Памирлик кыргыздарга жардам берүү менен көйгөй чечилбейт

Памирлик кыргыздарга жардам берүү менен көйгөй чечилбейт

16-кылымдан бери тилин, улутун сактап, жыл бою суук болгон катаал шартта жашап келе жаткан, бирок цивилизациядан артта калган, окуганды жана жазганды дээрлик билбеген, кыздарын 11-12 жашында эле турмушка узаткан кыргыздар бар десе айрымдар ишенбеши мүмкүн.

 

Биз сөз кылып жаткан боордошторубуз Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган кыргыздар 3000-5000 метр бийиктикте климаттык катаал шарттарда күн кечирет. Алар жоголуп кетүү коркунучунда турган этникалык кыргыздар. Аларда эне менен ымыркайдын өлүмү өтө жогору. Бири дагы андан куру калган эмес.

 

 

Үй-бүлөдө 6- 9 же болбосо андан көп бала төрөлгөнү менен, бир-эки күн же бир жаштан беш жашка чейин жашап эле чарчап калышкан. Колдорунда калганы бир-эки эле перзент. Соода-сатык иштери да дээрлик жокко эсе. Андыктан, алар көбүнчө эт жана сүт азыктарын гана пайдаланышат.

 

Мына мекендештер ушундай жан кейиткен абалда калган кыргыздардын көйгөйү кылымдар бою чечилбей, алар кыргыздарды көргөн сайын, “бизди көчүрүп кетишээр бекен” деп үмүт кылып отурушат.

 

Бирок кыргыз өкмөтү тарабынан алгылыктуу иш жүргүзүлбөй, аларга анча-мынча гуманитардык жардам көрсөтүү менен чектелип келет.

 

16-декабрда кезектеги жыйын өтүп, Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Чоң жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча 2017-жылга карата Иш-чаралар планы талкууланды.

 

Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Алмазбек Асанбаев маалымдагандай, Кичи Памирде 208 үй-бүлө, ал эми Чоң Памирде болжол менен 273 үй-бүлө жашайт. Учурда этникалык кыргыздардын жалпы саны 2 миңге жакын адамды түзөт.

 

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Өкмөтү тарабынан этникалык кыргыздардын кайрылуусу каралып, аларга тиешелүү жардам берүү үчүн керектүү чечимдер кабыл алынаарын баса белгиледи. Бул үчүн өлкөнүн бюджетинен атайын керектүү каражат каралган.

 

Бирок итке сөөк ыргытып алдагансып айда-жылда бир жардам берип коюу менен Памир кыргыздарынын көйгөйү чечилип, жашоосу куунак болуп калбасы баарыбызга эле белгилүү. Миллиондогон каражаттарды коротуп, суткалап жол жүрүп, бир топ чыгымдарга учурап Памир кыргыздарына барып жардам көрсөтүүнүн ордуна аларды мамлекетибизге көчүрүп келүү жагын карасак маселе түп тамыры менен чечилет беле…?

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены