Памирлик кыргыздар Кыргызстанга келүүнү эңсейт

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга келүүнү эңсейт

Памирлик кыргыздар берилген жардамдан мурун, кыргыз өкмөтүнүн көңүл буруп, унутта калтырбай эстегенине ыраазы болду. Акыркы жолу Кыргызстандан жардам 5 жыл мурун берилген. Тажик жана ооган күч түзүмдөрү өз аймактарында абал туруктуу эмес, келген топтун коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз деп уруксаат бербей келгендиктен, өкмөттүк өкүлчүлүк Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздарга көмөк бере алган эмес. Бул ирет баары ийгиликтүү болду.

 

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Бакытбек Исаков: “Памирлик кыргыздар жардам бергенибизге ыраазы болду, бирок алар өздөрүнө кыргыз өкмөтү тарабынан көңүл бурулуп жатканы маанилүү экенин белгилешти.

Бул демилге мурун эле көтөрүлгөн, эми ишке ашып отурат. Чек аралардан тоскоолдук болгон жок. Биз миссиябыздын ишке ашуусуна Тажикстандагы мургабдык кыргыз туугандарга абдан ыраазы болдук. Алар жолдон тосуп алып, барчу жерибизге чейин коштоп барып, баардык тараптан көмөк көрсөттү. Кыргыз өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирем.” Экспедициянын курамына “Замандаш” ассоциациясы кирип, жардамга салымын кошкон. Сырттагы мекендештер менен тыгыз байланыштагы бул уюм, мындан ары дагы колдоо кылууга даяр экенин билдирди.

 

 

“Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев: “Быйылкы экспедицияга биз шашылыш түрдө кошулуп калдык, өз салымыбызды кошууга аракет кылдык. Бир аз эте болгондо сыртта жүргөн мекендештерибиздин жардамын да ала келмекпиз. Эми көрүп алдык жолду келебиз дагы.” Кыргызстандан келген топту памирлик кыргыздар жана Ооган бийлигинин өкүлү жакшы тосуп алды.

 

Чоң Памир кыргыздарынын ханы Турду Акун-ажы: “Силердин бир ийне учундай жардам кылганыңар тоого барабар көрөбүз. Кабар алып, кыргыз деп издеп, унутпай 3 мамлекетти кесип, келгениңерге чоң ракмат, кулдук.”

 

Ооганстандын Вахан районунун өкүлү Валижан Жанмамат: “Ушинтип кыргыз туугандардан кабар алганыңарга чоң рахмат. Биздин өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирем, бул жактагы азчылык улуттагы кыргыздар жашаган жерде мектеп, жол жана башка шарттар жок. Ошонун баарын эске алып жардам колдоо кылганыңарга ыраазычылык айтам.

 

Баардык жагдай менен таанышып кайткан эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Бактыбек Исаков, Памир кыргыздарына натыйжалуу колдоо көрсөтүү боюнча атайын документ иштелип чыгуу зарыл деген пикирде. Ал бүгүн маалымат жыйынында, терең анализ жасап чыкмайын - бул көйгөйдү бир саатта чечүү мүмкүн эмес, ал үчүн бир нече убакыт бою олуттуу иш алып баруу керек”, - деп билдирди. Буга чейин ооган кыргыздарын көчүрүп келүү демилгеси коомчулукта көтөрүлүп, жыйынтык чыга элек.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены