Памирлик кыргыздар Жалал-Абадта, андан Нарынга (сүрөт)

Памирлик кыргыздар Жалал-Абадта, андан Нарынга (сүрөт)

Афганистандын Памиринде жашаган 33 кыргыз Кыргызстанга алып келинди. Бүгүн Жалал-Абадга токтоп эс алышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Буга чейин вице-премьер Чолпон Султанбекова көчүрүлүп келген 33 кишинин көбү балдар экенин айтып, алар бул жактан билим алышарын белгилеген.


Алгач Ошко, андан кийин Жалал-Абадга келген памирлик кыргыздар жолдон токтоп, кафелердин биринде тамактанышкан. 16 жаштагы Турганбай мекенине келгенине абдан кубанып жатканын Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирген.


"Биз Памирден бул жакка окуганы келдик. Абдан кубанып жатабыз. Бизге көңүл буруп, жакшылык кылганыңыздар үчүн ыраазычылык айтам", — деди Турганбай.

 

pamirlik-kyrgyzdar-zhalal-abadta-erten-narynga 2 pamirlik-kyrgyzdar-zhalal-abadta-erten-narynga 3
pamirlik-kyrgyzdar-zhalal-abadta-erten-narynga 4 pamirlik-kyrgyzdar-zhalal-abadta-erten-narynga 5

 

Памирлик кыргыздар эми Жалал-Абаддан Нарын шаарына алып келинип, аларды аймактарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт.


Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жүк салынган бир нече автоунаа жөнөтүлгөн.

 

pamirlik-kyrgyzdar-zhalal-abadta-erten-narynga 6

 

Учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу жана Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде сегиз айыл, 208 кожолук бар, анда 1200дүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирдеги алты айылда 825 адам күн кечирип келет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены