САРЫ-КОЛ: Көкөнбек бий - Памирдин миңбашысы

САРЫ-КОЛ: Көкөнбек бий - Памирдин миңбашысы

Карт тарыхтын кордугун көрүп, далай азабын тартса да чөкпөгөн, чачылып-тозуп, чайпалса да бөксөрбөгөн, түгөнүп баратканда чыйралып, кайра түтөгөн кыргыз урпагы кылымдарды карытып, бүгүнкү доорго чейин жетти. Артта калган катаал доордун "ач бел, куу жонунда" нечендеген улуттардын "сайда саны, кумда изи калбай" житип жоголгонуна күбөбүз. Биз алардын катарында кирип, дайын-дарексиз калбагандыгыбыз үчүн Жаратканга миң ирет тообо келтирип, ыраазылык билдиришибиз керек. Албетте, Кудайымдын колдоосу менен кыргызды эл ичинен чыккан Манас бабабыз баш болгон Кошой, Бакай, Семетей, Сейтек, Эр Төштүк, Курманбек, Эр Табылды, Жаныш-Байыш, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза өңдүү толгон-токой баатырлары сактап келди. Алардын эрдиги эл оозунда байыркы мезгилден бери тынымсыз айтылып, элдик эпоско айланганын билебиз. Ал доорго үңүлсөң, кыргыз ээлеген кең мейкиндик түндүгү Алтай, Эне-Сайдан башталып, Талкан менен Кундузга, чыгышы Тибеттен баштап Кавказга чейин кулач жаярын көрөбүз.

 

Бирок, замандын капшабы деген ушундай экен, кайчылаш келген тагдырда чабылып-чачылып, үстөмдүк кылган улуттардын саясый талаасында кертилип-кесилиппиз. Муну катаал тарых койнуна катып, мисирейип, түнөрүп турат. Биз мына ошондой саясаттын курмандыгына айланып, кыргыз ээлеген территорияга кирбей, сыртта калган Сары-Кол (Памир) кыргыздары жөнүндө учкай кеп козгоп, анан XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында азыркы Мургабтагы кыргыздарды 25 жылга чукул аралыкта "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай", үч державанын күрөшү жүргөн жерде өзүнүн кыраакылыгы менен кылдат саясат алып барган тарыхый инсан, Асандын уулу Көкөнбек миңбашы жөнүндө сөз кылалы.

 

Байыртан бери кыргыз мекендеп, 70 миң чарчы чакырымга жакын аянты бар Сары-Кол өрөөнүн азыр үч мамлекет ээлеп жатат. Сары-Кол жалпы аты. Аны жергиликтүү кыргыздардын жайлоосунун аталышы менен Памыл (Памир) деп да айтышат. Памир деген аталышы менен азыр кеңири белгилүү. XIX кылымдагы Англия, СССР, Кытай империяларынын баскынчы аскерлери Сары-Кол өрөөнүндө согушуп, сарыколчу кыргыздарды үчкө бөлүп салышкан. Бир бөлүгү Кытайда Ак-Тоолук (Опол, Музтаг-Ата) кыргыздар, экинчиси, Тажикстанда Мургабдык кыргыздар, үчүнчүсү Ооганстанда памирлик кыргыздар болуп бөлүндү. Чаташпаш үчүн, Мургаб бул - кыргыздын Нур каб, нурдун кабы деген сөзүнөн чыкканын айта кетүүбүз керек. Анткени, Мургаб дүйнөнүн чокусу делген бийик тоонун койнунда жайгашып, күндүн нуру өтө катуу тийген жерде жайгашкан. Ал эми үч өлкөгө караган (Тажикстанда, Ооганстанда же Кытайда болобу) Сары-Кол аймагындагы күн кечирип жаткан элдин азыр да 90 - 100 пайызы кыргыздар. Ошол өрөөндөгү жер-суунун аттары дагы бүкүлү бойдон кыргызча айтылат. Ал эми сарыколчулардын Россия империясына көз каранды болгон бөлүгү, азыркы Мургабдык кыргыздар 1924-жылга чейин Ош уьездинин курамында турган. Арийне, айрым тарыхчылар Сары-Колго кыргыздар жакынкы кылымдарда көчүп келгенин божомолдоп келишти. Бирок, ооздон-оозго айтылып, мурас катары сакталып келген кыргыздын ой-туюму, акыл-көрөңгөсү болгон эпостогу каармандары, Манас баштаган баатырлары жалаң Сары-Колдон чыкканы кыргыздын тамыры кайда жатканын тастыктап, тарых бүктөмдөрүн козгоп койду.

 

Мына ошол Сары-Колдун бир бөлүгү болгон Мургабдык кыргыздардын кыдырша уруусунан чыккан Көкөнбек миңбашы эл үчүн, кыргыз үчүн Опол тоодой эмгек сиңиргени бүгүнкү күнгө чейин эл арасында кеңири айтылып келет. Бирок, жалпы этникалык кыргыздарга тиешелүү болгондой, Мургабдан чыккан чыгаан инсандарга мамлекеттик деңгээлде кеңири изилдөө иштери жүрө элек. Элдин оозунда айтылып калган улуу сөздөр менен гана кечээки баатыр бабаларыбызды таанып отурабыз. Дегенибиз менен, биздин доордон бир кылым мурда жашап өткөн Көкөнбек миңбашы жөнүндө билген сарыколчу аксакалдардын бири да калган жок. Бирок, Көкөнбек миңбашы адегенде Мургабдан Бадахшанга чейин, кийин Кара-Көл менен Бартаңга дейре каккан казыктай бийлик жүргүзгөнү айтылып келет. Азыр Кара-Көл айылынын Жаңы-Жер деген жайлоосунда Кашкардан усталарды алып чыгып миңбашы салдырган коргондун чулдусу, жүздөгөн тажиктерди чанач менен суу ташытып, Оксалдыр-Атада кайын энесине курдурган күмбөзү турат. Ал эми кайсы жылдары миңбашы болгону, качан кеткени жөнүндө так маалымат жок. Бирок, кыйчалыш мезгилде, үч державанын талашы жүрүп жаткан маалда бийликте турганы талашсыз чындык. Миңбашы атабыз болжол менен 1920-жылдары ажылыкка жол тартып, Мекеге бир күнчүлүк жол калганда жарыкчылык менен кош айтышканын бирге кеткен сапарлаштары айтып келген экен.

 

Көкөнбек миңбашынын жогорудагы сүрөтү Шпилконун архивинен алынып, 1987-жылы жарык көргөн Памир китебинде "В юрте богатого киргиза. Восточный Памир 1910 год." деп берилген эле. Муну Көкөнбек миңбашынын небереси, 3-4 жашында чоң атасын көрүп калган Мамытов Мыйман аксакал 80 жашка таяп калган учурунда китептен таанып, сүрөттө миңбашынын балдар-кыздары, казысы жана кол алдында иштеген жигиттердин бири тартылганын небере-чөбөрөлөрүнө айтканы бар. Бирок, "богатый киргиз" дегени мургабдык кыргыздардын кээ бирин бүдөмүк ойго түртүп, "Кудайберген бай деген киши болушу мүмкүн" деген божомолдорду жараткан. Буга Кыргызстандын тарых музейинде сакталган архив так жообун берди. Анда аталган сүрөткө "Көкөнбек миңбаши со своей семьей. Конец XIX начало ХХ века" деп так жазылып, сакталыптыр. Анан да көкүрөгүндөгү орден-медалдар жана болуштуктун белгиси жөнөкөй байдын эмес, мамлекеттик ишмердин сүрөтү экендигин тастыктап турганын тана албайбыз. Дегенибиз, Көкөнбек миңбашы - "миңбашы" деген наам менен элдин эсинде сакталганы менен, болуш да болгонун сүрөттөгү болуштуктун белгисинен билип отурабыз. Ал эми датка наамын алганын Мамытов Мыйман атабыздан укканбыз. Даткалык наамды билдирүүчү алтындан жасалган орденин Сары-Колдун кытай тарабында калган кызы Алмахандын колунда калганын айтып калчу. Ошол эле маалда Көкөнбек миңбашы бий да болгонун береги мөөрлөр далилдөөдө.

 

Ак күмүштөн жасалган мөөрлөрдүн эң кичинекейинде "Хасандын уулу Көкөнбек" деп, андан чоңураагында "Хасандын уулу Көкөнбек бий" делинип, эски орус тамгасы менен сыртында "Хасанбаев" деп кошумчалап жазылыптыр. Береги кооздолгон, оймо-чийме түшүрүлгөн эң чоңунда "Хасандын уулу Көкөнбек бий, Памирдин миңбашысы" деп турат. Көкөнбек миңбашыга "Памирдин миңбашысы" деген наам Россия империясы тарабынан берилгени маалым. Дегенибиз, Кыргызстандын ичинде жана сыртында жашаган кыргыздардын арасында даңазасы таш жарган датка жана хандардын дагы Көкөнбек миңбашынын мөөрлөрүндөй болгон үч даражадагы белгини бергени эмес, өздүгүн аныктаган жалгыз мөөрү болбогонун турмуштан көрүп, күбө болуп келе жатабыз.

 

Бирок, ызы-чууну катуу салып, кыргызды бөлүп-жарып, тентитип-тозутуп, кан төккөндөр гана айтылып, ал эми Көкөнбек миңбашыдай болуп эл-жердин бүтүндүгүн сактаган Сары-Кол (Памир) кыргыздарынын кыйын уулдарына тарых да, тарыхчылар да өз баасын бере элек. Биз өз жеринен, элинен качып-бозгон хан-бектерди туу тутпай, мына ушундай бабаларыбызды урпактарга үлгү кылганда гана оңолобуз. Чымындай жанын артык көрүп, жалгыз башын калкалоо үчүн жалпы кыргыздын тагдыры менен ойногон эрендерди улут сыймыгы катары аздектебей, өз эли, өз жери үчүн жанын аябай, элин-жерин сактоодо кара башын канжыгага байлаган баатыр аталарыбызды акыл менен таразалап, ажыратып, аларды кастарлаганга көнгөндө гана таза муунду тарбиялай алабыз, келечегибиз да болот.

 

Булак: "Учур"(М.Э)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены