Памирден Алайга көчүп келген этникалык кыргыздарга мал алып беришти (сүрөт)

Памирден Алайга көчүп келген этникалык кыргыздарга мал алып беришти (сүрөт)

Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздар малдуу болушту. Бул тууралуу Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Райкан Орозбаева билдирди.


Анын айтымында, Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен келген бордошторго кечээ, 15-июнда президенттин убадасы менен мал берилген.


«Жалпы 17 үй-бүлөдө 71 адам бар. Ар бир үй-бүлөгө 1 баш жылкы, 1 уй торпогу менен жана 10 кой берилди. Айыл өкмөт тарабынан 1 боз үй алып бердик. Бардык памирликтердин малын алып, бир үй-бүлө жайлоого чыгат. Азыр айылда малды кармоо кыйын. Учурда бир үй-бүлө жайлоого даярданып жатат. Эртең көчөт. Бизде жайыт көйгөйү жок», - деди ал.


Алай районунун акимчилигинен билдиргендей, апрель айынын башында президент Садыр Жапаров Памирден келген кыргыздардын көйгөйүн жеринен угуп, ар бир үй-бүлөгө мал-жандык алып берүүнү убадалаган. Президенттин убадасы менен памирликтер 2 айдан кийин малдуу болуп отурушат.


2020-жылы мамлекет тарабынан Кичи жана Чоң Памирден көчүп келген кыргыздардан жалпы 17 үй-бүлөгө 11 үй курулуп, бүгүнкү күндө жалпы 71 адам жашап жатат. 44 жаранга Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттору берилген.

 

2 3
4 5
6 7

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены