Памирден келген кыргыздарга калпак кийгизип, жоолук салышты (сүрөт)

Памирден келген кыргыздарга калпак кийгизип, жоолук салышты (сүрөт)

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтүп жаткан памирлик кыргыздардын ден соолугунан кабар алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

 

Маалым болгондой, облус башчысы Аманбай Кайыпов жетектеген мамлекеттик кызматкерлер кечээ, 19-октябрда этникалык кыргыздардын эркектерине ак калпак кийгизип, кыз-келиндерге жоолук салып куттукташты. Жолугушуу учурунда А.Кайыпов алардын Кыргызстанга аман-эсен келишкенин жана жакынкы убакта жергиликтүү маданият менен жакындан тааныштыруу иштери жүргүзүлө турганын билдирди.

 

Этникалык кыргыздардын атынан сүйлөгөн Абдырасул уулу Абдыкапар ден соолуктарына кам көрүп, балдарынын билим алуусуна бардык шарттарды түзүп жаткан өкмөткө, жергиликтүү бийликке ыраазычылыгын билдирди.

 

 

Медициналык кызматкерлердин айтымында, бийик тоолуу шартта, деңиз деңгээлинен 4000-5000 метр бийиктикте жашаган памирлик кыргыздарда жүрөк-кан тамыр оорулары көп кездешүүдө. Бирок жугуштуу илдеттер жокко эсе.

 

«Азыркы учурда аялдардын ден соолуктары текшерилип жатат. Ал эми 38 жаштагы кош бойлуу келин жылдын аягына чейин көз жарып калат», - деди медицина кызматкерлери.

 

Ушул жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Нарын шаарына келишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

 

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар.

 

2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

 

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены