Памирден келген 2 үй-бүлө Кыргызстандан кетүүгө ниеттенүүдө

Памирден келген 2 үй-бүлө Кыргызстандан кетүүгө ниеттенүүдө

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памиринен келген эки үй-бүлө Кыргызстандан кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттеги жыйында билдирди.

 

«Бир нече күн мурун Кыргызстанга келген памирлик кыргыздар менен жолуктум. Алар памирликтерди жылуу кабыл алып, жардам берген Нарын облусунун тургундарына ыраазычылыктарын айтышууда. Мага түшкөн маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келген памирлик үй-бүлөлөргө жер бөлүп берүү тууралуу убада берилип, бирок ал унутулуп калган. Албетте, ал үй-бүлөлөрдү Кыргызстанга алып келген жакшы, бирок өкмөт тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Мындан улам 2 үй-бүлө кетүүгө ниеттенүүдө. Бул чоң уят», - деди ал.

 

Ж.Акаев айрым маалыматтарга таянып, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нарын облусуна барарын кошумчалады.

 

«Өкмөттүн өкүлдөрү биздин билдирүүбүздү вице-премьерге жеткирүүңүздөрдү өтүнөм», - деди ал.

 

2017-жылы Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келген. Алардын ичиндеги кош бойлуу аял Бишкек шаарында көз жарып, уулуна мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгарган болчу. Нарын шаарынан памирлик кыргыздардын айрымдары кийин Ат-Башы жана Кочкор райондоруна көчүрүлгөн. Кийинчерээк Мамлекеттик миграция кызматы депутаттын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ведомствонун билдирүүсү боюнча, балдарын окутуу максатында келген этникалык кыргыздар Памирге жайкы эс алуу учурунда гана барышат.

 

Билдирүүдө: «Кыргыз өкмөтү аларды (памирлик кыргыздар) тажик-афган чек арасына чейин жеткирүү иштерин уюштурат. Бул үчүн өкмөт тарабынан тийиштүү иштер аткарылып жатат, тагыраагы Памирге барууну каалаган кыргыздардын тизмеси түзүлүп, тажик жана афган тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Этникалык кыргыздардын баары кетебиз деген жок, алардын көпчүлүгү жайкы эс алуусун Кыргызстанда өткөрүүнү көздөшөт», - деп айтылат.

 

Ал эми жер маселесине байланыштуу памирлик кыргыздар балдарын окутуу максатында келгенин эске алуу зарылдыгы айтылган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены