети ызаланып, “Баатыр мени аялдыкка ала элек канчыкка теңеди. Аялдыкка алганда мага күн жок экен да”-деп, Түлкү баатырды жаа менен атат, ал ошол жерде мерт болот. Анын жигиттеринен да он-он беши өлүп кетет. Жаңыл мырза элин, мал-жанын бошотуп айылына кайтат. Түлкү баатырдын калган жигиттери кайра келишип, Түлкү баатырды, өлгөн жигиттерди ошол жардын түбүне көмүшкөн. Түлкү баатырдын сөөгү Мырза коргонго жакыныраак жерге коюлган.

 

Ок салдыр-Ата

Кызыл-Жээкте бир чоң айыл болуп, алар жакшы турмушта жашап турушкан экен. Андан Ыраң-Көлгө бир күндүк жол болгон, анда дайыма той-тамаша, оюн-зоок болуп турган. Ошол жердеги эки дарыясынын ортосунда бир бийик дөң болуп, анын үстүндөгү түздүгүндө ашык (ордо) ойношкон. Ушунчалык бейкут жашоо-турмушта жашап турган элге орустар келет деген кабар угулуп, азыркы Ок салдыр Атада тосушат. Катуу кармашуу болуп, орус аскерлеринин мизи кайтарылат. Алар Гүлчөдөн жардам алып, согуш кайра уланган кезде, орус аскерлери күчтүүлүк кылып, көптөгөн адамдар набыт болот. Акыры ата-бала калат. Атасы баласынын мылтыгына ок салып берип турган экен. “Ок сал, ата” дегенде баласына ок жаңылат, атасы мылтыкты алып атайын дегенде, “ок салдыр, ата”- деп баласы көз жумат. Ошондон улам, “Ок салдыр, Ата” деп аталып калган дешет. Чындыгында “Ок сал, ата” деп жүрүшөт. (Абдылдаев Матандин материалы)

 

Жаңы-Жер

Илгери эл жашабай, кийин адамдар көчүп келишип, жайыттарга конушуп, атын билбей эле “Жаңы-Жерге” келдик дешип “Жаңы-Жер” деп атап коюшса керек.

 

Белен-Кийик

Бул жерде кийиктер көп болуп, аңчылыкка оңой болуп эле “Белен-Кийик” аталып калса керек.

 

Чеп

Кара-Көлдүн борбору илгери Чеп болгон. Ал илгери жортуулдар болуп, жоо заманда душмандын кол салууларынан коргонуу үчүн айылды айлантып коргон чебин курушкан. Ошондон улам “Чеп” деп аталып калган экен. Кийин Совет доорунда колхоз, совхоздор уюшулуп, айыл өкмөттөрү түзүлүп Кара-Көлдүн борбору “Чеп” деген аталыш Кара-Көл деп аталып калды. (Каримов Бабаназардан жазып алган Паязханов Сейдахмат)

 

Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

С.Таджидинов, Ж.Ибраимова

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены