Памирден келген А.Жээнбековдун үй-бүлөсү 1,2 млн сомдук үйлүү болду (видео)

Памирден келген А.Жээнбековдун үй-бүлөсү 1,2 млн сомдук үйлүү болду (видео)

Президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген Абдыбаит Жээнбековдун үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан 1 млн 180 миң сомдук 6 бөлмөлүү үй белекке берди. А.Жээнбеков жакында эле төрөлгөн уулуна президент Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарган.

 

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Президенттик фонддон 70 миң сомго үй эмеректери да алынган. Ошондой эле, облус башчысы А.Кайыпов Абдыбаит Жээнбековдун үй-бүлөсүнө бешик жана кийим-кече тапшырды.

 

Памирден келген Жанбүбү Маматзайым кызы жаңы төрөгөн уулун Алмазбек деп атаган. Ал 21-октябрда көз жарган.

«Жолдошум экөөбүз кеңешип, бизди мекенибизге алып келген президент Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарууну чечтик. Эгерде кыз төрөлсө Чолпон деп атамакпыз (вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын урматына)», - деди Жанбүбү.

 

pamirden-kelgen-a-zheenbekovdun 2 pamirden-kelgen-a-zheenbekovdun 3

 

Дарыгердин айтымында, учурда эне менен баланын абалы жакшы. «Ал Нарынга кош бойлуулуктун 34-жумасында келди. Анын абалы эске алынып, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулган. Бишкек шаарына жума күнү келип, эртеси — 21-октябрда өз күчү менен 2 кг 485 гр салмакта уул төрөдү. Ымыркай 7 айлык болуп төрөлүп, учурда абалы жакшы. Аны 26-октябрда төрөтканадан чыгарууга даярдап жатабыз. Азырынча адаптация боло электигине байланыштуу ымыркай ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө жаткырылат», - деген улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев.

 

 

 

Төрөт борбордогу башкы дарыгердин орун басары Салтанат Назаралиеванын жетекчилиги жана Гүлнура Мамамидинова баштаган дарыгерлердин катышуусу менен өттү. С.Назаралиеванын айтымында, бул ымыркай 38 жаштагы Жанбүбүнүн онунчу төрөтү.

«Жанбүбү эми 4 баланын апасы. Анын буга чейин 2 уулу жана 1 кызы бар болчу. Ал 10 жолу төрөп, бирок шарттын жоктугунан 6 баласы чарчап калган же өлүү төрөлгөн», - деп кошумчалады ал.


Ушул жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Нарын шаарына келишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.


Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.


Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены