Памирлик бийкечке айланган нарындык кыздар (сүрөтбаян)

Ар бир улуттун каада-салты, кийими, үрп-адаты болот эмеспи. Кийген кийимин карап, анын улутун дароо таанысак болот. Бул жолу Улуу жана Кичи Памирдеги аялзатынын улуттук кийимдери жана чечмелениши тууралуу маалымат беребиз.

 

Улуу Памирден Кыргызстанга балдарын окутуу үчүн келип, учурда Нарын шаарында жашап жаткан 65 жаштагы Шарапат Абдыкалык кызынын айтымында, Памирде аялзаты башына жоолук жаап, тизеден ылдый узун көйнөк кийишет.

 

«Бизде дагы улуттук кийимибиз бар. Аялзаты кызыл түстөгү кийимдерге басым жасайт. Көйнөктөрүбүз тизеден ылдый болот. Жаш кыздардан тартып 40-45 жашка чейинки аялдар кызыл түстөгү көйнөктөрдү кийсе, 45 жаштан өтүп калгандарыбыз күрөң же күңүрт түстөгү кийимдерге өтөбүз. Силер байкап жаткандай, башыбызга кызыл жана ак түстөгү гана жоолук жабабыз. Аялзатынын турмушка чыкканын жана чыкпаганын ошол жоолуктардан айырмалап алсак болот. Бизде кыздар 17-18 жаштан турмушка чыгып баштайт. Ага чейин алар кызыл жоолук тагынышат. Турмушка чыкканда дароо эле ак жоолукка өтүп, өмүр бою ак жоолук салынышат», - дейт ал.

 

Шарапат апа өздөрүнүн кийимдерин колго эле тигип кийишерин кошумчалады.

 

«Памирде аялдар кийимдерибизди өздөрүбүз эле тигип киебиз. Баарыбызда кол машина бар. Жылтырак кызыл, жакшы кездемелерден сатып келип тигип алабыз. Кээ бир тикмечилер өзгөчө кылып тигип, белекке берип же сатышат. Чыптамаларга ар кандай топчу, шуруларды тигип алабыз. Кооз дагы көрүнөт, пайдалуу дагы», - деди ал.

 

Нарындагы Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары алардын кийимдерин кийип, памирликтер менен чогуу сүрөткө дагы түшүшкөн.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены