Райондун төрагасынын райондун жамааттарына болгон расмий иш сапары (сүрөт)

Райондун төрагасынын райондун жамааттарына болгон расмий иш сапары (сүрөт)

Июнь айынын биринчи жумасы. 2018-ж. Райондун төрагасы, Тажикстан республикасынын Оли Мажилисинин Улуттар Жыйынын мүчөсү М. А. Жоошбаев Аличор, Ыраң-Көл жана Г. Бердибаев жамааттарына расмий иш сапарында болду. Бул иш сапарынын негизги максаты Аличор жамаатындагы “Келечек” балдар бакчасындагы тарбиялануучулар үчүн курулган оюн жана эс алуу аянтчасын ачуу, аталган жамаатардагы суу коркунучунун алдын алуу үчүн суу тосмолорун кабыл алуу жана аталган жамааттын жашоочулары менен жолугушуп, эл- дин жашоо-турмушунан кабар алуу болду. Жумушчу топтун курамында райондук ӨККнин (КЧС) жетекчиси Б. Жусупов, райондук суу чарбасынын жетекчиси Ташбеков Исмаил (Алтынбек), ГУСАДдын башкы инженери Ажи Газыбеков ж.б.лар болушту.

 

Баарына белгилүү болгондой, Аличор жамаатындагы 15 баланы тарбиялаган жана Низаева Айжаркын жетектеген “Келечек” балдар бакчасы 2011-жылдан бери элдин алкышына татып иштеп келүүдө. Жаш бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн бул балдар бакчасында бөбөктөрдүн ойноп, эс алуусу үчүн аянтчанын жоктугу мындагы тарбиячыларды да, ата-энелерди да, ал эмес балдарды да бир өкүндүрүп келген эле. Мына эми алардын көксөгөн мүдөөсү ишке ашып, бөбөктөр үчүн татынакай оюн аянтчасы курулуп, ал эмес айланасы, бакчанын алды атайын тосмолор менен курчалып, бакчанын имараты өзгөчө кооздукка бөлөндү. Муну көргөн ар бир бөбөктөрдөн тартып, алардын ата-энелери жана жалпы эле жамаат тургундарынын маанайлары көтөрүлүп, кубанычтары чексиз болуп турду...

 


Бул тарбиялануучулар үчүн курулган оюн жана эс алуу аянтчасын ачуу аземинде Тажикстан республикасынын Оли Мажилисинин Улуттар Жыйынын мүчөсү, райондун төрагасы М. А. Жоошбаев өзү ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Райондун төрагасы өз сөзүндө жергиликтүү тургундарды бүгүнкү кош майрамдары менен куттуктап, Улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу урматтуу Президентибиз Э. Рахмондун, Тажикстан Өкмөтүнүн Мургаб районуна көрүп жаткан камкордугуна, райондогу түрдүү экономикалык өсүштөргө кеңири токтолду. Ошонун негизинде районубуздагы мекеме-уюмдар менен катар жеке коомдук уюмдардын, жеке ишкерлердин да иштери алгалап, бул күндөрү кээ бир жеке ишкерлер өз элинин, өз жеринин гүлдөп өсүүсүнө салымдарын кошууда, -деп белгилеп кетти төрага. 

 

raiondun-toraga-raiondun-zhamaattaryna  2

 

Акыркы жылдарда дал ушул Аличор жергесинде өз эмгеги жана мээнети менен элдин алкышына татыган, райондун сыймыгы болгон, бүгүнкү бул кубанычты тартуулаган дал ушул элдин чыгааны, “Бүргүт” (Бүркүт) коомдук уюмунун жетекчиси Атабаев (Махан) Мухамедали Осмонович деген жигитке жана анын ишкер тобуна өз ыраазычылыгын билдирди. М. Атабаевдин жана анын ишкерлер тобуна ден соолук, иштерине ийгиликтер каалады. Районубузда ушундай эл алкышына татыктуу болгон чыгаандардын чыга берүүсүн, алардын ар бири өз эли-жерине дал ушул жигиттей кызмат кылуусун тилек кылды. Андан ары райондун төрагасы районубуздагы жүрүп жаткан ири курулуштар, райондун келечегиндеги көптөн үмүттөндүргөн долбоорлор жөнүндө, аны менен катар жаштардын жумушсуздук маселесинин чечилүүсүндө Аличор жамаатындагы “Ак жылга” кен иштетүү фирмасынын жана райондун борборундагы кайнаган жумуштар, курулуштардын ролун баса белгиледи. Учурда болуп жаткан иштерге жашоочулардын, айрыкча жаштардын көңүлүн бурду. Сөзүнүн акырында бакчанын эмгек коллективине, жалпы эле жашоочуларга жакшынакай каалоо-тилектерин арноо менен бөбөктөргө белектерди тапшырды. Бул салтанаттуу аземди А. Жолдошбаев, Т. Турдукулов, М. Атабаев, А. Низаева ж.б.лар куттукташып өз белектерин тапшырышты.

 

raiondun-toraga-raiondun-zhamaattaryna  3

 

Салтанаттын акырында аталган балдар бакчасынын бөбөктөрү эсте каларлык, маанай көтөрүп, купулга толгон концерттик программа тартуулашып, көрүүчүлөрдүн терең ыраазычылыгына ээ болду. Аталган аземдүү салтанаттан соң райондун төрагасы Аличор жамаатынын тургундары жана активдери менен баарлашып, жамааттын эл өкүлдөрүнүн кезексиз сессиясына катышты. Жамааттын эл өкүлдөрүнүн кароосуна жамааттын төрагасы Абдыманап Жолдошбаевдин өз ыктыяры менен иштен бошотуу боюнча арызын карап, төрагалык кызматка Жолукеев Абдувасинин талапкердигин койду. Төраганын койгон сунуштары Аличор жамаатынын эл депутаттары тарабынан көпчүлүк добуш менен жактырылды жана Жолукеев Абдуваси жамааттын төрагасы болуп шайланды. Сессиянын жүрүшүндө Тажикстан республикасынын Оли Мажилисинин Улуттар Жыйынын мүчөсү, райондун төрагасы М. А. Жоошбаев эл өкүлдөрүнө райондогу жана жамааттагы маанилүү иш чараларга активдүү катышуу менен эли-жерибиздин гүлдөп өнүгүүсүндө зор салым кошот деген ишеничин билдирди.

 

raiondun-toraga-raiondun-zhamaattaryna  4

 

Жуманын бул күндөрү райондун төрагасынын тынымы жок иш сапары андан ары уланып, райондогу жамааттарындагы суу кырсыктарынын алдын алуу боюнча Тажикстан Өкмөтүнүн, Өзгөчө кырдаалдар оюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Э.Рахмондун 03. 03. 2018-ж. №31/1-1, райондун төрагасынын 19.05. 2018-ж. №146 чечимдеринин аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында жогоруда аталган жамааттарда болду. Айтып өтсөк, Ыраң көлдөгү селден сактануу каналы бүтсө, Суу башыдагы дарыя жээги бекемделген. Ал эми Г. Бердибаев жамаатындагы Ниязек участкасында дарыя жээги бекемделсе, мындай иштер Кызыл рабат, Баш гүмбөз ж.б.жерлерде да бүткөрүлгөн. Бул иш чараларды жүргүзүүдө райөкүмөттүн тикеден-тике жетекчилиги жана көзөмөлүнүн негизинде жамаатар, жергиликтүү тургундар менен бирдикте райондук ӨККнин (КЧС) жетекчиси Б. Жусупов, райондук суу чарбасынын жетекчиси Ташбеков Исмаил (Алтынбек), ГУСАД- дын жетекчилиги жана башкы инженери Ажи Газыбековдордун да салымы менен учурда белгиленген иштер ийгиликтүү жыйынтыкталган. Бул иштерде Аличор АФХнын трактору жана ГУСАДдын техникалары пайдаланылып, күйүүчү майлар менен райондук суу чарбасы ишканасы жана ӨКК (КЧС) камсыздап, чоң жардамдар берилген. Райондун төрагасы М. Жоошбаев суу жээктерин бекемдөө (БУР), сел кырсыгынан алдын алуу үчүн казылган каналдардын иштери боюнча кеңири таанышып, андан аркы иш чаралар боюнча жамаат жетекчилерине дагы ой-сунуштарын менен, так көрсөтмөлөр берди.

 

Райондун төрагасы жеринде кээ бир маселелерди чечип берди. Айрыкча, акыркы мезгилде Ыраң көл жамаатындагы жер алдындагы суу деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам үйлөрдүн дубалдары жарылып жатканы маалым. Ошондон улам үйүнүн дубалдары түшүп калган Абдиламит акеге жер тилкесин бөлдүрүп, убактылуу башпаанек үй маселесин чечип бергенине бул үй бүлө жана айыл тургундары абдан кубанып, төрагага алкыштарын айтышып, жергиликтүү гезит аркылуу ыраазычылык билдирип коюуну өтүнүштү. Райондун төрагасынын бир жума ичиндеги бул иш сапарында кошо жүрүп, бардык эле калкыбыз биле бербеген канчалаган иштер бүтүп, кандай гана иштер жүрүп жатканына күбө болдук. Ылайым эли-же- рибизде жакшылыктуу иштер алгалап, сапарлар байсалдуу боло берсин!

 

"САРЫКОЛ" пресс

Агай

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены