Памирден Таласка көчүп келген О.Султанова турмушка чыгып, чеберчилик менен алектенүүдө (сүрөт)

Памирден Таласка көчүп келген О.Султанова турмушка чыгып, чеберчилик менен алектенүүдө (сүрөт)

Талас районунун Кум-Арык айылынын 52 жаштагы тургуну Орозгүл Султанова 10 жылдан бери кыздардын себин даярдап киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

 

Өзүнүн айтымында, Таласка 2002-жылы Памирден көчүп келген.

 

«Мен өзүм Памирлик кыргыздан болом. 2002-жылы Памирде жашоо болбосун билип, туугандарыбыздын бири Талас өрөөнүнө алып келип жайгаштырган. Бул жакка келгенде 4 жыл кара жумушта иштеп күн өткөрүп жүрдүм. Кат сабатым жок болгондуктан башка жумушка иштөөгө мүмкүнчүлүк жок. Акыры кыз-келиндер менен биргелешип, кол өнөрчүлүктү үйрөнө баштадым. Кийин бара-бара баарын үйрөнүп, өз алдымча кийим тигип жүрдүм. Бул жакта бекер берүү деген болбойт экен да. Мен ар ким тамак-аш берип койсо ошого ар нерсе тигип берип жүрө бериптирмин. Бир эже менин кылганымды байкап калып, «сенин мээнетиңди баалаш керек, акы төлөп бересиз деп макулдашып, тигип берип жүр» деди. Кийин Кум-Арык айылына турмушка чыктым. Ошондон баштап кыздын себин жасап сата баштадым. Мага кездемени өздөрү алып келип беришет. 1 жуманын ичинде баарын бүтүрүп берүүгө аракет кылам. Бир кыздын 1 сыйра себи 6 миң сомго бааланат. Жууркан 150-300 сом, жаздык 500 сом, жер төшөк 200 сомдон тигилет. Бош убактымда курак куроо менен да алектенем», - деди ал.

 

Чебер айым жолдошу экөө 4 баланын тарбиялап жатышат.

 

pamirden-talaska 2 pamirden-talaska 5
pamirden-talaska 6 pamirden-talaska 7
pamirden-talaska 8 pamirden-talaska 9

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены